Трамп: "2020-жылдагы шайлоолор тарыхтагы эң бурмаланган жана эң алдамчы шайлоо болот"

Трамп

Сүрөттүн булагы, EPA

АКШ президенти Дональд Трамп ноябрда боло турган президенттик шайлоодо добуш берүүнү почта менен жүргүзүүнү талап кылып жатат деп демократтарды сындады. Ал "почта менен добуш берүүнү уюштуруу аракетин - кырсык" деп атады.

Трамп АКШда ноябрда боло турган президенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдырууну 30-июлда сунуш кылган. Америкалык лидер бул тууралуу Твиттердеги баракчасына жазган эле. Ал коронавирус пандемиясынын шартында почта менен добуш берүүдө бурмалоо менен алдамчылык көп болуп, АКШ уят болот деп жатат.

АКШнын Конституциясына ылайык, президенттик шайлоонун мөөнөтүн Конгресс гана өзгөртө алат. Ошондой эле Кошмо Штаттардын үч федералдык мыйзамында добуш берүүнүн так жана өзгөртүлбөй турган күнү жазылган. Бул "ноябрдын биринчи дүйшөмбүсүнөн кийинки шейшемби күн". Бул норма 1845-жылдан бери өзгөрө элек.

Азыркы кырдаалда, эгер президенттик шайлоонун натыйжаларын аныктаган шайлоочулар коллегиясы жаңы датага добуш бербесе, анда Трамптын мөөнөтү 2021-жылдын 20-январында бүткөн болот.

Почта менен добуш берүү маселеси

"Почта менен жалпы добуш берүү маселесин эске алсак (...), 2020-жылдагы шайлоолор тарыхтагы эң бурмаланган жана эң алдамчы шайлоо болот. Бул АКШ үчүн чоң уят иш болот. Ошондуктан шайлоону жылдыруу керек, эл беймарал жана коопсуз шартта талаптагыдай добуш бериши керек???",-деп жазды президент.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы

АКШда почта менен добуш берүүдө бурмалоолор болуп кетиши мүмкүн дегендер көп эмес. Бирок америкалык президент шайлоочулардын шайлоого почта аркылуу катышуусуна кайра-кайра каршы болуп жатат.

Мындан мурда АКШнын айрым штаттары пандемия шартында почта менен добуш берүүнү жөнөкөйлөткөн чечимдерди кабыл алган эле.

Ноябрдагы шайлоодо кеминде алты штатта добуш берүүнү бүтүндөй почта менен жүргүзгөн жатышат: Калифорния, Юта, Гавайи, Колоралдо, Орегон жана Вашингтон. Бир нече башка штаттарда дагы ушундай мүмкүнчүлүктү карап жатышат.

Добуш берүүнү аралыктан жүргүзүүнү чечкен штаттарда бюллетендер почта менен же курьерлер аркылуу катталган шайлоочуларга жеткирилет. Шайлоо участкасынын өзүнө келип добуш берсе да болот, бирок абдан жүйөөлүү себеп бар учурда гана.

АКШнын штаттарынын болжол менен теңинде катталган шайлоочулар бюллеттенди почта аркылуу алып добуш бергенге укугу бар.

Бирок буга чейинки изилдөөлөр жана сурамжылоолор АКШда почта менен добуш берүүдө бурмалоо кеңири жайылган көрүнүш болорун көрсөткөн эмес. (КС)