Кыргызстан: коронавируска каршы эмдөөгө даярсызбы?
- Author, Руфат Эргешов
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы
Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги жакынкы күндөрдө коронавируска каршы орусиялык "Спутник V" вакцинасы келишин күтүп жатат. Алды менен дарыгерлер, улгайган жана өнөкөт оорусу бар адамдар эмделет. Ал ортодо изилдөө жүргүзгөн эксперттер кыргызстандыктардын көбү коронавирусту коркунуч катары көрбөй турганын айтып чыкты.
Кыргызстанда дарыгелер коронавируска каршы эмдөө иштерине даярдык көрүп жаткан чакта "М-Вектор" консалтинг компаниясы иликтөөсүн жарыялап, калктын басымдуу бөлүгү коронавирус коркунучу көбүртүлүп айтылып жатат деп эсептей турганын билдирди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Коронавируска байланыштуу эки жолу сурамжылоо жүргүздүк. Өткөн жылдын март айында жана ноябрь айында. Мартта элдин алтымыш пайыздайы коронавирус коркунучу көбүртүлүп жатат деп айткан, себеби анда ооругандар дээрлик жок болчу. Бирок ноябрь айында да жүргүзүлгөн сурамжылоодо вирус алып келген кесепеттерге карабастан, так эле мурдагыдай жоопту алдык. Бул таң калаарлык",- деди "М-Вектор" консалтинг компаниясынын өкүлү Бурул Дүйшебаева.
Расмий маалымат боюнча өлкөдө акыркы бир айда коронавирустан 53 киши кайтыш болду. Күн сайын ондон ашуун адамдан вирус табылууда. Санитардык эрежелерди аткаруу зарылдыгы күн сайын эскертилгени менен аларды баары сактабайт. Адистер эми илдетке каршы эмдөө башталганда, чоң маселе жаралышы мүмкүн деп кооптонууда.

Сүрөттүн булагы, m-vector
"Коронавируска каршы вакцина тууралуу сурамжылоо жүргүзгөндө, элдин 66 пайызы эгерде вакцина эффективдүү жана коопсуз болсо, эмдөө алмакмын деп жооп берди",- дейт Б.Дүйшебаева.
Кыргызстанда пандемияга чейин эле эмдөө маселеси көйгөй жаратып келген. Диний жана башка көз караштардан улам балдарын эмдөөдөн баш тарткан учурлар саламаттыкты сактоо тармагындагы негизги көйгөлөрүндүн бири. Коронавируска каршы вакцина алууга Бишкектин тургундары кандай карайт?
"Бул оору вакцина алмайынча кетпейт. Ошондуктан мен Орусиянын вакцинасын алганга даярмын",- дейт Бишкек тургундарынын бири.

Сүрөттүн булагы, m-vector
"Эгерде Кыргызстанга вакцина келсе, эмдөө алуу үчүн алгач ата-энем менен кеңешемин. Апам медицина кызматкери, ал эмдөөгө бар десе, барамын",- деди экинчиси.
"Кыргызстанда бул вируска байланыштуу кырдаал турукташып калды. Ошондуктан мен вакцина албайм. Эгерде жапырт эмдөө башталса, оору күчөп кетсе, анда вакцина алганга мажбур болобуз".
Интернеттеги такталбаган маалыматтардан улам элдин көбү коронавируска каршы вакцинага ишенбеген көз карашта.
"Кыргызстанга ар кандай ооруга каршы вакциналар келип жүрөт. Балдарыбызды, жарандарды эмдеп жатабыз. Эми бүгүнкү күндө элдер интернеттен, журналисттерден көп маалыматтарды алып жатат. Ковидге вакцина келгенде эмдөө ишин гана баштабастан, коммуникациялык план жана стратегия иштеп чыктык. Анын алкагында элге, жарандарга туура жана так маалымат бергенге аракет кылабыз",- деди Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери оорудан улам 1467 киши каза тапты. Вирустун тарашы күчөгөн маалда өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагындагы мүчүлүштүктөр ачыкка чыгып, коомдо дүрбөлөң пайда болгон. Бирок кырдаал бираз турукташып калганда, эл санитардык талаптарга көңүл бурбай калды. Туура маалымат берип, элдин көз карашын өзгөртпөсө, эмдөө маселеси чоң каршылыкка туш болушу мүмкүн дейт изилдөө жүргүзгөн адистер.
















