Жек көрүү жана сүйүүгө арзыган Маргарет Тэтчер
Линколншир графтыгындагы Грантем шаарынын жергиликтүү бийлиги Маргарет Тэтчерге көлөмдүү эстелик тургузууну чечти.

Сүрөттүн булагы, PA
Грантем 30 миң киши жашаган чакан шаар. Чакан шаардын жашоочулары эки жердеши менен сыймыктана алат - Исаак Ньютон жана Маргарет Тэтчер.
Тэтчерге эстелик тургузуу маселесинде британдыктардын пикири бир кылка эмес. Анткени "темир айымга" карата биртандыктардын пикирлери өтө карама-каршылыктуу.
Өлкөнүн мурунку өкмөт башчысына коюла турган эстеликти скульптор Даглас Женнингс жасаган. Адегенде аны парламент имаратынын жанына тургузууну чечишкен эле. Кийин кайра ал чечимден айнып кетишти.

Сүрөттүн булагы, PA
Буга каршылар көп болду. Ошондуктан кийин Грантем шаарын ылайык көрүштү. Деген менен бул чакан шаарда деле кубаттагандар көп деле көзгө урунган жок.
"Маргарет Тэтчердин саясий карьерасындагы жана саясий мурасындагы карама-каршылыктуу табиятынан улам, эстеликти бузуп-жарып кетпөө үчүн жерпайын бийик орнотуу" зарылдыгы жаралган.
Жыйынтыгында үч метрлик эстеликти дагы бир метрге чейин бийиктетүүгө аргасыз болушту. Маргарет Тэтчер мындан беш жыл мурун көз жумган. Анын саясий карьерасы 30 жыл мурун бүткөн. Анда эмне үчүн анын инсан катары басып өткөн жолу жана саясий карьерасы мынчалык карама-каршылыктуу?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Көзү өткөн киши тууралуу жакшы сөз айтуу керек же унчукпаган оң
Баронесса Тэтчер 2013-жылы 87 жашында көз жумган. Ал өкмөттү башкарып турган жылдан бери туура 23 жыл артта калды. Өмүрүнүн соңку жылдарында деменциядан жабыркап жүргөн. Маселен, ага күн сайын күйөөсү мурда эле каза тапканын эстетип турушкан.
Эмне үчүн улгайган аялдын өлүмү айрым британдыктарды ушунчалык кубантты? Эмнеге алар "көзү өткөн кишилер тууралуу жакшы сөз айтуу керек, болбосо унучукпаган оң" деген кылымдан бери келе жаткан наркты бузушту?

Сүрөттүн булагы, Dan Kitwood
Ооба, мурдагы премьерге ич күптүүсүн ачыкка чыгаргандар саны көп деле болгон эмес. Бирок негедир алардын үнү өтө катуу угулуп турган.
Өз элинен чыккан пайгамбар жок
Тагдырдын тамашасын караңыз, Тэтчер учурунда Горбачевду баалап сүйлөгөн экен.
"Горбачев мырза мага жагат. Менимче биз бирге иштеше алабыз деп ойлойм",-деп айткан.
Мына ушул эки саясатчы, эки лидер кийин өз мекенинде карама-каршылыктуу инсанга айланып каларын анда ким билди дейсиң. Көптөгөн орусиялыктар Горбачевду кубаттуу державаны ураткан деп эсептешет. Айрым британдыктар болсо Тэтчердин эркин базарга артыкчылык берген саясатын такыр эле жактырган эмес.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ошол эле учурда "темир айымга" кайдыгер караган кишини таппайсың. Тэтчер чоң сүйүүгө, ошол эле учурда жек көрүүгө арзыган лидер.
Шахтерлор, өнөр жай жана профсоюздар
"Бетеге кетет бел калат. Бектер кетет эл калат". Канчалаган премьер-министрлер бийликке келип кеткен жок. Тилекке каршы, алардын айрымдары гана тарыхтын жана элдин эстутумунда калат эмеспи.
Уинстон Черчилль өлкөнү согуш жылдарынан алып чыкты. Маргарет Тэтчер болсо, өлкөнүн экономикалык структурасын түбөлүккө өзгөрттү.
Тэтчер 1979-жылы премьерлик кызматка келгенде ошол кездеги саясий турмуштагы негизги табуну бузган. Ал пайдасынан зыяны көп болгон өнөр жай тармагын каржылоону токтоткон. Мурда болсо жумушсуздукту ооздуктап калуу үчүн мындай тармактарга акча салып келишкен.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Маргарет Тэтчер өкмөттү башкарып турган жылдары жумушсуздар саны жарым миллиондон үч миллионго өскөн. Оор өнөр жайы бар көптөгөн район, шаарлар экономикалык "өлүү аймактарга" айланган.
Тэтчер киреше алып келбеген компанияларга акчалай колдоо көрсөтүүгө өкмөт милдетүү эмес дегенге бекем турган.
Анын экономикалык реформаларынан кийин өндүрүш аймактарында жумушсуздук күч алып, элдин кирешеси кескин төмөндөгөн. Тэтчердин жетекчилиги менен өткөн транспорттук жана инфраструктуралык тармактарды менчиктештирүү өнөктүгү баалардын кымбатташын шарттаган.
Аны Британиядагы жумушчу катмарынын таянычтарын - оор өнөр жайын, профсоюздарды, социалдык турак-жайларды, камсыздандырууну ыдыраткан негизги "бузуп-жаргыч" деп эсептешкен.
Бара-бара бардык мүшкүлү үчүн Маргарет Тэтчерди күнөөлөп башташкан. Жумуш жокпу? Тэтчер ишканаларды жаап салды. Бекер турак-жай жокпу? Тэтчер аны сатып жиберди. Мектепте бекер сүт берилбей калдыбы? Тэтчер аны балдардан тартып алды.
Көмүр шахталарын көмүү
Тэтчерге азырга чейин каргыш айткандар бул көбүнчө көмүр кени чыккан аймактардын жашоочулары болсо керек. Анткени алар Тэтчердин реформасы шахталардын ишин дээрлик токтоткон деп эсептешет.
Статистиканы алсак, "темир айым" бийликке келген алгачкы жылдарда Британияда 230 миң көмүр шахтасы иштеп турган. Анын бийлигинин акыркы жылдарында 57 миң гана шахта калган. Азыр алардын саны алтыга да жетпейт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Чынында Тэтчер ХХ кылымдын 20-жылдарынан тарта өзгөрүүсүз келген абалга чекит койду. Шахта кендеринде иштегендер саны миллионго чейин кыскарган.
Анын "темир айым" деген репутациясы Фолкленд согушу учурунда чыңдалды. Рональд Рейгандын "Аргентинаны басмырлаба" деген кийгилишүүсүнө карабай, Фолкленд аралын аскер күчү менен ыйгарып алган.

Чынында анын мүнөзү кайталангыс татаал жана курч болгон. Ал башкарган жылдардан бери чейрек кылымга чукул убакыт өтсө дагы, талаш-талкуунун, карама-каршы пикирлердин чордонунан түшпөй келген саясатчылар саналуу эле. Аны жакындан билгендер, Тэтчер коомдук пикирлер менен эспетешпеген учурлары көп болгонун айтышат. (AbA)
*












