БУУ: Жапайы жаратылыштан келген вирустун жайылышы күчөйт

Сүрөттүн булагы, Reuters
Бириккен Улуттар Уюмунун соңку баяндамасына ылайык, алдыңкы жылдары жаныбардан адамга жуккан зооноздор кескин көбөйүшү мүмкүн. Аны алдын алуу үчүн жапайы жаратылышты коргоо зарыл, дейт БУУнун адистери.
Эксперттердин айтымында, Covid-19 вирусунун кеңири жайылышы жапайы жаныбардын этине болгон талаптан улам чыккан. Ошондой эле айыл чарбанын начар өнүккөнү жана климаттын өзгөрүүсү дагы абалды курчутуп жатат.
Адамга коркунучтуу зоонозго күйдүргү, шарп, бруцеллёз, тырышма, чума жана башка илдеттер кирет. Бул жугуштуу дарттардан жылына эки миллионго чукул киши көз жумат.
Ал эми Covid-19 пандемиясы соңку эки жылдын ичинде дүйнө экономикасын тогуз триллион доллар чыгымга алып барары айтылууда.
БУУнун баяндамасында эмне деп айтылат?
Баяндамада жапайы жаныбарлардан адамга жуккан вирустун көбөйүшү узакка созулган көйгөй экени баса белгиленет. Көп жылдар бою жаратылышка көңүл бурулбай, жер кыртышы бузулгандыктан жакыр жашаган адамдар аргасыздан жапайы жаныбарлардын этин колдонууда. Климаттын өзгөрүүсү дагы адам менен жапайы жаныбарлардын ортосундагы мамилени өзгөрттү. Мисалы, соңку 50 жылдын ичинде дүйнөдө эт өндүрүү 260 пайызга өстү.

Сүрөттүн булагы, AFP
"Соңку жүз жылдын ичинде алты жолу коронавирус коркунучу түзүлдү. Акыркы жыйырма жылда коронавирусту эске албаганда зооноздор жүз миллиард доллар чыгым алып келгени анык",- дейт БУУнун өкүлү Ингер Андерсен.
Адистин айтымында, зооноздордон жылына эки миллионго чукул киши көз жумат. Алардын көбү жакыр аймактарда жашаган кишилер.
Улуттар Уюмунун баяндамасы дүйнөнүн булуң-бурчундагы мамлекеттерге келечекте кандай стратегия колдонуу керек экенин сунуштайт. Өзгөчө айыл чарба тармагын өнүктүрүп, илимий изилдөөгө басым жасоо керек экени айтылат.
"Илим так көрсөтүп жатат, жапайы жаратылышты мындан ары дагы туура эмес колдонуп, экосистемабызды талкалап алсак, алдыдагы жылдары жаныбардан адамга жуккан вирустардын саны жогорулайт. Ошондуктан жаратылышты азыр коргоого алалы",- дейт Андерсен.













