Президенттик шайлоонун маара сызыгы: АКШда шайлоочулардын жарымы добушун берди

Сүрөттүн булагы, Getty/EPA
АКШ тарыхында биринчи жолу президенттик шайлоо расмий добуш берүү күнүнө чейин эле белгилүү болот окшойт. Расмий добуш берүү 3-ноябрда өтөт. Бирок америкалык шайлоочулардын дээрлик жарымы добушун берип койду. Ал эми коомдук сурамжылоолор Жо Байден атаандашынан алдыга чыкканын көрсөтүүдө. Деген менен төрт жыл мурун деле сурамжылоолор Дональд Трамптын утулушун көрсөткөн эмеспи.
Расмий добуш берүүгө үч күн калганда эле АКШнын шайлоо комиссиясы 91,6 млн. шайлоочу добуш берип, почта аркылуу бюллетендер келип түшкөнүн билдирди. Эгерде 2016-жылдагы шайлоочулардын саны менен эсептесек, бул шайлоочулардын 43 пайыздайын түзөт. Төрт жыл мурун шайлоого катышуу 67 пайызды түзүп, 136,5 млн. киши добуш берген.
Расмий маалыматтар боюнча 35 штатта жана Колумбия округунда шайлоочулардын жарымы добушун берип койду. Флорида жана Жорджия, Түндүк Каролинада октябрдын соңуна чейин шайлоо бюллетендеринин 70 пайызы берилген. Техаста болсо бул 90 пайызды түздү.
Пандемия шартында алдын ала добуш берүү керек дегенге демократтар катуу турган. Добуш берүү күнү кишилердин жыйылып калышына жол бербөө чакырыктары болгон эле. Байкоочулар шайлоого катышуу активдүүлүгүн Жо Байдендин пайдасына иштейт деп чечмелеп жатат. Шайлоого үч күн калганда чыккан социалдык сурамжылоолор Байден атаандашы Дональд Трамптан кеминде 9 пайыз алдыда баратканын көрсөтүүдө.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Бирок бул жыйынтыктарга демократтар этияттык менен карап жатат. Анткени мурунку шайлоодогу сурамжылоолор теңирден тескери жыйынтыгын берген.
"2016-жылдагы шайлоонун босогосунда социалдык сурамжылоолордун баары Хиллари Клинтондун жеңишин айтып турган. Ал 3-5 пайыз алдыга чыгат деп күтүлгөн. Бирок жеңиш Дональд Трампта болуп, салттуу түрдө демократтарды колдоп келген штаттардан дагы добуш алып кетти",-деп белгиледи ысымын айтуудан карманган Байдендин штабында иштеген кеңешчилердин бири.
2016-жылы Трамп бардык божомолдор боюнча атаандашы Хиллари Клинтондон аз добуш алган. Деген менен америкалык шайлоо мыйзамдары боюнча шайлоочулар коллегиясынын көп колдоосун алып, жеңишке жетти. Андан кийин конгресске шайлоодо дагы республикачылар көпчүлүк добушка ээ болушкан.
Трамптын президенттигинин алгачкы эки жылында демократтар эч кандай саясий таасирге ээ боло албай калды. Эки жылдан кийин гана Өкүлдөр палатасына болгон шайлоону утуп чыгып, кырдаалды өзгөрткөн.
Бул жолу республикачылардын колдоосу бошоңдой түштү дейт эксперттер. Мунун негизги себеби катары коронавирус эпидемиясын атап жатышат. Вирустан өлкөдө 230 миң киши көз жумду. АКШ жарандарынын 20 млн. чамалуусу жумуш ордунан ажырап калды.
Шайлоочулардын көпчүлүгү мындай абал үчүн Трампты айыптап, анын эпидемияга каршы кечиккен күрөшү бүлгүнгө алып келди деп эсептешет.

Сүрөттүн булагы, EPA
"Шайлоочулар коллегиясы"
Кошмо штататтарда шайлоочулардын өзүнөн добуш алуудан мурун шайлоочулар коллегиясынан добуш алуу маанилүү. Анткени шайлоонун жыйынтыгы ушулардан көз каранды. АКШ 50 штаттан жана Колумбия округунан турат. Алардын ар биринде "Шайлоочулар коллегиясы" деп аталган топ бар. Алардын саны ар бир штаттагы калктын санына байланыштуу болот.
Калк жыш жайгашкан Калифорния сыяктуу штаттарда коллегиянын мүчөлөрү (55 )башка чакан штаттарга салыштырганда көбүрөөк. Ал эми Батыш Виржиния сыяктуу майда штаттарда алардын саны бешөө эле.
Шайлоочулардын коллегиясынын жалпы саны 538 киши. Жеңип чыгам деген талапкер кеминде 270 добуш алуусу керек. АКШнын тарыхында талапкер атаандашынан аз добуш алып, бирок жеңишке жетишкен төрт учур болгон. 2000-жылы Жорж Буш атаандашы Альберт Гордон аз добуш алса да президенттик шайлоону утуп чыккан. Анткени Бушту шайлоочулар коллегиясынын 271 мүчөсү колдогон.
Бирок шайлоочулар коллегиясы чакан штаттар үчүн артыкчылык берип, бардык штаттар калкынын санына карбастан бирдей сандагы сенаторлорго ээ. Ошол эле учурда эл өкүлдөр палатасынын делегаттардын саны ар бир штаттын жашоочуларынын санына пропорциялуу.
Эмне үчүн шайлоочулар коллегиясы тандайт?
1787-жылы АКШда конституция кабыл алынганда, өлкөдө 13 гана штат бар эле. Чакан штаттар өздөрүнүн укугу көлөмдүү штаттардын алдында басмырланып калбайбы деп кабатырланышкан.
Ошону менен бирге президентти түз добуш берүү аркылуу шайлоо көпчүлүк үчүн тобокелчил иш катары көрүнгөн. Анан шайлоочулардын коллегиясы деген система орундуу деп табылып, бул өлкөнүн курамындагы ар бир штатка ыйгарым укук берет деп эсептелген. Коллегиянын мүчөлөрүн штаттын мыйзам чыгаруу органдары дайындашкан.
Мезгилдин өтүшү менен талапкерлерди көрсөтүү кийин саясый партиялардын үлүшүнө ооду. Эгер бир дагы талапкер шайлоо коллегиясынын көпчүлүк добушун албаса, анда президентти эл өкүлдөр палатасы дайындайт.
Шайлоолор эмне үчүн ар дайым шейшемби күнү өткөрүлөт?
1845-жылы ноябрь айында президенттик шайлоону шейшембиде өтөт деп бекитилген. XIX кылымдын орто ченинде АКШ агрардык өлкө болгон. Ал учурда фермерлер үчүн жакынкы шайлоо участкасына жетүү үчүн ат менен барууга туура келген. Кээ учурда ферма менен мындай жайлардын аралыгы бир нече чакырымды түзгөн. Ишемби жумуш күнү болгон, жекшемби чиркөөлөргө барып сыйынуу, сейилдөө күнү эсептелген. Ал эми шаршемби күнү базарлар иштеген. Демек мындай шартта шейшембиден башка тандоо болгон эмес.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Оома" штаттар
Көп штаттар ар дайым туруктуу түрдө бир эле партияны колдоого алып келишет. Бирок Флорида, Пенсильвания жана Огайо сыяктуу "оома" штаттар да бар. Алардын тандоосу ар дайым өзгөрмөлүү жана арсар. Так ушул штаттарда шайлоо алдындагы өнөктүктөр активдүү жүрүп, ар бир добуш үчүн күрөш болот.










