АКШ: президенттик шайлоону Жо Байден утту

Сүрөттүн булагы, Reuters
АКШдагы президенттик шайлоодо Демократиялык партиянын талапкери Жо Байден "Шайлоочулар коллегиясынын" 273 добушуна ээ болду. Ал негизги штаттарда көпчүлүк добуш алды. Бирок бул азырынча расмий тыянак эмес.
Дональд Трамп болсо шайлоо тыянагына ишенбөөчүлүк көрсөтүп, сотко кайрылды.

Аракеттеги президент Трамп маанилүү штаттарда добуштарды саноодо бурмалоолор болду деп сотко кайрылды. Шайлоодо "жеңишке жеттим" деп жарыялаган Трамп эч кандай далилдерди көрсөткөн жок.
Учурда Байден 70.5 миллион шайлоочунун добушун алганы кабарланууда. Ошондо ал АКШ тарыхындагы эң көп добуш алган президент болуп калды. Дональд Трамп болсо 67.2 миллион добуш алды, бул 2016-жылдан төрт миллионго көбүрөөк. Алдын ала маалыматтарга караганда, бул жолку шайлоого катышуу соңку 120 жыл ичиндеги рекорддук көрсөткүчтө болду. Жалпы шайлоочулардын 66,9% добуш берген.

Шайлоонун тыянагы качан белгилүү болот?
Адатта добуштарды саноого бир нече күн кетет. Бирок буга чейин кимдин алдыга озуп чыкканы түн ортосуна чейин эле белгилүү болуп келген. Азыркы коронавирус пандемиясынан улам көпчүлүк шайлоочулар бюллетендерин почта аркылуу жөнөтүүгө аргасыз болду. Аларды саноо бир нече убакытты талап кылышы мүмкүн. Ошондуктан жаңы президенттин ысымы бир нече күн, балким апталап жарыяланбай турат.
Расмий добуш берүү күнүнө чейин эле америкалык шайлоочулардын дээрлик жарымы добушун берип койду. АКШнын шайлоо комиссиясы 91,6 млн. шайлоочу добуш берип, почта аркылуу бюллетендер келип түшкөнүн билдирди. Эгерде 2016-жылдагы шайлоочулардын саны менен эсептесек, бул шайлоочулардын 43 пайыздайын түзөт. Төрт жыл мурун шайлоого катышуу 67 пайызды түзүп, 136,5 млн. киши добуш берген.
Расмий маалыматтар боюнча 35 штатта жана Колумбия округунда шайлоочулардын жарымы добушун берип койду. Флорида жана Жорджия, Түндүк Каролинада октябрдын соңуна чейин шайлоо бюллетендеринин 70 пайызы берилген. Техаста болсо бул 90 пайызды түздү.
Көпчүлүк штаттарда шайлоо тыянагы алдын ала эле белгилүү. Бирок бир дагы талапкер аны менен ишенимдүү жеңишти камсыздай албайт. Кошмо штататтарда шайлоочулардын өзүнөн добуш алуудан мурун шайлоочулар коллегиясынан добуш алуу маанилүү. Анткени шайлоонун жыйынтыгы ушулардан көз каранды. АКШ 50 штаттан жана Колумбия округунан турат. Алардын ар биринде "Шайлоочулар коллегиясы" деп аталган топ бар. Алардын саны ар бир штаттагы калктын санына байланыштуу болот. Шайлоочулардын коллегиясынын жалпы саны 538 киши. Жеңип чыгам деген талапкер кеминде 270 добуш алуусу керек.

Чечүүчү аймактар
Шайлоонун негизги тыянактары "оома" штаттарда чечилет. Алар: Флорида (29), Пенсильвания (20), Огайо (18), Жорджия менен Мичиганда (16дан), Түндүк Каролинада (15), Аризона (11) жана Висконсин (10). Жалпысы болуп "оома" штаттардагы "Шайлоочулар коллегиясынын" жалпы добушу 135 болот.
Буга чейин шайлоонун тыянагы эртеси күндүн таңында эле жарыяланып келген. Эске салсак, 2016-жылы Дональд Трамп түнкү саат үчтө Нью-Йоркто тарапташтарынын алдына чыгып, жеңишин жарыялаган. Бул жолу жыйынтык узак убакытты талап кылууда.
Акыркы жолу мындай учур 2000-жылдагы шайлоодо болгон. Анда жеңүүчү бир айдан кийин Жогорку Соттун чечими менен гана белгилүү болгон.

"Шайлоочулар коллегиясы" деген кимдер?
Кошмо Штататтарда шайлоочулардын өзүнөн добуш алуудан мурун шайлоочулар коллегиясынан добуш алуу маанилүү. Анткени шайлоонун жыйынтыгы ушулардан көз каранды. АКШ 50 штаттан жана Колумбия округунан турат. Алардын ар биринде "Шайлоочулар коллегиясы" деп аталган топ бар. Алардын саны ар бир штаттагы калктын санына байланыштуу болот.

Сүрөттүн булагы, Reuters/EPA
Калк жыш жайгашкан Калифорния сыяктуу штаттарда коллегиянын мүчөлөрү (55 ) башка чакан штаттарга салыштырганда көбүрөөк. Ал эми Батыш Виржиния сыяктуу майда штаттарда алардын саны бешөө эле.
"Шайлоочулар коллегиясынын" жалпы саны 538 киши. Жеңип чыгам деген талапкер кеминде 270 добуш алуусу керек. АКШнын тарыхында талапкер атаандашынан аз добуш алып, бирок жеңишке жетишкен төрт учур болгон. 2000-жылы Жорж Буш атаандашы Альберт Гордон аз добуш алса да президенттик шайлоону утуп чыккан. Анткени Бушту шайлоочулар коллегиясынын 271 мүчөсү колдогон.
Бирок шайлоочулар коллегиясы чакан штаттар үчүн артыкчылык берип, бардык штаттар калкынын санына карбастан бирдей сандагы сенаторлорго ээ. Ошол эле учурда эл өкүлдөр палатасынын делегаттардын саны ар бир штаттын жашоочуларынын санына пропорциялуу.











