АКШ: Добуштар саналып жатканда каршылык акциялары башталууда

каршылык жүрүшү

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аризонада Трамптын тарапташтары добуштарды саноону токтотууну талап кылууда

АКШдагы президенттик шайлоонун тыянактары качан чыгары белгисиз. Ал ортодо бир катар шаарларда каршылык акциялары башталды.

Орегон штатынын Портланд шаарындагы Трамптын тарапташтарынын акциясы башаламандыкка айланып, Улуттук гвардиянын күчү менен таратылды. Күбөлөрдүн айтымында, каршылык билдирип чыккан чакан топ шаардын борборундагы витриналарды талкалап баштаган. Полиция муну башаламандык деп атады.

Миннеаполисте жолду бөгөп алган бир нече кишини полиция камакка алды. Жергиликтүү ЖМК бул жердеги демонстранттар Дональд Трампка жана анын добуштарды саноону токтотуу чакырыгына каршы чыкканын жазды.

каршылык жүрүшү

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Ушундай эле мүнөздөгү каршылык акциялары Нью-Йоркто, Филадельфияда жана Чикагодо өттү.

Детройтто Трамптын тарапташтары добуштар саналып жаткан борборго чогулуп, терезелерди ургулап, бюллетендерди саноону токтоткула деп талап коюшту.

Аризонадагы Марикоп округунда дагы Трамптын тарапташтары добуш саналып жаткан борбордун алдына чогулган. Коомдук сайттарга чыгып кеткен видеону карасак, бул жерде болсо добуш саноону улантуу талабы айтылат.

Cоңку маалыматтар

Добуш саноо

Сүрөттүн булагы, Reuters

Жыйынтык мурдагыдай эле алты "оома" штаттан көз каранды болуп турат. Байден азырынча атаандашы Трамптан алдыда баратат. Бирок баары өзгөрүп кетиши мүмкүн.

Жорджияда эсептеле элек 90 миңдей бюллетен калды. Бул жерде Трамп Байденден 28 миңге көп добуш менен алдыда.

Невадада Байден 7,6 миң добуш менен алды. Жаңы тыянактар жергиликтүү убакыт боюнча бейшембинин кечинде жарыяланат.

Аризондагы соңку тыянаткар жакынкы саттарда жарыяланат деп күтүлүүдө. Аймактан жеңишке жетүү Трамп үчүн өтө маанилүү.

Висконсинде Байден бир аз айырма менен алдыга чыкканы айтылды. Маалымат булактары Жо Байден Мичиганда жеңишке жетишкенин жазды. Мурда дайыма демократтарды колдоп келген шатат 2016-жылы Трамп үчүн добуш берген эле.

Алдын ала маалыматтарга караганда, бул жолку шайлоого катышуу соңку 120 жыл ичиндеги рекорддук көрсөткүчтө болду. Жалпы шайлоочулардын 66,9% добуш берген.