Казакстанда эмдөө башталды: чочулоо жана кооптонуу

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Казакстанда февралдан тарта Covid-19га каршы жалпы эмдөө башталды. Анын биринчи этабында медицина кызматкерлери эмделет. Ошол эле маалда коомчулукта вакцинага болгон ишенбөөчүлүк, каршылык жана ушак айың кептер кеңири тарап жатканы айтылууда.
Бир катар казакстандык тургундар Би-Би-Си менен маегинде "этти көп жегендиктен вирус казак, кыргыз сыяктуу калктарга жукпайт экен", деген сөз тарап жатканын айтып беришти. Казакстанда дагы эмдөө милдеттүү түрдө эмес. Кабарчыбыз Абдыбек Казиев "Азаттыктын" казак редакциясынын Нур-Султандагы кабарчысы Нургүл Тапаева менен ушул темада маек курду.
Н.Тапаева: Февраль айында дарыгерлер эмдөөдөн өтөт деп айтылды. Казакстан Орусия чыгарган "Спутник V" вакцинасын сатып алды. Дарыгерлер арасында азырынча бул вакцинага каршыбыз дегендер болгон жок. Башында бир нече акимдер, мэрлер дагы кошо эмделди. Ушул эле вакцина март айында мугалимдерге, андан соң калктын калың катмарына берилет деген план бар экени айтылууда. Вакцинага байланыштуу эки түрдү пикир бар. Короновируска эле эмес, жалпы эле вакцинага каршы чыккандар бар. Ошондон улам мамлекеттик телеканалдар вакцинанын жакшы жактарын түшүндүрүп, эмдөө өткөрүүгө үгүттөп жатат. Президент катышкан жыйында дагы вакцинация боюнча элге туура түшүндүрүү маслеси козголду. Себеби эл арасында фобия бар экендигин бийлик дагы көрүп турат. Учурда көп балалуу аялдар нааразылыкка чыгып жатышат. Алар вакцина албайбыз, балдарыбызды дагы эмдетпейбиз дешүүдө.
Би-Би-Си: Казакстан коронавируска каршы өзүнүн жаңы вакцинасын чыгара тургандыгын билдирген эле. Бул боюнча эмне жаңылыктар болуп жатат?
Н.Тапаева: Ооба, "Kaz Covid In" деп аталаган вакцина даярдап жатат. Муну жергиликтүү окумуштуулар жасоодо. Мамлекет каражатын бөлүп берген. Азыр жаңылбасам сыноонун үчүнчү баскычы жүрүп жатат. "Спутниктен" кийин ушул вакцинаны колдонууну баштайбыз деди. Сыноо толук аяктай элек. Бирок президент Токаев "вакцинанын даяр болушун күтөм" деп айтты. Бул вакцинаны Билим берүү министрлиги жүзөгө ашырат.

Сүрөттүн булагы, Social media
Би-Би-Си: Вакцина ойлоп табуу боюнча бул алгачкы аркетпи же буга чейин дагы болгонбу?
Н.Тапаева: Бул эң биринчи жолкусу. Буга чейин вакциналарды Индия сыяктуу мамлекеттерден сатып алып, пайдаланып келген. Казакстан өз вакцинасын чыгарат дегенде бир топ серепчилер, "Казакстандын вакцина чыгарууга чама-чаркы жетпейт. Материалдык база жок, экинчиден, өтө чоң чыгымды талап кылат", деп сындап жатышат. Бирок, ошого карабастан вакцина даярдалууда. Бул вакцинаны 18 жашка чейинки жана 65 жаштан ашкандар алууга болбойт. Себеби ал курактагылар үчүн сыноо жүргүзүлө элек. Азыр Орусиянын вакцинасын сатып алууда жана жакында ошол эле вакцинаны чыгара турган заводду даярдап койду. Ал жерде илгертен эле дары-дармек чыгаруу жайы болгон.
Би-Би-Си: Жай мезгилинде Казакстан дагы, Кыргызстан дагы коронавирустун азабын катуу тартты. Сиздерде соңку абал кандай?
Н. Тапаева: Акыркы бир айда өтө көбөйүп жатат. Тилекке каршы антирекорддор жаңырды. Кызыл зоналар дагы көбөйдү. Биринчи февралдагы статистика боюнча 1270 адам вируска кабылды.















