"Бир жылга жетпей жакыр өлкөлөрдүн 20% калкы эмделет": Covax ишин баштады

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирустун жайылуу темпи басаңдап калганын билдирди. Бирок Covid-19 жаңы штаммдары катуу кооптондурууда. Пандемияны жеңүү коронавируска каршы эмдөө менен байланыштуу. Шаршембиден тарта Covax эл аралык программасы ишин баштады. Программа жакыр өлкөлөрдү вакцина менен камсыз кылууга багытталган.
ДССУ өткөн аптада 2,4 млн жаңы учур катталганын, мурунку аптага салыштырганда 11 пайызга аз экенин белгиледи. Өлүм-житим дагы 20% төмөндөдү. Дүйнөдөгү коронавирустун жайылуу темпи басаңдаганы менен дарыгерлер жаңы штаммдын көп каттала баштаганына тынчсызданууда. Британдык штамм 101 өлкөдөн, түштүкафрикалык штамм 51 өлкөдөн табылды.
Кырдаалдан чыгуунун жалгыз айласы калкты эмдөө дейт адистер. Жакыр мамлекеттерди вакцина менен камсыздоого багытталган Covax эл аралык программасы менен биринчилерден болуп Ганага вакцина келди. 600 миң дозадагы Индияда өндүрүлгөн AstraZeneca шаршемби күнү өлкө баш калаасына жеткирилди.

Сүрөттүн булагы, UNICEF GHANA
Гана жөн жерден тандалып алынган жок. Анткени алар эмдөөгө жетиштүү даярдык көрдү. Келе жаткан аптадан тарта эмдөө башталаары күтүлүүдө. Биринчи кезекте саламаттыкты сактоо тармагында иштегендер эмделет. Анан 60 жаштан жогорку курактагылар жана өнөкөт оорусу барлар, өкмөттө иштегендерге берилмекчи.
Ганада (өлкө калкы 30 млн) пандемия башталгандан бери 80 миң киши коронавирус жуктуруп алып, 580 бейтап кайтыш болду. Бирок бул сандар так эмес болушу мүмкүн. Анткени тест алууда маселе бар.
Жакыр мамлекеттерди вакцина менен камсыздоого багытталган Covax программасы ДССУ жетекчилиги тарабынан иштелип чыккан. Ага Эмдөө жана иммунизация боюнча глобалдык альянс (Gavi), ошондой эле Эпидемиялык даярдык үчүн инновациялар коалициясы (Cepi) көмөк көрсөткөн.
Программанын максаты - вакцина алууда жакыр мамлекеттердин акыркы кезекте туруп калышына жол бербөө. Бул үчүн каржылык жагынан өнүккөн 98 өлкө жардам берет.
Дүйнөлүк уюм бир жылга жетпей 190 жакыр мамлекеттеги калктын 20 пайызы бюджеттик чыгым кылбай туруп эле эки млрд. доза вакцина ала турганын айтты. Анын ичинде Covax программасы менен ушул жылы Украина 16 млн доза вакцина алмакчы.
Бирок ошол эле маалда көпчүлүк өлкөлөрдө калк арасында эмдөөдөн ар кандай себептер менен баш тартып жаткандар бар.
"Мамлекеттик саламаттыкты сактоо кызматтары ачык жарыялаган баяндамага таянсак, калктын басымдуу бөлүгү вакцина алуудан баш тартууну чечкенин көрсөтөт. Буга жалган маалымат, өлкөдөгү медицинадагы катачылыктар жана ушул сыяктуу мисалдар себеп. Демек, бийлик дал ушул маселеге тез арада көңүл бурушу керек",-дейт Нью-Йорк университетинин окумуштуусу Нана Кофи Куачай.












