"Үч жолку согуштагыдан көп жоготуу": АКШ коронавирустан каза тапкандарды эскерди

Сүрөттүн булагы, Getty Images
АКШ президенти Жо Байден өлкөдө коронавирустан каза тапкандар саны жарым миллиондон ашканына байланыштуу элге кайрылуу менен чыкты. Бул дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүч.
"Биз мындай мүшкүлгө туруштук беришибиз керек",-деди Байден Ак Үйдөгү эскерүү иш чарасында. Пандемия курмандыктарына бир минуталык аза күтүү болуп, мамлекеттик жана федералдык мекемелерде туулар түшүрүлдү. Вашингтондогу чиркөөнүн коңгуроосу 500 ирет кагылды. Өлкө боюнча беш күнгө чейин туулар түшүрүлүп турат.
Байден кайрылуусун көңүл чөгөргөн статистикадан баштады. Коронавирустан каза тапкан америкалыктардын көрсөткүчү Биринчи жана Экинчи дүйнөлүк согушту, Вьетнам согушун кошуп санагандан дагы көп болду.
"Биз бүгүн чындап эле коркунучтуу белгини кесип өттүк - 500 071 өлүм. Аларды "катардагы америкалыктар" деп атап жатышканын көп угуп жатабыз. Эч кандай андай эмес. Биз жоготкон кишилердин жашообуздагы орду абдан чоң жана маанилүү. Алар бир нече муундарды бириктирип турган - Америкага көчүп келгенден тартып, ушул жерде төрөлгөндөргө чейинкилердин өкүлдөрү эле. Көпчүлүгү өмүрүнүн соңунда жарыкчылык менен жападан жалгыз коштошту ", - деди Жо Байден.
Ал өзүнүн өмүр жолундагы кайгылуу күндөрүн эскерди. 1972-жылы автоунаа кырсыгынан биринчи жубайы жана кызы кайтыш болгон. 2015-жылы уулу рактан көз жумду.
"Жакшы көргөн жакын адамың жарык дүйнө менен коштошкон маалда ал жерде болбой калган сезим кандай экенин билем. Анан жакын адамың акыркы демин алып жаткан маалда колун кармап туруу кандай болоорун дагы жакшы билем",-деди президент.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Көптөр мурунку президент Дональд Трамптын тушунда пандемияга каршы көрүлгөн башаламан чаралардын кесепети ушул болду деп эсептейт. Президент Байден жапырт эмдөө өнөктүгүн тездетип, өлүм-житимди азайтууга аракет кылууда. Оору жуктургандар жана өлүм-житим азайганы байкалганы менен кырдаал мурдагыдай эле. Ооруканалар толуп, болгон мүмкүнчүлүгү менен иштеп жатат.
Күн сайын 1,7 млн киши эмделе баштады. Бул мурдакыдан эки эсеге көп. Бирок америкалык окумуштууларды кабатыр кылган маселе - жаңы штаммдын пайда болушу. Вирус кайрадан масштабдуу тарап кетүү коркунучу бар.
Ушул аптанын этегинде Өкүлдөр палатасы президент Байдендин эки триллион доллар каражатты камтыган коронавируска каршы күрөшүү боюнча мыйзам долбоорун карайт.











