Коронавирус жана суицид: Жапониянын мисалы дүйнөгө эскертүүбү?

- Author, Rupert Wingfield-Hayes
- Role, BBC News, Tokyo
Жапония статистикага дыкат көңүл бурган мамлекет катары белгилүү. Анын ичинде өз жанын кыйгандардын статистикасы дагы бар. Башка мамлекеттерге салыштырмалуу Жапония суицид боюнча сандарды ай сайын жаңылап турат. Коронавирус пандемиясы учурунда бул көрсөткүч үрөй учурат.
2020-жылы Жапонияда 11 жылдан бери биринчи жолу аялдар арасында өз жанын кыйгандар саны 15 пайызга өстү. Өткөн жылы октябрь айында суицидке барган аялардын саны 70 пайызга чейин жогорулаганы катталган.
Эмнеге пандемия эркектерге караганда аялдарга оор болуп жатат?
Эскертүү: макаланын мазмуну окурмандын көңүлүн түшүрүшү мүмкүн
Улам-улам өз жанын кыйганга аракет кылган жаш кыз менен жолугуу жеңил эмес. Суицидди алдын алуу багытында иштеген адистерге канчалык кыйын экенин аңдадым.
Мен Иокогамадагы "Бонд долбоору" аттуу суицидди алдын алуу кайрымдуулук уюмунун кеңсесинде отурдум. Маңдайымда 19 жаштагы кыз өз окуясын айтып берип жатты. Анын сезимдери муз болуп тоңуп калгандай эле туюлду.
Жаш кызды 15 жашында агасы зордуктаган экен. Аргасыздан үйүнөн качкан. Барарга жер жок болгондуктан суицидден башка тандоо жок деген чечимге келген.
"Бир жыл бою ооруканада жүрдүм. Бейтапканадан чыгып, дароо кайра "Тез жардам" кызматы аркылуу жеткирилип турдум. Көп жолу суицидке бардым. Бирок эч эле ишке ашпай койду. Эми аракет дагы кылбай калдым".
Жаш кызды "Бонд долбоорунун" кызматкерлери токтотуп калган. Алар көчөдө калгандарга турак-жай таап берип, психологиялык жардам көрсөтөт.

Жун Тачибана долбоорду негиздеген. Кырк жаштагы аял жаркырап турат, оптимист экени дароо байкалат.
Тачибана айымдын айтымында, коронавирус пандемиясы мурда эле аялуу саналган кыз-келиндерди бир топ кыйынчылыкка кептеди. Ал соңку айлардагы үйрө учурган окуялары менен бөлүштү.
"Көптөр түз байланыш номурга чалып "өлгүм келет", "барарга жерим жок", "кыйналып жатам, жалгызсыздыктан өлгүчө жоголуп эле кетсемби" деп айтышат".
Сексуалдык зомбулукка кабылган кыздарга коронавирус абалды курчутту.
"Бир нече күн мурун жаш кыз чалып, өгөй атасы зордуктаганын айтты. Азыр ал жумушка чыкпай, үйдө отурганы үчүн эч жака качып дагы кете албайм деп ыйлады".
2008-жылкы же 1990-жылдагы экономикалык кризисти анализдесек, мындай учурда Жапонияда эркектер суицидке барган. Коронавирус пандемиясы болсо, негизинен жаштарга жана кыз-келиндерге таасир этүүдө.
Жапонияда өз жанын кыйган жарандарынын саны жогору болчу. Бирок өкмөттүн атайын долбоорлору ишке ашырылып, соңку он жылда суицидке баргандардын саны үч эсе кыскарган.
Коронавирус пандемиясынан улам карантин чектөөлөрү киргизилгенде, өткөн жылы октябрь айында 879 аял өз жанын кыйган. Бул 2019-жылы ошол айга салыштырганда 70 пайызга жогору.
Жергиликтүү медиа үрөй учурган статистиканы талдап, адистер тынчсыздануу менен маселеге көңүл бурууга чакырган. Бирок Жапонияда табышмактуу окуялар болуп жатты. 27-сентябрда Юко Такечи аттуу белгилүү актрисанын жансыз денеси үйүндө табылган. Полиция ал өз жанын кыйганын аныкташкан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Мурдагы журналист, эми суицидди алдын алуу багытында бейөкмөт уюмду иштеткен Ясуюки Шимизу кино жылдызынын өлүмү тууралуу кабар тарагандан кийин суицидке баргандардын саны өскөнүн айтат.
"27-сентябрдан кийин он күн бою өз жанын кыйган аялдардын саны өсүп, 207 кыз-келин суицидке барды. Өзгөчө актрисадай кырк жаштын тегерегиндеги аялдар өз жанын кыйды",-дейт ал.
Адистер белгилүү жылдыздын суицидке барганы жалпы коомо таасир этип, өз жанын кыйгандар көбөйгөнү боюнча далилдер бар экенин буга чейин айтып келишкен. Бул феномен бир гана Жапонияга таандык эмес.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жылдыздын суицидке барганы кабарларда улам айтылып, коомдук медиада кеңири талкууланат. Булардын баары аялуу саналган катмарга таасир этет.
Жапонияда коронавирустун үчүнчү толкуну орун алууда. Өкмөт карантин чектөөлөрүн февраль айынын соңуна чейин узартты. Ресторан, мейманкана жана ишканалар эшигин жаап, көптөгөндөр жумушсуз калды.
Бул багытта изилдөө жүргүзгөн окумуштуулар коронавирус пандемиясынан улам Жапонияда суицидке баргандар көп болуп жатса, Covid-19 вирусунан катуу жабыркаган өлкөлөрдө эмне болуп жатат деген суроо жолдошууда.














