Байден жеңишке жакын: АКШ шайлоосу маарасына жетүүдө

АКШ президенттигине шайлоонун тыянагы кыл учунда турат. Дональд Трамп менен анын атаандашы Жо Байдендин жеңиши "оома" штаттарда чечиле турган болду. Азырынча демократтардын талапкери аз айырма менен алдыда. Бирок кайсыл бир талапкерге жеңишти ишенимдүү ыйгарууга эрте.
Шайлоого чечүүчү таасири берген штаттардагы добуш саноо жакынкы сааттарда бүтөт деп күтүлүүдө. Соңку расмий тыянакты бир нече күн күтүүгө туура келет.
"Шайлоочулардын коллегиясынын" жалпы саны 538 киши. Жеңип чыгам деген талапкер кеминде 270 добуш алуусу керек. Байден бир аз артыкчылыкка ээ болуп жатат. Ага "Шайлоочулардын коллегиясынын" 243ү добуш берди. Ал эми Трамп 214 добуш алды.
Байден жалпы добуштар саны боюнча 2,5 миллион көп добуш алды. Бирок 2016-жылы Хиллари Клинтон дээрлик үч миллион көп добуш алып, шайлоодон утулуп калганын билебиз.

Жорджияда Трамп алдыда бара жатат. Ал Байденден дээрлик 39 миң добуш көп алды. Азыр бул аймакта 200 миңдей гана бюллетен санала элек деди шайлоо комиссиясынын өкүлү.
Түндүк Каролинада Трамп 76,7 миң добуш көп алды. Бирок соңку жыйынтык 13-ноябрда гана белгилүү болот.
Висконсинде Байден азырынча 20,5 миң добуш көп алып, алдыда келе жатат. Добуштардын дээрлик 99 пайызы саналып бүткөн.
Пенсильванияда Трамп 187 миң добуш менен озуп чыкты. Бирок азырынча жүз миңдеген бюллетендер эсептелип бүтө элек. Демократтарды колдогон аймактардагы көпчүлүк бюллетендер почта аркылуу жөнөтүлгөн.

Учурдагы президент 74 жаштагы Дональд Трамп менен мурдагы вице-президент 77 жаштагы Жо Байдендин кимиси утуп чыгары дүйнөнүн көңүл борборунда турат.
Демократтар Аризонадан көпчүлүк добуштарды алды. Бул аймакта Билл Клинтондон бери демократтар жеңишке жете элек болчу.
Аймактагы добуштардын 73 пайызы саналгандан кийин Байден 53,9 пайыз менен алдыга чыкты. Трампка шайлоочулардын 44,7% добуш беришкен. Дагы алты округдун тыянактары келе элек. Ошондуктан азырынча ким утуп чыгары белгисиз.
Канзаста добуштар 70% эсептелип бүтүп калды. AP ал жерден Трамп утуп чыгарын болжоп жатат.

Шайлоонун тыянагы качан белгилүү болот?
Адатта добуштарды саноого бир нече күн кетет. Бирок буга чейин кимдин алдыга озуп чыкканы түн ортосуна чейин эле белгилүү болуп келген. Азыркы коронавирус пандемиясынан улам көпчүлүк шайлоочулар бюллетендерин почта аркылуу жөнөтүүгө аргасыз болду. Аларды саноо бир нече убакытты талап кылышы мүмкүн. Ошондуктан жаңы президенттин ысымы бир нече күн, балким апталап жарыяланбай турат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Расмий добуш берүү күнүнө чейин эле америкалык шайлоочулардын дээрлик жарымы добушун берип койду. АКШнын шайлоо комиссиясы 91,6 млн. шайлоочу добуш берип, почта аркылуу бюллетендер келип түшкөнүн билдирди. Эгерде 2016-жылдагы шайлоочулардын саны менен эсептесек, бул шайлоочулардын 43 пайыздайын түзөт. Төрт жыл мурун шайлоого катышуу 67 пайызды түзүп, 136,5 млн. киши добуш берген.
Расмий маалыматтар боюнча 35 штатта жана Колумбия округунда шайлоочулардын жарымы добушун берип койду. Флорида жана Жорджия, Түндүк Каролинада октябрдын соңуна чейин шайлоо бюллетендеринин 70 пайызы берилген. Техаста болсо бул 90 пайызды түздү.
Көпчүлүк штаттарда шайлоо тыянагы алдын ала эле белгилүү. Бирок бир дагы талапкер аны менен ишенимдүү жеңишти камсыздай албайт. Кошмо штататтарда шайлоочулардын өзүнөн добуш алуудан мурун шайлоочулар коллегиясынан добуш алуу маанилүү. Анткени шайлоонун жыйынтыгы ушулардан көз каранды. АКШ 50 штаттан жана Колумбия округунан турат. Алардын ар биринде "Шайлоочулар коллегиясы" деп аталган топ бар. Алардын саны ар бир штаттагы калктын санына байланыштуу болот. Шайлоочулардын коллегиясынын жалпы саны 538 киши. Жеңип чыгам деген талапкер кеминде 270 добуш алуусу керек.

Чечүүчү аймактар
Шайлоонун негизги тыянактары "оома" штаттарда чечилет. Алар: Флорида (29), Пенсильвания (20), Огайо (18), Жорджия менен Мичиганда (16дан), Түндүк Каролинада (15), Аризона (11) жана Висконсин (10). Жалпысы болуп "оома" штаттардагы "Шайлоочулар коллегиясынын" жалпы добушу 135 болот.

Сүрөттүн булагы, EPA
Буга чейин шайлоонун тыянагы эртеси күндүн таңында эле жарыяланып келген. Эске салсак, 2016-жылы Дональд Трамп түнкү саат үчтө Нью-Йоркто тарапташтарынын алдына чыгып, жеңишин жарыялаган. Жогоруда эскертип өткөндөй, бул жолу андай болбой калышы толук мүмкүн. Жыйынтык узак убакытты талап кылышы ыктымал.
Акыркы жолу мындай учур 2000-жылдагы шайлоодо болгон. Анда жеңүүчү бир айдан кийин Жогорку Соттун чечими менен гана белгилүү болгон.












