Индия ооруканасында өрт чыгып, 73 адам каза тапты

Сүрөттүн булагы, AP
Индиянын түндүгүндөгү Калькутта шаарындагы менчик ооруканада өрт чыгып, 73 адам көз жумду.
Каза болгондордун көбү AMRI деп аталган менчик ооруканада дарыланып жаткан бейтаптар. Кырсык таң азанда башталып, өрттүн түтүнү алгач үстүңкү кабаттагы чатырдан чыккан. Окуя болгон жерге дароо өрт өчүргүчтөр келгени менен аны беш саатта араң өчүрүштү.
Батыш Бенгал аймагынын премьер-министри Мамата Бенержи бул оорукананын расмий уруксатнаамасы алынып салынганын билдирди. “Эч качан бул күнөөнү кечире албайбыз”, - деп ал жооптуулар эң оор жазага тартыларын да ачыктады.
Алты кабаттуу ооруканада куткаруу иштери көпкө созулду. Расмийлер курмандыктардын саны артарын болжолдоодо. AMRI ооруканасынын мүдүрүнүн орун басары А. Упадхай “AP” агенттигине берген маалыматында 190 оорундуу бейтапканада 160 адам дарыланып жатканын айтты.
Айланадагы көчөлөр тар болгондуктан, куткаруучулар менен өрт өчүргүчтөргө кыйынчылыктар жаралды. Айрым жергиликтүү тургундар өздөрү чуркап барышып, оорулууларды өрттөн сууруп чыгып жатышты.
Батыш Бенгалдын өнүктүрүү министри Фирхад Хакимдин айтымында, каза болгондордун көбү түтүнгө ууланып калган.
Элүүдөй адам куткарылып, башка ооруканаларга которулду. AMRI аймактагы эң кымбат менчик бейтап жайлардын бири эле.
Бейтаптардын жакындары ачуулуу
Калькуттадагы Би-Би-Синин кабарчысы Амитаба Батташали өрт чыккандан 10 саат өткөнүнө карабай, бейтапканадагылар тууралуу жакындарына маалымат берилбегенин билдирди.

Сүрөттүн булагы, AP
Кабарчыбыздын айтуусу боюнча, өлгөндөрдүн 23үнүн ким экени такталды. Оорукананын жанына чогулган бейтаптардын жакындары абдан ачуулуу.
Куткарылган оорулардын бири “Мени эмчи айымдардын бири ойготуп, тепкичтен ылдый сүйрөп жөнөдү. Ылдый түшөлү деген дагы 10-15 оорулуу бар экен”, - деди.
Бир күн мурда эле операция болуп, реанимацияда жаткан 35 жаштагы Аная Дас дагы эшикти көздөй чуркап, ага жете албаганда терезеден секирип аман калган. Ал көп өлүктөрдү көргөнүн айтты.
Калькуттада өткөн жылы да тарыхый бир имарат өрттөнүп, 40 адам каза болгон эле. Акыркы үч жылда шаардагы көп кабаттуу имараттарда ондон ашык ири өрт чыкты. Булардын көбү электр зымдарынын туура эмес туташуусунда болууда.








