Moderna: 94,5% натыйжалуу Covid-19 вакцинасы

вакцинанын жарыясы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Moderna Inc. компаниясы mRNA-1273 эксперименталдык вакцинасы сыноодон ийгиликтүү өтүп, коронавируска каршы 94,5% натыйжалуу экенин көрсөттү деп айтууда.

Буга чейин Pfizer вакцинасы сыноодон ийгиликтүү өткөнү кабарланган эле. Ошентип АКШда коронавируска каршы экинчи дары иштелип чыкты.

«Биздин вакцинабыз Covid-19 илдетин токтотот!»,-деген Рейтер агенттигине Moderna Inc. президенти Стивен Ходж.

«Бул абдан таасирленткен жыйынтык болду»,-деди АКШнын башкы эпидемиологу Энтони Фаучи. Коронавируска каршы табылган эки дарыны тең расмий каттоого алуу жана пайдаланууга уруксат берүү маселеси декабрда өтөт. Дарылардын коопсуздугу, тескери натыйжасы жок экени далилденгенден кийин гана колдонууга чыгарышат.

Буга чейин америкалык Pfizer компаниясы менен германиялык BioNTech компаниясы коронавирустун вакцинасын ийгиликтүү сыноодон өткөргөн. Жаңы жылга карата алар 40 млн доза чыгарууну пландап жатат. Ал эми Moderna 20 млн доза вакцина өндүрөт.

2021-жылга Moderna 500 миллиондон бир миллиардга чейин, Pfizer болсо 1,3 млрд доза чыгарууну көздөп турат.

Кытай менен Орусия болсо жакынкы күндөрдө өздөрү өндүргөн вакцина менен жапырт эмдөөнү баштаганы турат. Орусиялык «Спутник-V» вакцинасы өлкө ичинде август айында эле колдонууга уруксат берилген. 11-ноябрда аны иштеп чыккандар дарынын натыйжалуулугу 92% көрсөткөнүн билдирген.

Covid-19 пандемиясы башталгандан бери дүйнөдө 55 млн киши вируска кабылды. Анын ичинен 1,3 млн киши каза тапты. Азыркы кезде вирус кайрадан көп өлкөлөрдө күчөгөн темп менен жайылып, оор абал түзүлүүдө. (AbA)