Ирандагы толкундоолор: Кыргызстандык талдоочулар эмне дейт?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ирандагы ички толкундоолор жарым айга созулуп, кырдаал курчуп турган чагы. Кыргызстан менен Иран ШКУ алкагында өнөктөш мамлекеттер экенин эске алганда, бул окуялардын аймактык, геосаясий мааниси да чоң. Кыргызстандык талдоочулар 90 миллионго жакын калкы бар Ирандагы башаламандыктардын тамырын жана анын аймакка тийгизүүчү таасирин кандай чечмелеп жатышат?
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 6-январда Ирандагы соңку кырдаалга байланыштуу кыргыз жарандарына расмий билдирүү тараткан.
"Министрлик акыркы күндөрү Иран Ислам Республикасынын бир катар шаарларында санкцияланбаган нааразычылык акциялары катталып жатканын билдирет. 2026-жылдын 6-январына карата Иран ТИМинин расмий маалыматы боюнча, Ирандын аймагындагы нааразычылык акцияларынын жүрүшүндө жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок. Жогоруда көрсөтүлгөн жагдайларга байланыштуу Министрлик Кыргыз Республикасынын жарандарына Иран Ислам Республикасына шашылыш жана аргасыз жумуштар болбосо, убактылуу баруудан баш тартууну сунуштайт" деп айтылган ал билдирүүдө.
Андан бери Ирандагы кыргызстандыктардын абалы тууралуу так маалымат жок. Өлкөдө интернет бөгөттөлүп, байланыш буулган.
Элчилик буга чейин ал жакта окуп, иштеп жүргөн 74 кыргызстандыкты этият болууга чакырган. Кыргыз жарандарына эл көп чогулган жерлерден, демонстрациялардан жана башка нааразычылык акцияларынан оолак болуусу эскертилген болчу. Элчилик кыргызстандыктар үчүн атайын ишеним номер даярдалганын да жарыялаган: +989352505226, +989352505229. Бирок азыр бул номерлер аркылуу да элчилик менен байланышуу мүмкүн болбой жатат.
"Дүйнөдө жок башкаруу системасы"
Кыргызстандык саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев Ирандагы орун алып жаткан окуялар боюнча Би-Би-Сиге анализ берди. Эксперттин айтымында, азыркы окуялар экономикалык маселеден тутангандай көрүнгөнү менен, башаты элдин башкаруу системасына болгон нааразылыгынан келип чыкты.
"1979-жылы Иранда бийликте турган шах кулатылып, анын ордуна келгендер республика курабыз дешкен. Бирок эл динди чанып, ошол жагыбыз жабыркайт деген логикалык тезис менен, диний таасирдеги башкарууну имплементация кылабыз деп, азыркы башкаруу системасына келишкен. Ошентип, Иранда теократиялык башкаруу системасы орноп калды. Иранда бир чети эл шайлаган президент, парламент бар. Бирок алардын үстүндө диний лидер деп, "аятолла" деген институт киргизип алышкан"- деди Акматалиев.
Аятолла деген ким?
Иран Ислам Республикасынын эң жогорку бийлик ээси болуп, 86 жаштагы Саид Али Хусейни Хаменеи эсептелет. Ал өлкөнүн руханий лидери эле эмес, Коргонуу күчтөрүнүн башкы кол башчысы дагы болот. Али Хаменеи Ислам революциясынын негизги фигураларынын бири катары белгилүү.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Аятолла эл шайлаган президенттин буйруктарын, чечимдерин жокко чыгарган укукка ээ болуп калган. Башкы аскер кол башчы статусу да бар. Ал эми аятолланы ким шайлайт? 88 диний эксперт чогулуп, аятолланы шайлайт. Башкаруу системасында эми ал диний эксперттерди ким шайлайт деген суроо чыгат. Аларды болсо кайра эле 12 кишиден турган диний кеңеш сыяктуу орган шайлайт. Анын жарымын аятолла өзү дайындайт, жарымын диний эксперттер көрсөтөт. Кыскасы, Иран ошентип бир чети демократиялык республика болобуз дейт, бирок ошол эле маалда диний таасирди ошол аятолла аркылуу сактап калышкан", - дейт эксперт Алмазбек Акматалиев.
Мындай башкаруу системасынын жыйынтыгында, кыйыр жол менен дайындалган аятолла өлкөдөгү реалдуу бийликтин ээси болуп келет. Ошентип, эксперттердин айтымында, Иран же монархия эмес, же республика эмес, же Сауд Аравия сыяктуу исламдык мамлекет да болбой, арабөк, татаал, дүйнөдө жок башкаруу системасына ээ болуп калды.
"Ирандын башкаруу системасындагы ушундай маселе барып отуруп, азыркы кризисине алып келди", -дейт Акматалиев.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Иран 46 жылдан бери жеке адамдын - Хаменеинин бийлиги алдында калды. Болбосо өлкө аябай өнүккөн, табигый ресурстарга бай. Мунай, газдын запасы боюнча дүйнөдө бешинчи орунда турат. «Шахиддерди» чыгарышты, согуштук дрон чыгаруу деле интеллекти талап кылат, эли таланттуу. Бул аябагандай көп каражатты да талап кылат. Ошол нерселерге мүмкүнчүлүгү жетип жаткан Ирандын башкага деле мүмкүнчүлүгү жетмек. Бирок, тескерисинче, булар 1979-жылы монархиялык түзүлүштү кулатып, исламдык башкаруу мамлекетин орнотушту. Светтик, секулярдык өлкөдө Конституция, мыйзам болот, булар шариат менен жашап калышты. Өлкөдө киреше согушка жумшалды. Ядролук уранды байытуу программасына аракет кылып, армиясын күчөтүштү. Жеке бийлик алдында болуп, АКШнын бийлигине каршы аракет кылган өзүнчө согуштук диктатурадагыдай абалда жашашты. Ошонун баары карапайым калктын жашоосуна тескери таасирин тийгизди. Каршылык акциялары азыр курчуп жатат деген менен, нааразылыктар 10-15 жылдан бери эле болуп келе жатат", - деди дагы бир серепчи Венера Акматова.
Деген менен бул жолку элдик толкундоолордун масштабы жана олуттуулугу мурункулардан кыйла айырмаланып жатканы даана болуп калды.
Эми Иранда окуя кандай өнүгүшү мүмкүн?
Талдоочулар аятолланын режими куласа, Иранды жиктелип, бөлүнүп кетүү тобокелчилиги тоорушу мүмкүн экенин айтып жатышат. Ирандын түндүгүндөгү Курдистан, Керманшах, Лурестан, Илам провинцияларында азерилер көпчүлүктү түзүшөт. Ал эми өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Систан, Белужистан провинцияларында белужилер бар. Бул этникалык азчылыктар Ирандан бөлүнүүнү каалашат. Ошондой эле Ирандын түштүгүндөгү Хузестан, Хормозган, Бушир жана Фарс провинцияларында жашаган 1,5 миллиондой арабдарды да эске алыш керек.
Иранда болуп жаткан толкундоолордун аягы кандай болуп бүтүшү мүмкүн, окуялардын өнүгүшүнүн кандай варианттары бар?
"Менин оюмча эки чоң вариант бар. Иран бирдиктүү мамлекет катары сакталат, чачырабайт. Бирок демократиялык нукта республика катары элдин, бийликтин үстүнөн диний көзөмөл азайып, классикалык республикаларга айланышы мүмкүн. Экинчи вариант - өлкө чачырап да кетиши ыктымал. Себеби, Иран көп улуттуу өлкө, анда бир топ улуттар жашайт, бирок аларды перс тилдүү жана түрк тилдүү деп шарттуу түрдө бөлсөк, жарым-жарымдан болуп калат экен. Азери тектүүлөр түрк тилдүү болуп, өзүнчө кетиши мүмкүн деген божомолдор бар. Чынын айтканда, биринчи вариант ишке ашса, дүйнөлүк жана регионалдык коопсуздукка деле ыңгайлуу болот эле. Чачырабай, динден көз карандысыз, светтик мамлекет болсо, дин деле өз нугу менен кете бермек. Менин оюмча Борбордук Азияга, Кыргызстанга дагы бул биринчи вариант жакшы болмок", -дейт Алмазбек Акматалиев.
Талдоочулар Ирандагы соңку толкундоолордогу коомдук сайттардын ролу тууралуу өзүнчө кеп кылышууда.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Коркутуп-үркүтүү менен, камоо-тыюулар менен башкаруунун доору бүтүп баратат деген чоң месседж жатат бул жерде. Муну ар бир өлкөнүн эли, мамлекет башчылары эске алышы керек. Анткени, биз жашап жаткан доор бекеринен жасалма интеллект, интернеттин доору эмес. Бул тике демократия. Көпчүлүк аңдай бербейт, социалдык желелер бул түптүз демократия. Анан ушундай маалыматты жашырып кое албай турган учурда авторитардык, диктатуралык бийликтин эч убакта келечеги болбой турганын Ирандагы акыбал дагы бир жолу көрсөттү" - дейт Венера Акматова.
Кыргызстандык талдоочу Кадыр Маликов Ирандагы окуяларда чет өлкөлүк күчтөрдүн таасирин көрөт. Ал АКШнын, Израилдин жана алардын союздаштарынын атайын кызматтары тарабынан максаттуу түрдө уюштурулуп жатат деп эсептейт:
"Ирандын мисалы гибриддик согуштун заманбап моделин көрсөтүп жатат. Ал сырттан басым жасоо жана ичинен ириткен, бирок башкарыла турган бейстабилдүүлүккө негизделген. Мында социалдык процесстер өзүнөн-өзү эле боло калган жок, бул жерде атайын кызмат, медиа ресурс, коомдук сайттар, тармактык платформалар жана радикал прокси топтор иштеген системдүү технология тууралуу сөз болуп жатат".
Кыргызстан-Иран кызматташтыгы
Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы дипломатиялык мамиле Кыргызстан эгемендик алгандан кийин эле түзүлгөн. Ал дайыма сый болгон менен конкреттүү аласа-бересе, экономикалык мамилелер менен тыгыз бекемделген эмес. Эки өлкө тең Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө.
Мурдагы президент Атамбаев 2015-жылдын аягында Иранга барган. Ирандын жетекчилери да соода-экономикалык жана инвестициялык байланышты бекемдөө үчүн Кыргызстанга расмий сапары менен келип турушат.
Иран бийлиги Кыргызстанга болгон сапарларында ГЭСтерди, дамбаларды, жолдорду курууга жардам берүүгө даяр экенин жана Кытай-Кыргызстан- Өзбекстан темир жолунун курулушун колдой турганын билдирген эле.
Былтыр августта президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Реза Арефти кабыл алган.
Жапаров Иран менен ар тараптуу кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар экенин баса белгилеген. Президент белгилегендей, кыргыз-иран өнөктөштүгүнүн маанилүү багыттарынын бири – эки өлкөнүн транспорттук-транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу, Кыргызстан Иран порттору аркылуу океанга чыгууга кызыкдар.
Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы соода көлөмү соңку жылдары 66 млн долларга жетти. Бул мындан беш жыл мурунку көрсөткүчтөрдөн эки эсе көп. Кыргызстан Иранга 2024-жылы 25 миллион долларлык товар экспорттогон. Анын ичинде жер-жемиштер, төө буурчак жана мал-жандыктар бар.
Ирандан Кыргызстанга ишкерлер фарфор, азык-түлүк, пластик жана мунай продукцияларын ташып келишет. Ал эми Кыргызстандан Иранга төө буурчак, кургак мөмө-жемиш жана башка продукцияларды сатууга аракет кылган ишкерлер да бар.
Иран: соңку маалыматтар
АКШ президенти Дональд Трамп ирандын жетекчилиги аны менен сүйлөшүүгө даяр экендигин билдирип, байланышка чыкканын айтты. "Ирандын лидерлери чалышты", "жолугушуу дайындалып жатат", -деди Трамп.
Расмий Тегеран азырынча бул тууралуу эчтеке дей элек.
The Wall Street Journal Трамп Иран боюнча өз кеңешчилери менен 13-январда жолукканы жатканын жазып чыкты.
Декабрдын соңунда Иранда жергиликтүү акчанын долларга катышы кескин түшүп кетип, соодагерлер нааразылык акцияга чыгышып, демонстрациялар кийин өлкө боюнча кулачын жайып кетти. Өзөктүк программасы үчүн Батыш салган санкциялардан улам ирандын экономикасы катуу жабыркап, инфляция деңгээли 40% жетти.
Маселен, риал соңку айда эле долларга карата эки эсе арзандап, учурда 1 доллар болжолу 1 000 000 риал болуп жатат. Кыргыз акчасына эсептегенде, болжолу 1 сом 11 367 риалга барабар.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Коопсуздук күчтөрү каршылык акцияларына чыккан элге каршы ок атып, жүздөгөн адам көз жумду.
АКШда жайгашкан Human Rights Activist News Agency (HRANA) укук коргоо уюму 500 чакты демонстрант каза тапканын билдирүүдө.
Өткөн аптада эле Трамп эгер иран бийлиги демонстранттарга ок ачса, "биз да аткылай баштайбыз" деген эле.
Ал арада демонстранттарга дем берип жаткан 64 жаштагы Реза Пехлеви 11-январда (соңку шахтын - Мохаммеда Пехлевинин уулу) Иранга кайтып барууга даяр экени билдирди. Ал учурда Вашингтондо жашайт, Пехвели АКШны "чечүүчү" убакта аракетке өтүүгө чакырды.











