ДССУнун эксперттер тобу Уханда коронавирус кайдан чыкканын иликтейт

Vendors are selling fish in an open market in Wuhan, Hubei province, China, 2 December 2020

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Коронавирус алгач Ухандын жапайы жаныбарлардын этин саткан базарда тараган деген жоромолдор бар

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эл аралык эксперттер тобу Кытайдын Ухань шаарына келди. Алар Covid-19 пандемиясына себеп болгон вирус кайдан, кантип кишиге жукканын иликтемекчи.

Буга чейин ДССУнун эки эксперти Кытайга кире албай артка кайткан. Уюм адистери виза ала албай калганы үчүн өлкөгө кире албай калганын билдирген. Бээжин болсо бул маселеде түшүнбөстүк болгонун белгилеп, эксперттерге жакын арада виза берилет деп кабарлаган.

Саламаттыкты сактоо уюмунун эксперттери Кытайдын түндүгүндө вирус кайра тарап жаткан учурда өлкөгө келди. Уханда болсо абал туруктуу бойдон. Бирок эксперттер алгач эки апта карантинде болушат.

Видеонун түшүндүрмөсү, Ухандагы иликтөө: Эл аралык эксперттер тобуна тоскоолдук жаралабы?

ДССУнун эксперттик тобуна ар кайсыл өлкөдөн он эксперт кирген. Алар алты апта Кытайда болушмак. Май айында бир катар өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо министрлери ДССУга кайрылып, вирустун келип чыгышын иликтөөгө чакырган. Кандай жол менен вирус Кытайдын чегинен чыгып, дүйнөгө тездик менен жайылды? Мына ушул сыяктуу суроолорго жооп табуу керек дейт адистер. Эксперттер тобунун негизги максаты - вирус кайдан келип, кандайча жайылганы тууралуу чындыкты табуу.

Вирус же бактерияны биринчи жуктуруп алган бейтап аныкталса, вирустун жайылышын токтотууга жана келечекте вирустун кайрадан пайда болушун алдын алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Кытай менен ДССУ эл аралык эксперттердин иликтөөсүн узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин декабрь айында макулдашкан. Иликтөө иштери январдын башында башталмак.

Picture of coronavirus

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Вирусту алгачкы болуп ким жуктурганын аныктап, көп суроолорго жооп тапса болот

Кытай 2020-жылдын 3-январында ондогон адамдарга жуккан вирусту иликтегенин билебиз. Бир аптадан кийин кытайлык маалымат каражаттары алгачкы өлүм катталганын кабарлашкан. Эки айдан кийин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бүткүл дүйнө жүзү боюнча пандемия жарыялады.

Сентябрда коронавирустан өлүм-житим бир миллиондон ашты. Жоготуулардын жарымы үч өлкөгө - Бразилия, Индия жана АКШга тиешелүү эле. Ноябрда АКШ өлүм-житимдин саны 250 миңден ашып кетти.

Декабрда коронавируска каршы үч вакцина ийгиликтүү сыноодон өтүп, алгачкы жолу британиялык аял Маргарет Кинан эмдөөдөн өттү. АКШ, Британия, Орусияда сыяктуу өлкөлөрдө жапырт эмдөө башталды. Бирок вирустун келип чыгышы тууралуу чындык ушул убакка чейин белгисиз бойдон калууда.