АКШ: Калифорнияда түгөйлөр түйүлдүктү алмаштырганы үчүн клиника менен соттошот

Дафна жана Александр Кардиналелер

Сүрөттүн булагы, PEIFFER WOLF CARR KANE & CONWAY

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дафна жана Александр Кардиналелер

Сотко жазылган арызда калифорниялык түгөйлөр жасалма бойго бүтүрүү маалында клиника тарабынан башка түйүлдүк салынып, бөтөн кишинин баласын жарыкка алып келгени айтылат.

Дафна жана Александр Кардиналелер 2019-жылы сентябрь айында өздөрүнө түк окшобогон кызды жарык дүйнөгө алып келгенин айтышат.

ДНК тестин тапшыргандан кийин алар кызын боюнда алып жүргөн түгөйлөрдү таап, кыздарды алмаштырып алууну чечишкен.

Бул жасалма бойго бүтүрүү учурунда ыктымал алмашып калган алгачкы учур эмес.

Жасалма бойго бүтүрүүдө аялдын энелик клеткасы лабораторияда эркектин спермасы менен уруктандырылып, андан соң түйүлдүк аялдын жатынына салынат.

Кардиналелердин үй-бүлөсү Лос Анжелесте иштеген “Репродуктивдүү саламаттык” аттуу уруктандыруу борбору менен VitroTech Labs аттуу эмбриологиялык лабораторияны сотко берип жатат.

Соттук арызда медициналык туура эмес аракет, шалаакылык жана калпты жашыруу боюнча айып коюлган. Аталган компаниялардын эч бири Би-Би-Сиге комментарий берген жок.

Дүйшөмбү күнкү эмоционалдуу өткөн басма сөз жыйынында Дафна Кардинале үй-бүлөсүнүн “жүрөгү ооруганына жана башаламандыкка кептелгенинe жөн эле көз жуумп коюуга болбойт” деп билдирди.

“Наристебизди дүйнөгө алып келгенибизди эстегенибизде өзүбүздүн биологиялык балабызды башка бирөөгө берип салганы кара так болуп калды. Мен жарыкка алып келүү үчүн алпурушкан наристе болсо меники эмес болуп чыкты”.

Дафна Кардинале “өзүнүн наристесин боюнда алып жүрүү мүмкүнчүлүгүн уурдап алышканын” айтат.

Соттук арызда түгөйлөр уруктандыруу клиникасынын кызматын 2018-жылдын жай мезгилинде пайдаланганы айтылат.

Дафна кийинки жылы өзүнүн наристесин жарык дүйнөгө алып келдим деп ойлогон.

Төрөт бөлмөсүндө Александр өзүнүн биринчи наристесиндей болгон “ачык түстөгү баланы” күтүп жаткан, бирок ал “бир топ эле кара тору түстөгү” кыздын жарыкка келгенине аң-таң болуп калганы айтылат соттук арызда.

“Ал ушунчалык катуу тийгендиктен Александр төрөт столунан бир нече кадам артка кетип, дубалга жөлөнүп калды”, - делет соттук арызда.

Жасалма бойго бүтүрүү
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Дээрлик эки айдан кийин Кардиналелердин үй-бүлөсү үйдө эле ДНК тест тапшырууну чечишкен. Ал наристе биологиялык жактан аларга байланышы жок экенин биротоло көрсөткөн.

“Бөлмө тарайып, баш айланып, баары өзүнчө сенейип кетти”, - деди Александр ДНКнын жыйынтыктары чыккан убакты эстеп.

Анан “Репродуктивдүү саламаттык” уруктандыруу борбору алардын кызын боюнда алып жүргөн калифорниялык түгөйлөрдү табууга жардам берген. Кардиналелер кызына биринчи жолу жолукканда наристе болжолдуу төрт айлык болуп калган экен. Бир нече жолу жолугушкандан кийин түгөйлөр бөбөктөрдү расмий түрдө алмаштырып алуу боюнча мыйзамдуу жол менен иш бүтүрүүгө макулдашышкан. Ошентип 2020-жылдын январь айында наристелерди алмаштырышкан.

“Өзүмдүн наристеме эмчек эмизүүнүн ордуна мен кийин берүүгө мажбур болгон башка баланы эмизип, ага байланып калдым”, - деди Дафна басма сөз жыйынында.

Бул окуя алардын жети жаштагы кызы үчүн аябай оор болгонун, кызы наристелерди алмаштырууну түшүнө албай кыйналганын кошумчалады Дафна.

Дафна лицензияга ээ терапевт, жолдошу ырчы жана ыр жазуучу. Экөө тең андан бери “тынчсыздануу, депрессия жана пост-травматикалык стресс симптомдорунан” улам психикалык саламаттык боюнча дарыланганы айтылат доо арызда.

Кардиналелердин адвокаты Адам Б Волфтун айтымында, алмаштырууга туш болгон берки үй-бүлө да сотко кайрылууга камынып жатат, бирок алар жашыруун бойдон калышмакчы.

2019-жылы дагы калифорниялык үй-бүлө наристеси Нью-Йоркто жарыкка келгенин аныкташкан.

Алар наристени төрөгөн жана бергиси келбеген энени сотко беришкен. Сот кийин генетикалык ата-энелердин пайдасына ишти чечип берген. (EA)