Чүчкүрүү жана вирус: илимий изилдөөнүн тыянагы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
2020-жылы окумуштуулар инфекциянын аба аркылуу тараганы боюнча көп сөз кылып, социалдык аралыкты сактоодон тышкары санитардык эрежелерге көңүл бурууга чакырышты.
Учурда коронавируска каршы вакцина табылганы менен, вирус түзгөн коркунуч дагы деле бар экени улам эскертилүүдө. Көрсө, вирусту алып жүргөн микро-бөлүкчөлөр чүчкүргөндө же жөтөлгөндө мурда ойлогондон дагы кеңири тарайт экен.
"Атайын изилдөөдө адам чүчкүргөндөн кийин абага чыккан шилекейдин микро-бөлүкчөлөрү эки метрге чейин учуп барганы аныкталды",-деп түшүндүрдү Лафборо университетинин окумуштуусу Эмилиано Ренци. Изилдөөчүлөрдүн табылгасы Physics of Fluids журналына жарыяланды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Эмилиано Ренци, жардамчысы жана студенти Адам Кларк менен бирге чүчкүрүп же жөтөлгөндөн кийин бөлүнүп чыккан шилекейдин микро-бөлүкчөлөрүнө эмне болорун дыкат изилдешкен.
Сыноо учурунда окумуштуулар чүчкүргөндө өзөктүк бомба жарылгандан кийин пайда болгон шакекчелердей (козукарындай) булутча жаралганын байкашкан. Мындай физикалык феномендин пайда болгону шилекейдин вирусту алып жүргөн микро-бөлүкчөлөрү мурда ойлогондон дагы кеңири (радиоактивдүү калдыктардай эле) жайыларын айгинелейт.
Ренци айтымында, айрым учурда микро-бөлүкчөлөр алты метр аралыкка, үч метр бийиктикке чейин жеткен. Ал эми эң кичинекей бөлүкчөлөрдүн диаметри 30 микрометр болуп, абада бир топко чейин калкып турган. Кондиционер иштеп жаткан бөлмөдө болсо, вирусту алып жүргөн микро-бөлүкчөлөр бүтүндөй имаратка тарап кетүү ыктымалдуулугу болгон.
Андан тышкары окумуштуулар чүчкүрүп же жөтөлүп жаткандай ооз менен мурундун багыты дагы вирустун жайылышына чоң роль ойногонун аныкташты. Башкача айтканда, ылдый карап чүчкүргөндө микро-бөлүкчөлөрдүн жайылуу ыктымалдуулугу кескин төмөндөйт.
Окумуштуулар изилдөөсүндө математикалык божомолдор болгонун мойнуна алат жана вирусту алып жүргөн микро-бөлүкчөлөр жана алардын инфекцияны жуктуруу мүмкүнчүлүгү боюнча кеңири изилдөөлөр зарыл экенин дагы кошумчалайт. Бирок кошумча изилдөө керек экени башынан эле түшүнүктүү болгон.
Изилдөөнүн коомчулук үчүн маанилүү болгон жагдайы, коомдук жайлардагы жүрүм-турумдун этикетине көңүл буруу. Чүчкүргөндө ылдый карап, оозду жапса вирус аз тарайт. Ошондой эле түкүргөндө дагы шилекейдеги микро-бөлүкчөлөр абага чыгарын эске салалы. Аябай эле түкүрүү керек болуп жатса, четке басып барып, бактын түбүнө же арыкчага түкүрсө болот.
Бул изилдөө социалдык аралыкты сактоо дагы абдан маанилүү экенин дагы ачык көрсөттү.
"Албетте, эки метр аралыкты сактагыла деп айта албайбыз. Бирок жүрүм-турум маданиятына көңүл буруп, сөзсүз беткап кийип, чүчкүргөндө ылдый карасак вирустун тарашына бөгөт кое алабыз",-дейт Ренци.









