Карантин: "Мектепти аябай cагындым"

Сүрөттүн булагы, official
- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Ысык-Көл облусунда беш өспүрүм өз жанын кыйып, карантин маалындагы балдар коопсуздугу күн тартибине чыкты.
"Саламатсыңарбы, бул мен - Нурислам. Мен аябай мектепке баргым келип жатат. Менин үйдө окугум келбейт. Мамам урушуп, сабакты түшүндүрө албай жатат. Мен силерди сагындым, оорубаңыз."
Бул макалада Instagram мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
Instagram посттун аягы
Карантиндеги үй шартындагы билим берүүдөн тажап, ыйламсыраган бул тестиер баланын коомдук сайттардагы видеосу эч кимди көңүлкош калтырган жок.
Нурисламдын абалына жылмаюу менен карагандар, аны аягандар да болууда. Бирок бул видео карантиндеги балдар маселесин козгоду.
"Балдар корунучта"
ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү карантин керектүү чара, бирок ал балдардын күнүмдүк турмушун чектеп жана балдарды коргоо иштерине кедергисин берип жатат дейт.

Сүрөттүн булагы, official
Ушу күндөрү интернаттагылар, ички жана тышкы мигранттардын балдары өзгөчө камкордукка муктаж болуп турган убак.
Ата-энеси жок же социалдык жетим балдар суук сөз, кол көтөрүү эле эмес, жыныстык да зомбулукка кабылышы мүмкүн. Бирок азыр алар карантинде болгондуктан, дарбаза артында эмне болуп жатат айтуу кыйын.
Ата-энеси барлар деле зомбулукка кабылбайт деген кепилдик жок, азыркы белгисиздик шартында сабыры жок айрым чоң кишилер ачуусун балдарынан чыгарышы мүмкүн.
"Ачууга алдырба"
Ысык-Көлдө балдар карантинге чыккан 16-марттан бери беш өспүрүм өз жанын кыйды.
"Карантин маалында беш суицид катталды. Ак-Суу, Жети-Өгүз, Тоң жана Ысык-Көл райондорунда жана Балыкчы шаарында ушундай кырсыктар болду. Азыр тергөө амалдары жүрүп жатат", -деди Би-Би-Сиге Билим берүү жана илим министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча куратору Бакытбек Рыспеков.
Кош кырсыктардан улам облустук бийлик ата-энелерге кайрылуу жолдоду.

Сүрөттүн булагы, turmush.kg
"Балдар суткасына 24 саат ата-энелердин кароосунда калды. Азыр алар өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Ата-энелер ачууга алдырбай, балдарын урушпоого чакырат элем. Ушундай маалда балдарыбыздан айрылып жатканыбыз абдан өкүнүчтүү",- деди өкмөттүн облустагы ыйгарым өкүлүнүн орун басары Элмира Үсөнова.
Каза тапкан балдар 11-14 жаштагы өспүрүмдөр экени такталды.
Кыргызстанда үстүбүздөгү жыл балдарды коргоо жылы деп жарыяланды. Бирок өлкөдө барган сайын балдарга жасалган зомбулук токтобой, ал тургай күчөп келет. Уруп-сабоо, сексуалдык эксплуатация,токмоктоп өлтүрүү балдарга карата зомбулуктун эң жайылган түрлөрү.
"Стресске алдырбаңыз"
Азыркы шарттагы белгисиздик чоңдорду деле паникага алып келип жатат. Ошондуктан өзүңөрдү колго алып, фейк маалыматтан алыс болуңуздар, дейт психолог Алтынай Кариева.

Сүрөттүн булагы, social media
" Чоңдордун маанайы балага өтөт, күзгү сымал. Чоңдор стресс абалында болсо балага да бул нерсе өтөт. Карантин маалында балдар эмнеге муктаж: эмоцияга, мээрим, түшүнүүгө. Баланын эмоциналдык абалын туруктуу кармаш үчүн туура эмес маалыматтан алыс болуп, оору тууралуу гана сүйлөшүп отурбастан, башка позитив жагына көңүл бурулса, балдардын эмоционалдык фону жакшырат. Карантин убагында балдардын режимин сактоо да абдан маанилүү. Түштө туруп, саат он экиде уктоосу туура эмес. Бала менен чогуу отуруп анын күнүн алдын ала уюштуруп алган оң. Эрте туруу, чогуу тамакка отуруу, окууга даярданууга убакыт бөлүнүүсү керек. Телефон-гаджеттерди такыр эле чектеп коюуга болбойт, ага күнүнө эки же үч саатка колдонууга убакыт берип, ата-эне өзү да үлгү катары ал эрежени карманса жакшы", -деди SEAR психологиялык борборунун психологу.
Адис карантин ата-эне үчүн балдары менен жакындашып алуу үчүн эң ыңгайлуу учуру экенин айтып, аны туура колдоно билүүгө чакырды.












