Миграцияда жүргөн кош бойлуу аялдар

Сүрөттүн булагы, Science Photo Library
- Author, Калыйнур Калмурза
- Role, Екатеринбург
Кыргызстандыктардын дээрлик 13% чет өлкөдө жашап, эмгектенет. Мигранттардын чоң бөлүгү Орусияда. Миграция боюнча иш алып барган мамлекеттик мекемелердин маалыматына таянсак, кыргызстандык мигранттардын 45 пайызы аялдар.
Учурда миграцияда жүргөн аялдардын саламаттыгы олуттуу көйгөй бойдон калууда. Би-Би-Си Екатеринбургда иштеген дарыгер Гүлшан Долонбаеваны кепке тартып, мигрант аялдардын көйгөйлөрү тууралуу сурады.
Гүлшан Долонбаева: Мен Екатеринбург шаарындагы №14 мамлекеттик төрөт үйүндө иштейм. Кыргызстандык кыз-келиндер бизге көп кайрылышат. Бирок кыз-келиндер дарыгердин көзөмөлүнөн өтпөй жүрүп, төрөт учурунда өлүмгө дуушар болгондор бар.
Би-Би-Си: Үй-бүлөнү пландаштырууга миграцияда жүргөн эркектер канчалык көӊүл бурушат?
Гүлшан Долонбаева: Үй-бүлөнү пландаштырууда эркектердин жоопкерчилиги өтө төмөн. Көп нерсени аялдарга жүктөп койгондор көп. Баары жумуш менен алек болуп, бул нерсе эң акыркы планда болуп калат.
Би-Би-Си: Мигрант кыз-келиндердин баланы төрөп таштап кеткени же болбосо аборт маселеси тууралуу коомчулукта түрдүү пикирлер айтылат. Кыз-келиндер эмне себептен мындай жолго барууда?
Гүлшан Долонбаева: Ооба, мигрант кыз-келиндердин эң эле оор маселеси ушул. Аборттун зыяны тууралуу кеп-кеӊештерди көп беребиз. Бирок биздин кыз-келиндер үй-бүлөнү пландаштырууну үйрөнмөйүнчө бул көрүнүш кайталана берет деп ойлойм. Бойдон алдыруу - биздин генофонддун бузулушунун башаты.
Би-Би-Си: Миграциядагы кыргызстандык кыз-келиндер кош бойлуу болгон учурда акысыз жардам ала алышабы?
Гүлшан Долонбаева: Орусияда жүргөн кыргызстандык кыз-келиндерибиз кош бойлуу учурунда жардамды толук кандуу ала алышат. Кайсыл учурда болбосун, медициналык камсыздоо полиси менен келип, врачтын көзөмөлүнөн өтүшөт. Кеп- кеӊештердин баарын акысыз беребиз. Медициналык камсыздоо полиси болсо, Орусиянын жарандарына берилген укуктун баары кыргызстандык кыз-келиндерге да берилет.
Би-Би-Си: Документинде кемчилиги бар кош бойлуу кыз-келиндер маселеси кандай болот?
Гүлшан Долонбаева: Медициналык камсыздоо полисин албаган болсо, анда Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы келишимге байланыштуу алардын тез жардам гана алууга укуктары бар.
Би-Би-Си: Орусиядагы кыргызстандык мигранттар саламаттыгына жетиштүү көңүл буруп жатабы?
Гүлшан Долонбаева: Мени кейиткен дагы бир маселе - мыйзамдуу түрдө иштеп жүргөн биздин жарандарыбыз өздөрүнүн үй-бүлөсүнө, балдарына медициналык камсыздоо баракчасын ала албагандыгы. Ушунун айынан эмгек мигранттарынын балдары толук кандуу медициналык жардам ала алышпай жатат. Эӊ негизгиси - эмдөө маселеси. Эмдөөгө акча төлөш керек, ата-энелери акчанын жана маалыматтын жоктугуна байланыштуу балдарын эмдөөдөн өткөрбөй жатат. Бул жугуштуу орууларды алып келүүгө шарт түзүүдө.











