Шайлоодон кийин башаламандык болобу? АКШнын ири шаарларындагы даярдык

жумушчулар иштеп жатат

АКШнын баш калаасы башаламандыктарга алдын ала даярданууда. Жыгач панелдер менен мейманкана, банк, ресторандар сыяктуу имараттардын сыртын тосуп салышты. Федералдык мекемелерге кошумча күзөтчүлөр жөнөтүлүп жатат.

Президенттик шайлоого бир күн калганда Вашингтондо курулуш жүрүп жаткандай балканын үнү жаңырып, ширетүүчүлөрдүн жаны тынган жок. Көпчүлүк дүкөндөр терезелеринен бери бекем жаап алды.

"Биз мындайды июндагы Жордж Флойддун өлүмүнөн кийинки каршылык жүрүштөрүнүн маалында жасадык",-деди курулушчулардын бригадири Диего Диас.

Сценарий чатак болсо

жумушчулар иштеп жатат

Коомдук пикирди сурамжылаган айрым тыянактарга ылайык, америкалыктардын 56% добуш берүү күнү массалык акциялар жана анын артынан зомбулук болушу мүмкүн деп эсептейт.

Сценарийдин ушундай чатак абалга өтүп кетишинен чочулап, бир нече штаттын жана ири шаарлардын бийлиги алдын ала даярдыктарды көрүүдө. Өткөн аптада Politico басылмасына маек берген Калифорниянын губернатору, демократ Гэвин Ньюсом добуштарды саноо маалында кагылышуулар болуп кетиши мүмкүн деген кооптонуу бар экенин айтты. Мындай кагылышуулар Трамп менен Байдендин тарапташтары ортосунда болуп кетиши ыктымал.

"Биз ар дайым түрдүү сценарийлерди эске алып, ага даярык көрөбүз",-деди губернатор.

АКШнын Ички коопсуздук министрлиги ири шаарларга атайын полиция бөлүктөрүн жөнөттү.

"Биздин бөлүктөр зарылчылык болгон учурда гана аракеттенүүгө даяр. Бирок азырынча алдыдагы башаламандыктардын болуп кетишине негиз болгон эч кандай ынанымдуу маалымат жок",-деди CNN телекомпаниясына министрликтин жогорку даражадагы жетекчилеринин бири Кен Куччинелли.

трамптын тарапташтары

Сүрөттүн булагы, Reuters

Ушул эле телекомпания Ак үйдөгү булактарына таянып, эгерде шайлоодо Дональд Трамп жеңишке жетишсе, толкундоолор болуп кетиши ыктымал деген маалыматтар бар экенин ырастайт. Федералдык бийлик мындай наарзылыктар демократтарды көп колдогон Нью-Йорк, Вашингтон сыяктуу ири шаарларда болуп кетиши мүмкүн экенин жокко чыгарбайт. Ошол эле маалда Жо Байден жеңишке жетсе, масштабдуу каршылык жүрүштөрүн күтпөй деле койсо болот, деген телеканалга малымат берген Ак үйдөгү кызматкерлердин бири.

Мындай божомолдорго президент Трамптын кайрылуулары негиз болуп берди. Акыркы айлардагы кайрылууларында добуш берүү массалык түрдө бурмаланып кетиши мүмкүн экенин айтып, тарапташтарын ошол күнү "добуш берүү жайына келип", демократтардан "жеңишин коргоп калууга" чакырган.

Президент тынчтык жол менен бийликти өткөрүп берүү тууралуу суроолорго да жооп бербей келүүдө. Ал атаандашы Жо Байдендин утуп чыгышы мүмкүн эмес дейт.

Ал ортодо шайлоодон кийин массалык акциялар, башаламандыктар болуп кетсе, канча чыгым тартабыз деп, ишкерлер убайымга түшүп турат.