Вирус жарганаттардан келдиби? Эл аралык эксперттер тобу Уханда иликтөө жүргүзөт

Сүрөттүн булагы, Reuters
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму эл аралык эксперттер тобун Кытайга жөнөткөнү жатат. Алар январдын алгачкы аптасында Уханга барып, Covid-19 пандемиясына себеп болгон вирустун кайдан, кантип кишиге жукканын иликтейт.
Топко ар кайсыл өлкөдөн он бештей эксперт кирди. Алар алты апта Кытайда болушмакчы. Май айында бир катар өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо министрлери ДССУга кайрылып, вирустун келип чыгышын иликтөөгө чакырган. Кандай жол менен вирус Кытайдын чегинен чыгып, дүйнөгө тездик менен жайылды? Мына ушул сыяктуу суроолорго жооп табуу керек дейт адистер.
Вирус жарганаттардан келдиби? Адамга кандай жол менен өткөн? Ухандын нымдуу базарынан чыкканы ыраспы? Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эскперттери Ухандан жооп издей турган негизги суроолор ушул.
Алардын негизги максаты - вирус кайдан келип, кандайча жайылганы тууралуу чындыкты табуу.
Вирус же бактерияны биринчи жуктуруп алган бейтап аныкталса, вирустун жайылышын токтотууга жана келечекте вирустун кайрадан пайда болушун алдын алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Кытай ушул жылдын 3-январында ондогон адамдарга жуккан вирусту иликтегенин билебиз. Бир аптадан кийин кытайлык маалымат каражаттары алгачкы өлүм катталганын кабарлашкан. Эки айдан кийин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бүткүл дүйнө жүзү боюнча пандемия жарыялады.

Сүрөттүн булагы, AFP
Сентябрда коронавирустан өлүм-житим бир миллиондон ашты. Жоготуулардын жарымы үч өлкөгө - Бразилия, Индия жана АКШга тиешелүү эле. Ноябрда АКШ өлүм-житимдин саны 250 миңден ашып кетти.
Декабрда коронавируска каршы үч вакцина ийгиликтүү сыноодон өтүп, алгачкы жолу британиялык аял Маргарет Кинан эмдөөдөн өттү. АКШ жана Британия, Орусияда жапырт эмдөө башталды. Бирок вирустун келип чыгышы тууралуу чындык ушул убакка чейин белгисиз бойдон калууда.
2019-жылдын декабрында Ухандагы ооруканалардын биринде офтальмолог болуп иштеген Ли Вэнлиань мурда белгисиз болгон илдетти байкаган. Анын козгогучтары SARS коронавирусуна окшоп кетерин айткан.
30-декабрда бул тууралуу кесиптештерине эскертет. Төрт күндөн кийин аны коопсуздук кызматына чакырып, "коомду дүрбөтүү максатында жалган маалымат таратуу аракетин көргөнүн" моюнга алып жазып берүүгө мажбурлашкан. Январдын соңуна барып, вирус бүт өлкөгө жайылып, Ли Вэнлиань өзү дагы вирусту жуктуруп алганын Weibo, "Твиттер" аркылуу айтып чыккан. Бийлик дарыгерден кечирим сураган эле. Көп өтпөй 34 жаштагы дарыгер өзү дагы вирус жуктуруп алып каза тапты.
Кытайдын эпидемияны азайтууга болгон алгачкы аракеттери, Дүйнөлүк саламаттык уюмуна вирус тууралуу ачык айткысы келбегени катуу сынга кабылды. Өзгөчө АКШ бийлиги катуу айыптаган.
"Кытайдын купуялуулугу, алдамчылыктары жана жаап-жашырганы вирустун бүткүл дүйнөгө жайылышына шарт түздү",-деген АКШ президенти Дональд Трамп.
Ошондой эле шаардагы лабораториядан вирус тарап кетти деген божомолдор да бар. Мунун баарын азырынча эч ким так билбейт.
Жай мезгилинде, Кытайга барган уюмдун эки өкүлү Уханга кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө кыйынчылыктарга туш болушту.
Вирустун кантип кишиге жугуп, тарап кеткенин аныктоо өтө маанилүү. Келечектеги адамзатка коркунуч жараткан вирустарды токтотуу үчүн дагы маанилүү. (AbA)










