Коронавирус менен бир жыл: Эмнени билдик?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кытайда коронавирустан биринчи бейтап каза тапкан окуядан бери бир жыл өттү. 2020-жылдын 9-январында Ухандагы базарга көп каттап жүргөн 61 жаштагы киши көз жумган. Анын өлгөнү тууралуу маалыматты кытай бийлиги эки күндөн кийин гана кабарлаган.
Бул коронавирустан көз жумган дүйнө жүзүндөгү биринчи бейтап беле же жокпу деген суроого эмдигиче так жооп жок. Бирок миллиондогон калк жашаган Ухань вирустун очогу катары, эки жарым ай сырт дүйнөдөн бөлүнүп калганы факт. Covid-19 тарап кетишинен чочулаган бийлик шаарды катаал карантинге алды.
Кытай бийлиги Ухандагы вирустун тарашын тездик менен токтото алды. Бирок вирус дүйнөнүн булуң-бурчуна тарап кетти. Бир жыл аралыгында 2 млн кишинин өмүрүн алып, коронавирусту жуктуруп алгандар болсо 90 миллиондон ашты.
11-январда белгилүү болгон сырдуу инфекция менен күрөшүүгө бүтүн дүйнөлүк илимий чөйрө тартылды. Жаңы аныкталган коронавирус Sars-CoV-2 деген аталыш алды. Вирус тууралуу биздин түшүнүктөрүбүз кандай өзгөрдү? Вирус тууралуу көп суроолордун жообу азырга чейин так эмес. Биз азыркы маалда белгилүү болгон жагдайларга токтолобуз.
Вирус баарына бирдей коркунучтуу

Сүрөттүн булагы, Reuters
Көптөр вирус өнөкөт оорусу бар же кары-картаңдарга гана кооптуу деп ойлойт. Коронавирус кимди болбосун өлүмгө жеткириши мүмкүн. Covid-19дан каза тапкандардын тизмесинде жаштар, эч кандай өнөкөт оорусу жоктор дагы бар.
Коронавирустан айыгуу бир нече айга созулушу мүмкүн

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Covid-19 менен организмдин күрөшү узак убактыка созулушу мүмкүн. Өткөн жылдын март айында эле окумуштуулар вирустун биринчи белгилери байкалган күндөн тарта бейтаптын сакайып кетиши орточо алганда 25 күнгө чейин созулаарын аныкташкан. Бирок бул статистика оор абалдагы бейтаптарга карап эсептелип чыкканын эскерте кетели.
Жыл соңунда организмдеги жашап кетүүгө жөндөмдүү вирустун үлгүлөрү оору жуккандан тогуз күндөн кийин аныктала турганы белгилүү болду. Бейтаптын жыт билүүсү эки айдан кийин калыбына келиши мүмкүн. Толук айыгып кетүү үчүн узак убакыт талап кылынат.
Соңку маалыматтарда эпидемиянын башталышында Ухандагы ооруканага түшүп айыгып чыккан 1700дөй бейтаптын төрттөн үчү жарым жылдан кийин деле Covid-19дун айрым сиптомдорун сезишкен.

Сүрөттүн булагы, Science Photo Library
Эпидемиянын башында оору тууралуу бүдөмүк болуп турганда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму профилактика катары колду тынбай жууп турууну сунуштады. Мунун өзү жакшы идея жана уюмдун сунушу ошол бойдон күчүн жогото элек: колду тынбай жууп туруу көптөгөн инфекциялардан коргойт. Бирок кийинки изилдөөлөр коронавирус сейрек учурда гана буюм-тайым же кол аркылуу жугаарын көрсөттү.
Вирустун тарашынын негизги жолу - чүчкүрүк жана жөтөлгөндө абага тараган тамчылар. Өзгөчө жөтөлгөн маалда вирусту таратат. Вирус сыртта буюм-тайымда, жерде калышы мүмкүн. Бирок ал жерде жатканда бир нече саатка гана коркунучтуу болот. Эң кооптуусу жөтөлүп, чүчкүргөн учурда чачыраган шилекей абада суткалап тура бериши мүмкүн. Вирус жабык, шамал кирбеген имаратта көпкө сакталат. Мына ушундай жайлардан вирус массалык түрдө жугууда.
Ачык абада вирусту жуктуруп алуу коркунучу төмөн болот.
Беткап сактайт

Сүрөттүн булагы, Reuters
Транспортто жана башка коомдук жайларда оозду, мурунду жаап жүгөн беткап тагууну Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперттери башынан эле эскертип келүүдө.
Көптөн мунун натыйжалуулугунан күмөн санашкан. Бирок кийинки изилдөөлөр бет кап вирустун тарашын азайта турганын көрсөттү. Ошол эле маалда бет кап кийип алып эле эл аралап жүрө бербей, социалдык аралыкты сактоо дагы өтө маанилүү чара.
Коргонуунун эң мыкты жолу - эмдөө

Сүрөттүн булагы, Reuters
Вирус аныкталгандан бир жылдан кийин дүйнөдө вакцинанын төрт түрү даяр болду. Вирус улам мутацияланып жатканына карабастан окумуштуулар келечекте жапырт эмдөө аркылуу иммундук коргонууга жетүү мүмкүн экенин ишендирүүдө.
Эмдөөнүн жыйынтыгы менен иммунитет оорудан табигый жол менен айыккандан айырмалуу болуп турат. Вирустан айыгып чыккан киши алты-сегиз ай аралыгында кайра Covid-19га кабылышы мүмкүн экенин изилдөөлөр көрсөттү. Бирок вакцина ойлоп тапкандар эмдөөдөн кийин эки жылга чейин вирустан коргойт деп ишендирип жатат. Албетте, буга ишенүү үчүн 2022-жылдын жайын күтүү керек. Ошондо тыянактар белгилүү болот .(AbA)









