Коронавирустун жаңы түрү: бизге эмне белгилүү?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Жеймс Галлагер
- Role, Ден-соолук жана илим боюнча кабарчы
Коронавирустун мутацияланган жаңы түрүнөн улам Британия катаал карантин чектөөлөрүн киргизүүдө. Жаңы жыл майрамында топтошууга тыюу салынды жана башка мамлекеттер Британиядан келген учактарды кабыл албайт.
Бир нече ай мурун эле белгисиз болгон коронавирустун мутацияланган түрү Англияга кантип жайылып кетти?
Өкмөттүн саламаттыкты сактоо боюнча кеңешчилери вирустун жаңы түрү тез жайылып жатканын айтышууда. Ага карабастан, изилдөөлөр жетишсиз болгондуктан бир нече олуттуу суроого жооп жок.
Буга чейин вирустун мутацияланышы чоң деле жаңылык эмес экенин белгилегем. Баардык эле вирустар өзгөрүп турат жана көп учурда ал адамга эч кооптуу эмес.
Анда вирустун бул түрү эмнеге дарыгерлерди тынчсыздантууда?
Үч жагдай бир учурда катталып жатканы көптөрдү кооптондурууда:
- Вирустун жаңы түрү кеңири жайылып, коронавирустун мурдагы түрлөрүн алмаштырууда
- Вирустун маанилүү делген бөлүгү мутацияланды
- Лабораториялык изилдөөлөр вирустагы өзгөрүүлөр адамдын клеткаларына тез жайылууга мүмкүнчүлүк берерин аныктады
Үч жагдай бир учурда катталса, вирус тез жайылып кетиши мүмкүн экенин көрсөтөт. Бирок окумуштуулар кошумча изилдөөлөр керек экенин айтууда. Себеби вирус Лондон сыяктуу чоң, калкы жыш шаарларда тез жайылып жатышы ыктымал. Азыркыга чейин Лондондо карантин чектөөлөрү жеңилдетилген болчу.
Лабораториялык сыноолор бир нече айдан кийин гана жыйынтык бериши ыктымал.

Сүрөттүн булагы, PA Media
Жаңы вирус канчалык тез жайылып жатат?
Вирустун жаңы түрү сентябрь айында аныкталган. Ноябрда Лондон шаарында коронавируска кабылгандардын төрттөн бири анын жаңы түрүн жуктурган. Декабрдын ортосунда бул көрсөткүч жогорулап, Лондондогу бейтаптардын үчтөн экиси жаңы вируска кабылганы белгилүү болду.
Британиянын премьер-министри Борис Жонсон вирустун жаңы түрү жетимиш пайызга тезирек тарап жатышы ыктымал экенин жар салды. Бирок бул көрсөткүчкө айрым окумуштуулар кошулбайт.
"Колдогу далилдерге таянып мындай тыянак чыгаруу болбойт. Азырынча вирустун жаңы түрү канчалык жугуштуу экенин билүү мүмкүн эмес",-дейт Ноттингэм университетинин вирусология бөлүмүнүн изилдөөчүсү, профессор Жонатан Болл.
Учурда вирустун жаңы түрү Британиянын көп аймактарына тарады, бирок негизинен Лондон шаарында көп катталууда. Вирустун генетикалык кодуна байкоо салган Nextstrain уюму, мутацияланган вирустун түрү Дания менен Австралияда дагы катталганын айтууда. Бирок бул өлкөлөргө вирустун жаңы түрү Британиядан келгени дагы маалымдалууда.
Вирустун мутацияланышы тууралуу эмне белгилүү?
Алдын ала анализге ылайык, вирустун жаңы түрүндө 17 маанилүү өзгөрүү байкалган. Биринчиден, вирустун айланасындагы найзадай (тажыдай) болгон протеиндер өзгөрдү. Коронавирус дал ушул протеиндердин жардамы менен адамдын клеткаларына жугат.
N501Y аттуу мутация вирустун найзаларын өзгөрттү. Бул аркылуу коронавирус адамдын клеткаларына тезирек жабышып, жайылышы ыктымал.
Андан тыкшары H69/V70 аттуу мутацияда вирус найзадай болгон протеиндерин өзгөрткөн. Бул жагдай мурун дагы байкалган эле. Окумуштуулар бул өзгөрүүдөн улам организмдеги антитулкулар вирус менен натыйжалуу күрөшө албай каларын айтууда. Дал ушул жагдай изилдөөчүлөрдү тынчсыздантууда.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Вирустун жаңы түрү кайдан пайда болду?
Бир топ өзгөргөн вирус алсыз иммундук системасы бар бейтаптан пайда болушу ыктымал. Бул бейтаптын организми вирус менен күрөшө албай койгон. Анын организми вирустун мутацияланган түрүн көбөйтүүгө өбөлгө түзгөн.
Вирустун жаңы түрү күчтүрөөк деп айтууга далил жок. Ага карабастан, анын тез жайылып жатканы чоң маселе жаратууда. Вирус көбүрөөк кишиге жукса, көп сандагы бейтаптар ооруканага кайрылууга муктаж болот. Бул жагдай өлүм-житимдин санын дагы жогорулатышы ыктымал.
Вакцина вирустун жаңы түрүнө туруштук бере алабы?
Ооба, вакцина вирустун жаңы түрү менен күрөшөт. Азыр колдонулуп жаткан вакциналар иммундук системаны вирустун найзадай болгон протеиндери менен күрөшүүгө үйрөткөндүктөн, вакцина натыйжасыз болот деген пикир пайда болду.
Вакцинанын жардамы менен иммундук система протеиндин бир нече жерин чабуулга алат. Вирустун найзадай болгон протеиндери өзгөрсө дагы вакцина башка жолун таап, вирусту жок кыла алат.
Кембриж университетинин профессору Рави Гупта болсо вирус "вакцинаны айланып өтүү жолун" издеп жатканын айтат. Бирок ал үчүн вирус бир топ өзгөрүшү керек. Бул келечекте көйгөй болушу ыктымал.
Эгерде вирус мутация аркылуу эмдөөдөн өткөн бейтапка жугуу жолуп тапса, вакцинаны дагы улам өзгөртүп туруу зарыл болот. Мисалы, сасык тумоо вакцинасы жыл сайын жаңыланып турат жана колдогу вакцинаны өзгөртүү оңой.














