Утулганын укканда: гольф талаасынан Ак Үйгө кайтып келген Трамп

Байден менен Харрис

Сүрөттүн булагы, Reuters

АКШдагы президенттик шайлоодо көпчүлүк добушту алган демократтардын талапкери Жо Байден элге кайрылуу жасады.

"Бөлүп-жарган эмес, бириктирген президент болом. Штаттарды демократтарга жана республикачыларга ажыратпайм, бир гана Кошмо Штаттар бар. Мен бул кызматка Америка дүйнөсүн кайра калыбына келтирүү үчүн келдим",-деди Жо Байден.

Ал Делавэр штатындагы Уилмингтондо туруп кайрылуу жасады. Дал ушул аймактан 1972-жылы 30 жаштагы Жо Байден сенатор болуп шайланган.

АКШ вице-президенти Камала Харрис дагы коомчулук алдына чыгып сөз сүйлөдү. Ал АКШ тарыхында бул кызматка келген биринчи аял болуп калды.

Харрис

Сүрөттүн булагы, Reuters

"Демократия - биз күрөшкөн учурда гана күчтүү болот",-деди Харрис.

Дональд Трамп утулганын кандай кабыл алды?

Дональд Трамп

Сүрөттүн булагы, Reuters

Президент Дональд Трамп дагы деле атаандашынын жеңишин тааныган жок. Ал сотко кайрыла турганын айткан. Айрым республикачылар Трампты утулганын моюнуна алууга чакырууда.

Шайлоону Жо Байден утуп чыкканы тууралуу маалыматтар тараган маалда президент Дональд Трамп гольф талаасында болгон. Бул жаңылыктан кийин ал оюнун токтотуп, Ак Үйдү көздөй жөнөгөн.

Бул маалда Ак Үйдүн жанында Жо Байдендин тарапташтарынын акциясы өтүп жаткан эле. Окуянын кандай болгонун сүрөттөр аркылуу көрсөтүп беребиз.

Дональд Трамп

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Трамп Ак Үйдү көздөй келе жатат
Дональд Трамп

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жолдо турган Байдендин тарапташтары "сен утулдуң, биз баарыбыз уттук" деген плакатты кармап турат
Дональд Трамп

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ак Үйдүн жанында киши көп эле
Дональд Трамп

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Күзөт кызматкерлеринин коштоосу менен Трамп Ак Үйдү көздөй басты
Дональд Трамп

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сол колуна гезит, оң колуна айфон телефонун кармап алган

АКШдагы президенттик шайлоодо Демократиялык партиянын талапкери Жо Байден "Шайлоочулар коллегиясынын" 279 добушуна ээ болду. Ал негизги штаттарда көпчүлүк добуш алды. Бирок азырынча расмий тыянак жарыялана элек.

Байден жумушун эмнеден баштайт?

Джо Байден

Сүрөттүн булагы, Reuters

Трамп атаандашы Байдендин жеңишин тааныбай жаткан чакта америкалык басылмалар демократтардын талапкери инаугурациядан кийин кандай кадамдарга барышы мүмкүн экенин жазууда.

Журналисттер президент Трамптын маалындагы бир катар мыйзамдарды Байден кызматка киришкен биринчи күнүнөн тарта эле жокко чыгарат деп болжойт.

  • Байден коронавирустун тарашын алдын алуу үчүн чукул чараларга барышы мүмкүн. Ал тест алуунун күчөтүп, жарандарды беткап менен жүрүүгө милдеттендирет.
  • Жаңы президенттин кайрадан Париж келишимине кошулуу ниети бар. АКШ бул келишимден чыга турганын үч жыл мурун билдиргени менен расмий түрдө ушул жылдын 4-ноябрында чыгып кетти. Дональд Трамп 2015-жылы кабыл алынган глобалдык жылуулукка каршы туруу чаралары боюнча макулдашылган Париж келишиминен чыгарын президент болуп келгенден кийин жарыялаган.
  • АКШнын Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан чыгып кетүү чечимин жокко чыгарат. Трамп коронавирус пандемиясына байланышкан талкуулардан кийин бул уюмдан дагы чыгып кете турганын билдирген эле.
  • 2017-жылы Трамп мусулмандар көп жашаган жети өлкөнүн жарандарына АКШга кирүүгө тыюу салган эле. Бул чечим дагы жокко чыгышы мүмкүн.

Жаңы президенттин инаугурациясы 2021-жылдын 20-январында өтүшү керек. (AbA)