Төрөт мифтери: Голливуддун алты “өрдөгү”

Люсия Бласко

BBC News Mundo

"Кокустан болду кош бойлуу" (2007 г.) фильминдеги Кэтрин Хайглдын каарманы

Сүрөттүн булагы, UNIVERSAL STUDIOS/BBC MUNDO

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Кокустан болду кош бойлуу" (2007 г.) фильминдеги Кэтрин Хайглдын каарманы

Голливуд өзүнүн фильмдеринде балдардын төрөлгөн учурларын өзү билгендей көркөмдөп көрсөткөндү жакшы көрөт эмеспи. Бирок, америкалык фильмдердеги төрөт чыныгы жашоодо төрөт үйүндө болгон көрүнүштөргө көп окшобойт.

Кокустан, кыйчалыш учурда суусу кетип, толгоосу башталып, онтоп дүрбөлөңгө түшкөн аялдарды жана ооруканада аялынын төрөгөнүн көрүп, эси ооп жыгылып калган эркектерди эстегиле... мындай кадрлар Голливуддун кинолорунда толтура.

Андан кийин тыпыйган шейшептин аркасынан көзүн бакырайтып, эки жакты таңыркап же оператордун камерасын тикийип караган наристени бажырайтып алып чыгышат.

Британдык дарыгер Адам Ки төрөт палатасында болгондун баарын майда-баратына чейин жазган “Бул оорутат” (This is Going to Hurt) деп аталган китепке жана ошондой эле үч адистин айткандарына таянып, биз Голливуд фабрикасы жараткан төрөт жөнүндө мифтердин бетин ачып берели.

Голливуд кинолорундагы төрөт чыныгы жашоодо төрөт үйүндө болгон көрүнүштөргө көп окшобойт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Голливуд кинолорундагы төрөт чыныгы жашоодо төрөт үйүндө болгон көрүнүштөргө көп окшобойт.

Биз жүзүбүз өйдө карап төрөлбөйбүз

Көп учурларда төрөлгөн баланын биринчи башы көрүнөт. Кинодо да ошондой. Бирок экранда жаңы төрөлгөн ымыркайдын жүзү өйдө карап турат, анткени биз көрүшүбүз керек да. Чыныгы турмушта андай эмес.

Ымыркайлардын 90% эненин курсагында башы ылдый карап жатат, ээги көкүрөгүнө сүйөнүп, колу-буттары денесине жабышкан. Анын жүзү эненин ичин карап тургандыктан, бала төрөлгөн учурда камера аны көрө албайт.

Ымыркай

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Биз жаңы төрөлгөндө идеалдуу көрүнбөйбүз

“Баланын башы ылдый, жүзү тескерип карап турганы – төрөт учурундагы эң табигый поза”,-дейт Барселонадан акушер-гинеколог Дамиан Дексеус.

 "Ал эми фильмдерде ымыркай көбүнчө жүзү өйдө карап, керек болсо көздөрүн ачып, жылмайып турган болот. Албетте, бул демейки көрүнүш эмес”.

 Ошондой эле бала кинодо көргөндөй тим эле таптаза болуп төрөлбөйт. “Билбейм, бул кинематографтын эстетикасы болсо керек, бирок бул анахронизм”,-дейт доктор Дексеус.

Vernix caseosa - жаңы төрөлгөн ымыркайдын денесиндеги май – аны кинодон көрө албайсыз

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Vernix caseosa - жаңы төрөлгөн ымыркайдын денесиндеги май – аны кинодон көрө албайсыз

Эмнеге анахронизм? Дарыгердин айтымында, мурда бала төрөлөр замат аны жууп-тазалап, жатын майын аарчып салып туруп гана энесине алып келишчү. Медицинасы өнүккөн өлкөлөрдө азыр мындай болбой калган, анткени изилдөөлөргө караганда бала төрөлгөндөн бир нече саатка чейин жатын майында кала бергени анын ден-соолугуна пайдалуу экен.

2. Каканак суу чындыгында кайсы убакта кетет?

Эмбриондун курчап турган баштык амниотикалык суюктук менен толтурулган, аны каканак суусу деп аташат. Кинодо көбүнчө кош бойлуу аялдын жатындагы суусу кокустан агып кетип, толгоосу башталып калат. Анын мисалы “Чоң шаардагы секс” киносунда бар, Шарлотта ресторандын алдында чатакташып кеткен учурда кашайып суусу кетип, шашып-бушуп чуркап такси кармайт эмеспи.

"Чоң шаардагы секс": Шарлоттанын суусу кеткен маал.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Чоң шаардагы секс": Шарлоттанын суусу кеткен маал. Бирок реалдуу турмушта бул учурда дароо эле толгоо башталбайт.

"Суу кетип баштаганда бала жаткан баштык жырылып кеткен жокпу деп дарыгерге барып көрүнүш керек. Анткени, суу кеткен деген эмне экенин аял түшүнбөйт”,-дейт доктор Дексеус.

Дарыгер карап чыгыш керек, анткени амниоткалык суюктукпу же заарабы, аны аныктап алуу дайыма эле оңой боло бербейт, кээде тамчылап агып же нымдалышып калган учурлар болот.

Бирок бала жаткан баштыктын жырылып кеткени кинодо болгондой толгоо мына башталат же башталды дегенди билдирбейт. Чындыгында, бул болочок эненин денесинде болуп жаткан процесстин бир чети.

"Көбүнчө мындай болот, кайта-кайта толгоосу келип баштаганда аял төрөт маалы башталганын түшүнөт, -дейт Акушеркалардын эл аралык федерациясынан кырк жылдан бери дүйнөнүн булуң бурчунда аялдарды төрөтүп жүргөн Энн Йейтс.

 "Ал эми иш жүзүндө, эгер суу баштыгы толгоо башталганга чейин жырылып кетсе, бул иш кыйындаганын билдирет", - дейт ал. Каканак суусу эрте агып калганда бала тумчугуп калышы мүмкүн.

3. Төрөттөгү позалар

Фильмдердеги көп учураган көрүнүш – төрөп жаткан аял бийик отургучтун үстүндө отурат.

Бул төрөткө ыңгайлуу поза, бирок дүйнөдө көп жайылган эмес.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул төрөткө ыңгайлуу поза, бирок дүйнөдө көп жайылган эмес.

Толтура мисал бар: “Анча-мында кош бойлуудагы” Кэтрин Хайглдан баштап, “Курбулардагы” Женнифер Энистон.

 Бул төрөткө ыңгайлуу поза, бирок дүйнөдө көп кездешпейт.

 "Улуу Британияда, АКШда аял төрөт столунда буттарын көтөрүп чалкалап отурат”,-дейт доктор Дексеус.

 "Бирок Испания сыяктуу өлкөлөрдө төрөт учурундагы эң көп болгон поза - аял жатып, тизелерин кармап турган абалы, бирок буттары көтөрүлгөн эмес".

 Мындай поза – Бразилияда да көп кездешет, аялдарды гинекологдор ушинтип жаткырып алып карашат.

 Аялдар төрөгөн учурдун дагы бир нече позалары бар, аларды кинодон же телевизордон көрө албайсың: туруп турган, чокчоюп отурган, отургучта отурган же капталынан жаткан учурлары. Анын үстүнө поза төрөттүн маалына жараша да болот, төрөп жаткан аял эртерээк көз жарыш үчүн өзүнө ыңгайлуу ар кандай позага өтө берет.

Соңку убактарда дүйнөдө төрөт үйлөрүндө аялдардын 60-65% вертикалдык позада төрөтүп жатышканы белгилүү.

Аялдардын төрөт убагындагы позалары ар кайсы өлкөлөрдө, ар башка элдерде ар кандай.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аялдардын төрөт убагындагы позалары ар кайсы өлкөлөрдө, ар башка элдерде ар кандай.

4.Төрөттөн кийинки мезгил кайда кетти?

Төрөттөн кийинки мезгил деп бала төрөлгөндөн кийинки алты аптаны айтышат.

"Төрөттөн кийинки учур – эң маанилүү, аны кинодо унутуп коюшат", - деп баса белгилейт доктор Дексеус.

Голливуддун кинолорунда төрөттөн кийинки учурлардын көбү көрсөтүлбөйт. Ырас, баланын тону жатын капталынан ажырап түшкөнүн, эненин айрылган жерлерин жамап жаткан учурларды силерге көрсөтпөйт дечи. Бирок башка да жерлери бар.

Актриса Брук Шилдс

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Актриса Брук Шилдс төрөттөн кийинки депрессия проблемасын түшүндүрүү боюнча иш чарада сүйлөп жатат.

"Төрөттөн кийинки депрессия кинодо үстүртөн эле көрсөтүлөт”, - дейт гинеколог ар бир он аялдын ар бири туш болгон кыйынчылык учур жөнүндө (ДССУнун статистикасы).

 Эмчек эмизип көнгүчөктү жүдөгөн, төрөттөн кийин эненин табарсыгы менен иче-карды кысылган жана башка ушул сыяктуу организмде болгон ондогон машакаттуу учурлар фильмдерде болбойт.

 "Фильмдерде кесарь кесүү жолу менен төрөгөн аялдардын кайра калыбына келиши кандай кыйын болорун да көрсөтпөйт”,-деп кошумчалайт доктор Дексеус.

"Төрөт оңой эле деген ойго бизди түрткөн кинообраздарга ишенбеш керек, анткени дайыма эле оңой-олтоң боло бербейт”.

5. Толгоонун азаптуу айкырыгы

Кинематографисттер ойлоп чыккан төрөттүн дагы бир классикалык көрүнүшү – төрөп жаткан аял жаны кыйналып өкүрүп жаткан болот.

“Мурда төрөп жаткан энелерге анестетиктерди беришчү эмес”,-деп түшүндүрөт кубалык дарыгер Джозефина Лопес.

"Ырас, бул чын, толгоо жанды кыйнайт, толгооң создуккан сайын аялдын алы кетет. Бирок, толгоонун кыйынчылыгынан аял сөзсүз түрдө эле өкүргөн-кыйкырган абалга түшпөйт. Албетте, ар бириники ар кандай болот. Эгер эпидуриалдык анестезия колдонулса, анда жеңил болот".

Киного караганда реалдуу турмушта төрөт убагында аялдар анчалык көп кыйкырбайт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Киного караганда реалдуу турмушта төрөт убагында аялдар анчалык көп кыйкырбайт

Йетс кинодо аялды төрөт убагында көбүнчө алсыз кылып көрсөтөт дейт.

 "Аялдар күчтүү. Бул алардын баарына тийиштүү сапат", - дейт акушерка.

"Көбүнчө алар жаны кыйналса да кыңк дебей туруп төрөп салышат. Ырас, онтойт дечи, бирок кинодон көргөндөй ач кыйкырык салбайт”,-дейт Йетс.

6. Өң-алеттен кетип, эс-учун жоготкон аталар

Эмне кыларын билбей алдастап ары-бери чуркап, корккон эркектердин образы – бул дагы кинематографиянын клишеси.

 Мисалы: “Тогуз ай” комедиялык мелодрамасында Хью Грант ишти теңирден тескери кылат.

 "Бизге төрөт башталганда өң-алеттен кетип коркуп алган эркектерди көрсөтүшөт. Кээ бирлери атүгүл эси ооп кулайт,-дейт доктор Дексеус. – Мына-мына ата-эне боло турган аял менен эркектердин фильмдеги көрүнүшү күлкү келтирет. Бул чындыктан аябай алыс".

"Тогуз ай"

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чынында эле аялы төрөп жаткан эркектер “Тогуз ай” мелодрамасындагы Хью Грантка окшоп кетеби?

Йетс айткандай, Голливуддун фильмдеринде эркектер эч жерге батпай темселеген, эмне болуп жатканын түшүнбөгөн өзүнчө эле бир байкуш болуп көрүнөт.

 “Чындыгында, эркектер төрөп жаткан аялынын жанында өздөрүн сонун гармонияда сезишет”,-деп баса белгилейт акушерка. (КС)