Мигранттын кызы, прокурор: Камала Харрис тууралуу эмне билебиз?

Сүрөттүн булагы, Reuters
Калифорния штатынын мурунку башкы прокурору жана сенатор Камала Харрис АКШнын вице-президенттигине сунушталды.
Камала Деви Харрис 1964-жылы 20-октябрда Калифорния штатындагы Оклендде жарык дүйнөгө келген.
Анын апасы Шамала Гопаландын теги индиялык, ал эми атасы Дональд Харрис Ямайкадан келген мигрант болгон. Ата-энеси Беркли университетинде окуп жүргөн кезинде таанышкан. Апасы ракты дарылоо боюнча дипломдук ишин жазса, атасы экономика жаатында жогорку билим алган. Экөө тең укуктуулукту жактаган кыймылдын активисттери болуп, акция жана митингдерден калган эмес.
Харрис жети жашка толгондо ата-энеси ажырашып кетет. Сиңдиси экөөнү апасы жалгыз бой тарбиялаган. Үй-бүлө колу жука, афроамерикалыктар көпчүлүктү түзгөн райондо жашачу. Өткөн кылымдын 60-жылдары Калифорнияда расалык азчылыктар боюнча "интеграция" программасы жарыяланып, жакыр үй-бүлөдө жашаган кара терилүү балдарды актар жашаган бай райондордогу мектепке окутууну чечишет. Ошондой мектептердин бирине Харрис дагы бөлүнгөн.
Бала кезинде Камала индуист храмына дагы, кара терилүүлөр барган баптисттик чиркөөгө дагы барып турган.
"Менин апам кара терилүү эки кыздын тарбиялап жатканын жакшы түшүнгөн. Ошондуктан ал бизди өзүнө ишенген аял кылып өстүрдү",-деп жазган автобиографиялык китебинде.
Харрис мектептин аяктагандан кийин Вашингтондогу Ховард университетинин саясат таануу жана экономика адистиги боюнча бакалавр дипломун алган. Андан соң Калифорния университетинде юриспруденция боюнча жогорку билимге ээ болот.
Прокурор
1990-жылы Харрис адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенүүгө укук алуу үчүн экзамен тапшырат. Ал жумушту улантып кетпей Окленддеги прокуратурада иштөөнү чечкен. Жаңы кызматкерге алгач эле сексуалдык кылмыш боюнча иликтөөнү тапшырышкан.
1994-жылы Калифорния штатынын Мыйзам чыгаруу жыйынынын спикери Уилл Браун менен таанышкан. Ортодогу 30 жаш айрмачылыкка карабай экөө мамиле түзгөн. Чогуу коомдук иш-чараларга катыша баштаган. Браундун сунушу менен Камала штаттын жумушсуздарга жөлөк пул төлөө жана жакыр бүлөлөргө медициналык жардам көрсөтүү боюнча арыздарды караган комиссияга мүчө болуп кирет. Бул кызматы ага (прокурордун айлыгынан сырткары) жылына 80 миң доллар иштеп табууга мүмкүндүк берген.
Бир жылдан кийин Браунду Сан-Францисконун мэри кылып шайлашкан. Ушундан кийин Харрис аны менен эки башка жолго түшүүнү чечкен.
Сан-Францисконун прокуратурасында ишин уланткан Харрис өспүрүмдөр арасындагы сойкулукка каршы күрөшө баштайт. Анын кол алдында иштеген шаардагы укук коргоо органдары жашы жете элек сойку кыздарды кылмышкер эмес, кылмышкерлердин курмандыгы болгон жабырлануучу катары карай баштады. Ошентип кармалгандарды абакка эмес, реабилитациялык борборлорго жөнөтүшкөн. Харрис жергиликтүү элита менен дагы мамиле түзүүгө жетишип, кийин алар анын биринчи саясий өнөктүгүнө демөөрчүлүк кылып беришкен.
2003-жылы Сан-Францисконун прокурорлугу үчүн шайлоону утуп чыгып, биринчи жолу бул кызматка келген афроамерикалык болуп калды.
Ошол эле шайлоодо Сан-Францисконун мэри болуп Гевин Ньюс шайланган. Ал азыр Калифорния штатынын губернатору. Харрис экөө өтө жакын дос катары айтылып жүрөт.
Прокурорлук кызматта турганда Харрис полиция менен жана укук коргоочулар менен чатакташкан. 2003-2006-жылдары Сан-Францискодогу айыптоо чечимдери 52 пайыздан 67 пайызга чейин өскөн. Коомдук уюмдардын активисттери азырга чейин буга прокурордун өтө эле ашыкча катаал позициясы себеп болгонун айтып келишет.
2004-жылы Камала Харрис полициянын өлүмү боюнча айыпталган кишиге өлүм жазасын сурабады деп, полиция нааразылык билдирген. Жерге берүү зыйнатында прокурорду полиция кызматкерлери кыйкырыктар менен каршы алып, полициянын профсоюз уюмдары көптөгөн жылдар аны саясий жактан колдоодон баш тартып келген.
2010-жылы Харрис Калифорниянын башкы прокурору болуп шайланган.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Саясатчы
2004-жылы Харрис коомчулук алдында Барак Обаманы ачык колдоп чыккан Калифорниядагы расмий кишилердин биринчиси болду.
Кийин Обама анын талапкерлигин Жогорку Соттун мүчөлүгүнө көрсөтөт деген кептер айтыла баштайт. Харрис мындай сунуш аны кызыктырбай турганын айтып чыккан. Анын ордуна саясатка активдүү аралашуунун чечет. 2016-жылкы шайлоодо Калифорниядан сенатка шайланды. Бир жылдан кийин Коопсуздук жана укук иштери боюнча комитеттин мүчөсү болду. Ошентип саясатчы катары теле жылдызга айланды.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Талапкер
2019-жылдын күз айында Харрис демократтардын талапкери катары президенттик шайлоого катыша турганын жарыялады. Дебаттардын жүрүшүндө партиялашы Байденди катуу сынга алып келди. Декабрда шайлоо жарышынан чыга турганын билдирди. Аналитиктердин пикиринде буга анын рейтинги өтө төмөн болгону жана каражат тартыштыгы себеп болду.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Мунун алдында эле анын шайлоо штабы өтө эле катаал мамилесин жана жүйөсүз эле иштен кетирүүлөрүн айыптап чыгышкан. Штабды иш жүзүндө бир тууган сиңдиси Майя башкарып жатканы тууралуу да кеп жүргөн. Ушундан үч айдан кийин сенатор Харрис расмий түрдө талапкер Байденди колдоп чыкты. (AbA)










