Коронавирусту көчөдөн жуктуруп алууга мүмкүнбү?

мужчина в маске на фоне Темзы

Сүрөттүн булагы, PA Media

    • Author, Дэвид Шукман
    • Role, Би-Би-Си

Глобалдык пандемияны жараткан SARS-CoV-2 коронавирусу жабык имараттарда эң көп жугуп жатканы далилденди. Вирусту көчөдөн жуктуруп алуу коркунучу канчалык?

Айталы, жаныңдагы маектешиңден, жаныңан чуркап өтүп бараткан чоочун кишиден же аялдамада тургандардын бирөөсүнөн жугушу мүмкүнбү?

Эпидемиологдор мындай болушу мүмкүн дейт. Бирок вирусту жугузуп алуу коркунучу көчөдө азыраак. Ачык асман алдында кантсе дагы вирустун концентрациясы азаят. Ошондой эле чүчкүрүп-бышкыргандагы тамчылардан вирустун бөлүкчөлөрү дагы тез эле жок болуп кетет. Буга кошумча, күн ачык тийген жерде вирус тез өлөт.

Ушундай жагдайларга карабастан вирусту көчөдө жуктуруп алууга болот. Иликтөөлөрдүн биринде ачык абада сүйлөшүп турган кишилердин бири экинчисинен 15 минутанын ичинде вирус жуктуруп алганы белгилүү болду.

Ошондуктан бул жерде тобокелчилик бар. Ал эмнеден көз каранды?

Эки метрден алыс

Эгерде киши вирус жуктуруп алган болсо (өзү билбейт, эч кандай белгилери байкала элек), дем алганда, өзгөчө жөтөлгөндө вирустук бөлүкчөлөрдү чыгарат. Алар тамчы сыяктуу болуп, тез эле жерге түшөт. Бирок кайсыл бир бөлүгү көзгө, мурун же оозго түшүп калышы мүмкүн. Бул ал киши менен канчалык аралыкта турганыңызга байланыштуу. Ошондон улам бетме-бет турбагыла, аралыкты сакталыгла деп айтылып жатат.

лондонцы в Броквелл-парке 9 января 2021

Сүрөттүн булагы, Alamy

Канчалык жакын турсаңыз, ошончолук зыянынын тартасыз

Көчөдө сиздин жаныңыздан бирөө өтүп кетсе, аны менен көз ирмемге гана жакындаша түшөсүз. Мындай учурда андан инфекциянын кандайдыр бир дозасын алып калуу тобокелчилиги өтө эле аз.

Профессор Кэт Ноукстун айтымында, вирусту алып жүргөн киши бет маңдайыңызга келгенде чүчкүрүп же жөтөлгөн учурда гана инфекциянын белгилүү бир дозасын жуктуруп алууга мүмкүн. Же вирусту алып жүргөн киши чуркап машыгып жатса, артынан чуркап көп убакыт бир эле аймакта болуп калсаңыз дагы жуктуруп алуу тобокелчилиги болот.

"Бул жердеги кайгылуу фактынын өзү - эң чоң коркунуч сиз тааныган кишилерден келери",-дейт окумуштуу.

Ошентип окумуштуулар таза абада инфекциянын жугушу өтө кооптуу эмес деген пикирге келди. Бирок коркунуч тар, кишилер тыгылышкан жерлерде (базарда, автобус аялдамасында) жогору бойдон кала берет. Дарыгерлер ушул себеп менен беткап менен жүрүүгө милдеттендирип жатат.

двое бегунов в Бристоле

Сүрөттүн булагы, PA Media

Эгерде коронавирус жуктуруп алган киши алаканына чүчкүрүп, анан колун бирдемеге сүрткөн болсо, ошол буюмда вирус бир нече саатка сакталат. АКШ окумуштуулары таштанды челегинин туткасында жана жөө жүргүнчүлөр үчүн жол чырагынын кнопкасында вирус сакталып каларын таап чыгышты. Мындай учурда вирус жуктуруп алгандар болду. Албетте, масштабы чоң болбогону менен коронавирустун жугуу жолдорунун бири болуп калган. Кышында таза абада вирус көпкө чейин сакталарын эстен чыгарбоо керек. Алар төмөнкү температураны жакшы көрөт.

Вирустун эң көп тараган жолу

Вирустун көп тараган жолу - жабык имараттарда болгон. Баарлашуу, узак убакытка чейин бир имаратта болгондон улам тараган учурлары көп. Мындайда түрдүү жолдор менен жуктуруп алууга болот. Желдетилбеген имараттарда вирустун тамчылары абада калкып, узак убакытка сакталып кала берет.