Трамп атаандашынын жеңишин тааныбайт: күрөш сот аркылуу уланат

Donald Trump in Las Vegas, October 2020

Сүрөттүн булагы, Getty Images

АКШ президенти Дональд Трамп президенттик шайлоо тыянактарын жокко чыгаруу үчүн сотко кайрылды.

Дүйшөмбүдө Трамптын шайлоо штабы Пенсильвания штатындагы шайлоо тыянактарын жокко чыгаруу талабы менен сотко арыз берди. Анда почта аркылуу добуш берүү ачык-айкын жана ишенимдүү болгон жок деген жүйө келтирилген. Бирок шайлоонун жүрушүнө таасирин тийгизген кандайдыр бир далилдер азырынча көрсөтүлгөн эмес.

Дал ушул Пенсильвания штатында Байден жеңишке жеткени белгилүү болгондон кийин анын шайлоону утуп чыкканы жарыяланган эле.

АКШнын башкы прокурору Уильям Барр "мыйзам бузуулар тууралуу олуттуу жүйөлөрдү" иликтеп чыгууну тапшырды. Бирок "көбүртүлгөн, реалдуулуктан алыс" даттанууларга убакыт коротпоого чакырды.

Пенсильваниядагы добуш саноо

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Пенсильваниядагы добуш саноо

Америкалык юристтер Трамптын арызы шайлоо тыянагына таасирин тийгизет дегенге көп деле ишенбей турат. Дүйшөмбүдөгү президент Трамптын көзгө көрүнгөн кадамдарынын бири коргоо министрин кызматтан алганы болуп калды

Ал ортодо Жо Байден АКШнын шайланган лидери катары өзүн тааныта баштады. Дүйшөмбүдө кайрылуу жасап, беткап менен жүрүүгө чакырды. Бул миңдеген кишилердин өмүрүн сактап калуунун эң жөнөкөй жолу деди. Демократтардын лидери Covid-19 илдетинин тарашына жол бербөө максатында чукул чараларды иштеп чыгууга үчүн эксперттик топ түзгөнү белгилүү болду.

Joe Biden and Kamala Harris

Сүрөттүн булагы, Getty Images

230 миң америкалыктын өмүрүн алган коронавирус пандемиясы күнүмдүк жашоону жана саясатты өзгөрттү. Көрүнүп тургандай азыркы президенттин пайдасына эмес, албетте. Муну Дональд Трамп деле жакшы түшүнгөн. Анткени шайлоо өнөктүгү маалында анын жүрүм-турумунан муну байкоого болот эле.

"Фейк жаңылыктары тууралуу айтканда, бул Covid, Covid жана дагы Covid", -деген өткөн аптадагы Висконсиндеги жолугушууда. Мунун алдында аймакта жаңы учурлар кескин жогорулап кеткен эле. Кризис шартындагы президенттин аракеттерине көптөрдүн ичи чыккан жок. Экономикалык жоготууларга алып келген пандемия Дональд Трамптын колундагы негизги күзүрдү алып койду. Ал дайыма өсүп, өнүгүү тууралуу айтып, ушуну күзүр кылып кармап келген.

Пандемиядан кийин Трампка болгон элдин ишеними азайганын сурмажылоолор көрсөткөн. Бирок Байдендин жеңишин ушундан гана көз каранды болду дегенге болбойт. Муну айрым эксперттер себептердин бири катары гана көрсөтүүдө. (AbA)