Арман жана атак коштогон жаштык: Жо Байден тууралуу

Сүрөттүн булагы, Roberto Schmidt / Getty Images
АКШда президенттик шайлоону утуп чыккан Жо Байден ант берет. Ал жашы бир топко барып калган, такшалган, дасыккан саясатчы. Би-Би-Си анын ар кайсыл курактагы сүрөттөрүн жана өмүрүндөгү урунтуу учурларды сунуштайт.

Жаштык

Сүрөттүн булагы, Alamy
Жозеф Робинетт Байден Пенсильвания штатынын Скрантон шаарында 1942-жылы төрөлгөн. Үй-бүлөсүндөгү төрт баланын эң улуусу.
Байден окуучу кезинде бир аз кекечтенип сүйлөгөндүктөн аны шакаба кылышчу. Бирок ал күзгү алдында туруп, ырларды окуп, мындан арыла алган.
Делавэр штатындагы университеттен тарых жана саясат таануу боюнча жогорку билим алган. Андан кийин Нью-Йорк штатындагы Сиракуз университетинде укук таануу боюнча окуйт. Ошол жерде окуп жүрүп, болочок жубайы Нелия менен таанышкан.
Окууну аяктагандан кийин Байден Делавэр штатынынын Уилмингтон шаарындагы юридикалык фирмада эмгек жолун баштаган.

1970-жылдар

Сүрөттүн булагы, Getty Images
1972-жылдагы шайлоодо 30 жаштагы демократ Жо Байден Делавэр штатынан сенатор болуп шайланган. Ал фаворит саналган республикачыл атаандашын утуп чыгат деп эч ким күткөн эмес.
Бирок сенатка салтанаттуу ант берүүгө чейин эле, бир нече апта алдын унаа кырсыгынан Байдендин жубайы жана бир жаштагы кызы Наоми набыт болуп, уулдары Хантер менен Бо оор абалда ооруканага түшкөн. Байден өзүнүн сенаттагы алгачкы антын уулдары жаткан ооруканада туруп берген.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

1980-жылдар
Вашингтондо иштеген 14 жыл ичинде Байден кайра үйлөндү. Уулдарын эч качан жалгыз калтырбай турганын айткан Байден Делавэрден Вашингтонго барып келип иштеген. 1977-жылы мектепте иштеген Жилл Жейкобс менен баш кошуп, Эшли ысымдуу кыздуу болушкан.

Сүрөттүн булагы, Arnie Sachs / Getty Images
Байден сенаттагы Юридикалык комитетке кирип, улуттук деңгээлдеги саясатчыга айланат. 1987-жылы биринчи жолу президенттик шайлоого катышып, плагиатчылык боюнча айыптоолордон кийин талапкерлигин алып салган. Аны шайлоо өнөктүгү учурунда Нилл Кинноктун (ошол маалда Британиядагы Лейбористтик партиянын лидери) айткандарын сөзмө-сөз кайталады деп айыпташкан.

1990-жылдар

Сүрөттүн булагы, Wally McNamee/ Getty Images
1991-жылдын 11-октябрында америка коомчулугунун көңүлүн бурган окуя катталды. Оклахома университетинин укук таануу боюнча профессору Анита Хилл сенаттын Юридика комитетинде көрсөтмө берип, Жогорку Сотко талапкер болуп жаткан Кларенс Томас бирге иштеп жүргөн учурда сексуалдык ыдык көрсөткөнүн айтып чыккан.
Жо Байден комитеттин төрагасы эле. Ошондуктан анын чечимин азыркы күнгө чейин сынга алып келишет. Анткени ал Хиллдин сөзүн ырастай турган башка бир топ аялдардын көрсөтмө беришине каршы болуп койгон.
2019-жылдагы интервьюсунда Байден ошондогу чечимине өкүнүчүн билдиргени бар.

2000-жылдар

Сүрөттүн булагы, Joe Raedle / Getty Images
2008-жылы Байден демократтардан презединттикке талапкер болуп чыкты. Бирок демократтар Барак Обамага артыкчылык берген. Байден болсо саясаттагы жаңы деңгээлге чыгып, вице-президент болду.
Обама менен Байден тандем болуп, эки президенттик мөөнөткө иштеген жана экөө абдан ынак кишилерге айланышкан.

2010-жылдар

Сүрөттүн булагы, Michael Reynolds / Getty Images
Президенттик мөөнөтүнүн акыркы жылдарында Барак Обама АКШдагы эң жогорку сыйлыктардын бири - Эркиндик медалын Жо Байденге ыйгарды.
Вице-президент болуп ийгиликтүү иштеп жүргөн жылдары Байдендин жашоосунда дагы бир чоң жоготуу болду. 2015-жылы тун уулу Бо 46 жашында оорудан каза табат. Аны болочоктогу чоң саясатчы катары көрө башташкан эле. Бо 2016-жылдагы сенатка шайлоого катышуу нитеин билдирген экен.
Сүрөттөр автордук укук менен корголгон











