АКШнын аракеттеги президенти Дональд Трамп бийликте дагы төрт жылга калабы же жокпу дегенди америкалыктар 3-ноябрда чечет.
Республикачыл президентке каршы Демократиялык партиядан мурдагы вице-президент Жо Байден чыкты. Мурдагы президент Барак Обаманын жакын өнөктөшү 1970-жылдан бери АКШнын саясатына аралашып келүүдө.
Шайлоо жакындаган сайын эки саясатчы бири-бирин сындап, экономика, социалдык абал жана коронавирус пандемиясын алдын алуу боюнча талкуу жүргүзүүдө. Ал ортодо өлкөдөгү аналитика борборлору америкалыктардын маанайын билүү үчүн түрдүү сурамжылоолорду өткөрүп жатат.
Би-Би-Си соңку сурамжылоолорду талдоого алып, аларды окурмандарга түшүндүрүп берет. Соңку сурамжылоолор президенттик жарыш тууралуу эмнени ачыктай алат жана эмнеден жаңылып калышы ыктымал?
Президенттикке талапкерлердин кимиси алдыга оозуп кетти?
Улуттук сурамжылоолор кайсыл талапкер алдыга чыкканын так көрсөтөт. Бирок бул сурамжылоолор шайлоодо ким жеңишке жетерин так жоромолдой албайт.
Маселен, 2016-жылы Хиллари Клинтон Дональд Трамптан дээрлик үч миллионго көбүрөк добуш алган. Ага карабастан шайлоодо жеңилип калды. Себеби АКШ "Шайлоочулар коллегия" тутумун колдонот. Демек, Кошмо штататтарда шайлоочулардын өзүнөн добуш алуудан мурун шайлоочулар коллегиясынан добуш алуу маанилүү. Анткени шайлоонун жыйынтыгы ушулардан көз каранды. АКШ 50 штаттан жана Колумбия округунан турат. Алардын ар биринде "Шайлоочулар коллегиясы" деп аталган топ бар. Алардын саны ар бир штаттагы калктын санына байланыштуу болот.
АКШнын тарыхында талапкер атаандашынан аз добуш алып, бирок жеңишке жетишкен беш учур болгон. Мисалы, 2000-жылы Жорж Буш атаандашы Альберт Гордон аз добуш алса да президенттик шайлоону утуп чыккан. Анткени Бушту шайлоочулар коллегиясынын 271 мүчөсү колдогон.
Улуттук сурамжылоо боюнча ким алдыда?
Демократтар
Байден
52%
Республикачылдар
Трамп
44%
Тренд сызыктары айрым суроолор боюнча орточо көрсөткүчтү билдирет
Би-Би-Синин эң негизги сурамжылоосу соңку он төрт күндүк айрым сурамжылоолорго негизделген жана орточо тренддерди көрсөтөт
"Шайлоочулар коллегия" системасын эске албаганда, улуттук сурамжылоолор Жо Байден Трамптан он упайга алдыга бара жатат. Ага салыштырмалуу, 2016-жылдагы шайлоодо бул учурда Трамп менен Клинтон ортосунда айырма деле жок болчу.
2016-жылы Клинтондун мисалы көрсөткөндөй, жалпы добуштардын санынан көрө кайсыл штаттарда көбүрөк добуш алуу манилүү. АКШда штаттардын көбү шайлоо сайын окшош партиянын талапкерин колдойт. Ошондуктан жарышта жеңишке жетүү үчүн саналуу гана штатта күрөш жүрөт.
АКШнын "Шайлоочулар коллегия" системасында айрым штаттарда жеңишке жетүү өтө маанилүү. "Шайлоочулардын коллегиясынын" жалпы саны 538 киши. Жеңип чыгам деген талапкер кеминде 270 добуш алуусу керек.
Жогорудагы карта кайсыл штаттар чечүүчү роль ойношу мүмкүн экенин көрсөтөт. Себеби алардын калкынын саны көп болгондуктан, "Шайлоочулар коллегиясында" добушу дагы көп. Президенттикке талапкерлер дал ушул штаттарда үгүт иштерине көбүрөк убакыт коротот.
Шайлоонун жыйынтыгын чечкен штаттарда ким алдыга оозуп чыкты?
Учурда маанилүү штаттара дагы Жо Байден аз айырма менен алдыда келе жатат. Бирок абал тез арада өзгөрүп, Дональд Трамп жеңишке жетиши ыктымал.
Байден өнөр жайга басым жасаган Мичиган, Пенсильвания жана Висконсин штаттарында алдыда келе жатат. 2016-жылы бул штаттарда Трамп бир пайыз менен алдыга чыгып, жеңишке жеткен.
Орчундуу штаттардагы соңку сурамжылоо
Ылдыйда кошумча маалыматты караңыз
Таблицанын аталышын басып өсүү/азаюу тартибинде ылгап алыңыз
Айова
45,6%
47,6%
Трамп + 9,5%
Аризона
47,9%
47,0%
Трамп + 3,6%
Виргиния
51,7%
40,3%
Клинтон + 5,4%
Висконсин
51,0%
44,3%
Трамп + 0,8%
Жоржия
47,2%
48,2%
Трамп + 5,2%
Миннесота
48,0%
43,7%
Клинтон + 1,5%
Мичиган
50,0%
45,8%
Трамп + 0,2%
Невада
48,7%
46,3%
Клинтон + 2,4%
Нью-Гемпшир
53,4%
42,4%
Клинтон + 0,4%
Огайо
46,3%
47,3%
Трамп + 8,2%
Пенсильвания
48,7%
47,5%
Трамп + 0,7%
Техас
46,5%
47,8%
Трамп + 9,1%
Түндүк Каролина
47,6%
47,8%
Трамп + 3,7%
Флорида
47,9%
47,0%
Трамп + 1,2%
Браузерди жаңылаңыз
Булак: US Census Соңку жаңыланышы: 03/11
Дональд Трамптын штабы үчүн 2016-жылы ири жеңишке жеткен штаттарды колдон чыгарып жибергени катуу сокку болуп жатат. Өткөн шайлоодо Трамп Айова, Огайо жана Техаста 8-10 пайыз менен жеңишке жеткен. Учурда бул штаттарда Байден менен Трамп добуштарды тең бөлүшүүдө.
Бул жагдайдан улам Трамп июль айында штабынын башчысын алмаштырып, "сурамжылоолордун мааниси" жок экенин белгилеп келет. Ага карабастан серепчилер Трамп шайлоодон жеңилип калат деп айтуу али эрте экенин билдирүүдө. 3-ноябрга чейин жагдай өзгөрүп кетиши ыктымал.
Коронавирус пандемиясы Трамптын популярдуулугуна таасир эттиби?
АКШ коронавирустун жайылышынын очогуна айланып, жылдын башынан бери жаңылыктардын башкы сабынан түшпөй келет. Президент Трамп коронавирустун коркунучун мойнуна албай, даярдыктар чабал болгонуна көптөр нааразы болду.
Март айынын ортосунда Трамп өзгөчө кырдаал жарыялап, вирустун жайылышын токтотуу үчүн 50 миллиард доллар бөлгөдө, аны колдогондордун саны жогорку чегине жеткен. Бирок андан бери Трампты колдогондордун саны акырындык менен азайып жатат.
Соңку маалыматка ылайык, Трамптын тарапкерлеринин айрымдары дагы президенттин коронавируска каршы даярдыгы чабал болгонуна нааразылыгын билдиришкен. Өлкөнүн батыш жана түштүк тарабында вирус тез жайылып, июль айында республикачыл талапкерди колдогондордун саны 78 пайызга кыскарды.
Трамп бул жагдайдан улам коронавируска карата көз карашын кескин өзгөртүп, эл алдына беткап кийип чыгып, абал курч экенин айтып жатты.
Вашингтон университетинин божомолуна ылайык, өлкөдө шайлоо өткөн күнү коронавирустан 250 миң киши көз жумган болот.
Сурамжылоолорго ишенсе болобу?
2016-жылы сурамжылоолор туура эмес көрсөткөн деген ой менен, аны четке каккандар көп. Бирок сурамжылоолорду толугу менен эске албай коюу чоң катачылык болот.
2016-жылдагы улуттук сурамжылоолор Клинтон айым алдыда келе жатканын көрсөткөн. Бирок Клинтон добуштардын көбүн алганы талашсыз. Бир гана мурдагы талапкер шайлоону чечүүчү штаттарда аз сандагы добуштар менен утулуп калган.
2020-жылдагы шайлоо коронавирус пандемия шартында өтүп жаткандыктан, сурамжылоолор так болоруна күмөн санагандар дагы көп. Вирустун экономикага болгон таасиринен улам, абал тез арада өзгөрүп кетиши ыктымал.