Коронавирустун изин кубалап: Кытай иликтөөлөргө тоскоолдук жаратууда

Видеонун түшүндүрмөсү, Ухандагы иликтөө: Эл аралык эксперттер тобуна тоскоолдук жаралабы?

Пандемиянын башаты Кытайдын Юньнань провинциясынын токойлуу адырларында жатышы мүмкүн. Бирок бул өлкөдө маалымат алуу оңой эмес. Акыркы айларда андан бетер татаалдашты.

"Бул жерде маалымат алуу оңой эмес. Бизди артыбыздан калбай аңдып, жолдорду атайын бууп өткөрбөй коюшту",-деди Би-Би-Синин Кытайдагы кабарчысы Жон Судворд.

Аймактагы жарганаттар популяциясы коронавирустун жүздөгөн түрүп алып жүргөнү жана алардын айрымдары адамдарга жугушу мүмкүн экендиги мурдатан белгилүү. Бирок Юньнаньдагы үңкүрлөрдө жүгүзүлүп келген илимий изилдөөлөр күтүлбөгөн жерден өтө сезимтал иш болуп чыга келди. Бул жердеги чогултулган үлгүлөр дээрлик миң чакырым алыстыктагы Ухань шаарындагы лабораторияга алып келинет.

Вирус ушул жерден жаңылыштык менен тарап кеткен болушу мумкүн деген болжолдор болгон. Бээжин мындай жоромолду кескин четке каккан эле.

Кытайлык белгилүү вирусолог, профессор Ши Чжэнли Би-Би-Синин суроосуна, электрондук почта аркылуу жооп берди. Окумуштууга:

-Сиз коронавирус тараган аймакта изилдөө жүрүшүн кубаттайсызбы?-деген суроо берилген эле.

«Жеке мен ачык-айкын, ишенимдүү жана акылга сыярлык диалогдун негизиндеги бардык сапарлардын түрүн кубаттайм. Бирок конкреттүү план мен тараптан чечилбейт",- деп жазган ал.

Анын айтканында жүйө бар. Ухань шаары мурдакы турмушуна кайтып келген соң, эми кытай өкмөтү "Кытайдан вирус таптакыр тараган эмес" деген теорияны жайылтуу менен алек. Ошондуктан лабораториялык иликтөөлөргө алар анча деле ынтызар болбогондой.

Ухань шаары

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ухань шаары

Ошого карабастан Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму эл аралык эксперттер тобун Кытайга жөнөтүүдө. Алар январдын алгачкы аптасында Уханга барып, Covid-19 пандемиясына себеп болгон вирустун кайдан, кантип кишиге жукканын иликтейт.

Көптөгөн илимпоздор вирус жарганаттардан келди деген пикир менен макул. Ухандын нымдуу базарында башка жаныбарлар аркылуу адамдарга жуккан болушу мүмкүн деп эсептешет.Бирок айрымдар эмне үчүн бир жыл болуп кетсе деле Кытай аны далилдөөгө жардам бере турган изилдөөлөрдү аз жарыялады деп суроо салууда.

"Эпидемиянын лабораториядан тарап кеткенине же лаборатория менен байланышы болгонуна эч кандай далилдерди көрө элекмин. Бул табигый кубулуштар. Ал адамдардын жапайы жаратылыштын жашоо чөйрөсүнө кийлигишүүсү турткү болот. Муну Чыгыш Азия өлкөлөрундө көрүп жатабыз",-деди окумуштуу Даниел Люси.

"Албетте, изилдөөлөрдү жасашты. Аларда мүмкүнчүлүктөр,маалыматтар жана ресурстар бар. Covid-19 биринчи табылган учурунан бери 12-13 ай өтсө дагы биз так кайсы жаныбардан жукканын таба элекбиз. Мен үчүн альтернативдүү түшүндүрмөлөрдү иликтөөгө көбүрөөк негиз бар, ошол эле учурда ар кандай болжолдорду жокко чыгаруу үчүн Кытай бул иликтөөлөргө кызыкдар болот деп ойлойм",-дейт доктор Питер Дазжак.

Кытай вирустун келип чыгышы маселесине байланыштуу иликтөө иштерине ачык болбой жаткандай. Ал эми Дүйнөлүк салматтыкты сактоо уюму иликтөө ачык-айкын болорун ишендирди.