Дүйнөдөгү эң кооптуу массаждын пайда болгонуна 2000 жыл

Сүрөттүн булагы, Louise Watt
- Author, Луиз Уатт
- Role, BBC Travel
Массаж үстөлүндө көмкөрөмөн жатып, ичимден кооптонуп сеанс башталышын күттүм. Массаж жасаган Эльза болсо колдорун машыктырып, көлөмдүү бычактарды ары-бери айландырып жатты.
Башында ал мендеги чыңалууну бошотуу үчүн колдору менен массаж жасады. Кийин ишке бычактар киришти. Эльза мага үчүнчү жолу денеңизди бош коюңуз деп суранганда гана көздөрүмду жумдум. Бычактар болсо ишин улантып, денемдеги ци энергиясынын агымын калыбына келтирип жатты.
Массаж бүткөндө уйкуда жаткандай абалда болдум. Көптөр анын денесин бычак менен 70 мүнөт массаж кылганына (бычактын мизи жок экенин эскерте кетүү керек) ишениши кыйын. Сырттан караганда өтө опурталдуу көрүнөт. Даоляонун ("бычак терапиясы" деп которсо да болот) физикалык жана эмоционалдык дарылоо касиети бар деп айтышат. Кытайдын салттуу медицинасында эки миң жылдан ашуун убакыттан бери колдонулат экен.
Адистердин айтымында, бычак терапиясы менен байыркы Кытайда монахтар гана алектенип келген. Тан династиясынын учурунда даоляо массажы Жапонияга жеткен. 1940-жылдагы жарандык согуштан кийин аны Тайванда колдоно башташты.
Азыркы маалда Кытай менен Жапонияда мунун адистерин табуу оңой эмес. Ал эми Тайванда акыркы жылдары бул кайра жаралууда. Муну кишилер стресстен арылуу үчүн барып жатканы менен байланыштырса болот.
Тайбэйде байыркы бычак массажынын искусствосун үйрөткөн борбор көп жылдан бери иштейт. Борбордун 36 филиалы бар. Анын он беши акыркы беш жылда ачылган. Бул жерде бир гана жергиликтүү тургундар эмес, Жапониядан Канадага чейин ар кайсыл өлкөлөрдөн келишет. Бүгүнкү күндө кишилер уйкусуздукту жеңүү, физикалык ооруларынан арылуу сыяктуу максаты менен бычак массажына келишет.

Сүрөттүн булагы, GoranQ/Getty Images
Бычактар "ци дарбазасына" иштейт, башкача айтканда Кытайдын салтуу медицинасындагы ийне саюуда колдонулган акупунктурдук чекиттерге жасалат. Бирок бычактардын өзүнчө күчү бар деп эсептейт даоляо адистери.
Борбордун директору Сяо Мэйфан массаж менен алектенгенге чейин косметикалык кызмат көрсөтүп иштеген жана салттуу меридиан массажына (бул дагы ци энергиясы боюнча) кызыккан.
Анын айтымында, күн сайын кечинде өзүн алсыз сезип, шалдырап калчу. Анткени кардарлардын "жаман энергиясы" тийип турган дейт.
"Ал учурда жакшы акча иштеп табат элем. Бирок уйкум кача баштады",-деп айтып берди.
Бир жолу шакирттеринин бири ага бычак массажы тууралуу, болот миздер аркылуу жаман энергиядан арылса болорун кеп салган.
Сяонун айтымында, бүгүнкү күндө өзүн "коркунучтуу элестердин аңчысы" сыяктуу көрөт.
"Менде мындай сезим болот, бычак массажы сиздин мурунку жашооңуздагы коркунучтуу элестерге аңчылыкка айланып кеткендей",-дейт ал.

Сүрөттүн булагы, Louise Watt
Мындай массаж менен алектенгендердин өздөрүнүн белгилүү эрежелери бар. Айталы, маанайы жок болсо, даоляо кылуунун кереги жок. Антпесе жаман энергиясын кардарга өткөрүп салат деген түшүнүк бар. Албетте, маанай жок болгондон кийин эки чоң бачакты шыртылдатып массажга киришүү жакшы эмес да.
Өзүнүн энергиясын таза кармоо үчүн даоляону практикалагандар веган диетасын карманышат. Сяо баштаган бачак массажынын адистери таңкы саат беште турушат жана атайын көнүгүүлөрдү жасашат. Андан сырткары ци агымын чыгаруу үчүн 30 мүнөт бычактар менен машыгышат. Жалпысынан өтө оор жана чыңалган жумуш. Кардарлар үчүн деле оңой эмес.
Процедуранын башталышында Эльза мени да он мүнөт көнүгүүлөрдү жасоого мажбурлады. Колубузга "космикалык таяктарды" кармап турдук. Ал биздин цибизди тең салмактайт.
Сяонун айтымында, ата-энелер балдарын ушул таяктарды ойносун деп ээрчите келишет. Бул мектептеги сабактар учурунда пайда болгон стресстин деңгээлин төмөндөтөт деп ишендирди ал.

Сүрөттүн булагы, Louise Watt
"Космикалык таяктар сиздин цини тең салмактап, жаман энергиянын бөлүгүн алып салат. Ал эми бычак массажы кармадан арылтууга багытталган",-деп түшүндүрдү.
Эгерде сиздин энергияңыз тең салмакта болсо, анда баарын ачык көрүүгө жардам берет деп эсептешет.
Муну менен алектенем деген киши тырышып көптү үйрөнүшү керек болот. Байыркы насааттардан тартып баарын билиши керек. Андай болбосо бул өтө кооптуу деп белгиледи Сяо. Бирок борбордун 40 жылдык тарыхында бирөө жарымга жаракат келтирген бир дагы учур болгон эмес.
"Башында бычактарды көрүп коркуп кеттим,-дейт кардарлардын бири 73 жаштагы Цзю Мэйлань. - Мен дарыгерге акырын жасагыла, катуу урбагыла деп эскерттим".
Цзю уйкусуздукту жеңүү үчүн массажга келе баштаган. "Чын эле уйкум жакшырып калды",-деди ал.

Сүрөттүн булагы, Louise Watt
Айрым кардарлар Сяого жөн эле кеңеш алуу үчүн келишет. Мындайда кичинекей тактайды колдонушат. Ага ортосунда компасы бар тегерек чийин түшүрүлгөн. Мунун жардамы менен кардарлар өзүнүн жашоо максаты туурабы же жокпу, ошону билишет. Бул дагы Кытайдын байыркы "Өзгөрүү китебинин" негиздерине таянган ыкма.
Наньян технологиялык университетинин (Сингапур) кытай медицинасынын тарыхы боюнча адиси Майкл Стэнли-Бейкердин айтымында, бычак массажы көптөгөн трюктар, айталы мыктын үстүнө жатуу, кылычтын мизинде басуу сыяктуу эле натыйжалуу көрүнөт. Техникасында деле татаал эч нерсе жоктой, бирок өзүнө тартып, өтө кызыктуу, деди тарыхчы.
Сяо болсо бычак терапиясынын натыйжалуулугу тууралуу бирөөнү ишендирүүнүн кажети жок деп эсептейт. Кишилер өздөрү ишениши зарыл.
"Алар ар түрдүү адистерге кайрылып, терапиянын түрүн кылып көрүшөт. Акыры соңунда аларга эмнеге керек экенин билсе, ошону табышат",-деди Сяо.
Өзүм тууралуу айтсам, даоляо мага кызыктуу тажрыйба болуп калды. Ошол күнү жакшы уктаганымды дагы айта кетейин.
Макала айрым кыскартуулар менен берилди. Түп нускасын BBC Travel сайтынан англис тилинде окуй аласыз.












