Каскадерлор үчүн "Оскар" саналган "Таурус" Бишкекте

Өткөн жыл соңунда казакстандык Nomad Stunts каскадерлор тобунун жетекчиси Жайдарбек Кунгужинов "Томирис" тарыхый тасмасындагы трюктардын коюлушу боюнча "Таурус" сыйлыгын алганы белгилүү болгон. Бул Каскадерлордун дүйнөлүк академиясынын сыйлыгы кино дүйнөсүндөгү "Оскарга" тете саналат. Кунгужинов "чет элдик тасмадагы эң мыкты трюктардын коюлушу" боюнча номинацияны жеңип алды.
Жакында бул сыйлыкты Ж.Кунгужинов "Томирис" тасмасында каскадерлук кылган кыргызстандык кесиптештеринин колуна тапшырып кетти. Белгилүү актер жана каскадер, режиссёр Адилет Акматовго кайрылып, сыйлык тууралуу жана кыргызстандык каскадерлордун азыркы жагдайы тууралуу сурадык.
А.Акматов: Жакында жетекчибиз Жайдарбек Кунгужинов келип, "Таурусту" бизге убактылуу калтырып кетти. Эмгегиңер, мээнетиңер чоң, силер дагы сыймыктангыла деп айтты. Nomad Stunts каскадерлор тобунун 20 жылдай тарыхы бар. Бул сыйлыкты алганы символдуу болду бир жагы, анткени "Таурус" чет элдик тасмаларга 20-ирет берилип жаткан экен. Топто жүзгө жакын каскадер бар. Анын ичинде украиналык, австралиялык, болгариялык каскадерлор бар. Көпчүлүгүн казак-кыргыз каскадерлору түзөт, 30га жакын каскадер кыргызстандык. Анан эки кыргызстандык трюк коючу, экшн-оператор болуп дагы эмгектенебиз. "Томирис" тарыхый тасмасында кыргызстандык 30 каскадердун баары эмгектенди. Өзүм тасмада Жайдарбек Кунгужиновго экшн-оператор болуп, жардамчылык кылдым. Ошого сыйлыкты биздин колго да берип, ыраазчылыгын айтты.

Сүрөттүн булагы, Адилет Акматов

Сүрөттүн булагы, Адилет Акматов
Би-Би-Си: Эмне үчүн Nomad Stunts силер менен иштешүүнү чечкен? Кино дүйнөсүндө кыргыз каскадерлор эмнеси менен бааланат?
А.Акматов: Негизи эле кыргыз каскадерлорунун орду дүйнөлүк масштабда. Белгилүү каскадер Үсөн Кудайбергенов убагында дүйнөнү дүңгүрөткөн каскадер болуп турду. Кыргызстандык каскадерлордун Nomad Stunts менен иштешип калышында дагы Үсөн байкенин таасири болгон. Казакстандардын "Көчмөн" тасмасында Кунгужинов менен таанышып калган. Тасмадагы эң кыйын тартымдарда Үсөн Кудайбергенов трюк коючу болгон. Ошондон баштап кызматташтык башталды десек болот.

Сүрөттүн булагы, Адилет Акматов

Сүрөттүн булагы, Адилет Акматов
Би-Би-Си: "Таурус" силер үчүн жакшы стимул болгон экен. Кыргызстандык каскадерлордун кийинки мууну кандай? Бул кесипти аркалап, ошонун артынан жүргөндөр көп элеби?
А.Акматов: Албетте, мындай сыйлык бизге чоң дем берди. Кыргыз каскадерлордун келечеги бар деп айта алам. Кино индустриясы өнүгүп, өсүп жатат. Мына, Кыргызстанда тартылган тасмаларда дагы талап кылына баштады. Демек, бул кесипти уланта тургандар чыга берет. (AbA)





