Польша: бойдон алдырууга тыюу салган мыйзамга каршылык

Сүрөттүн булагы, EPA
Польшада бойдон алдырууга толук тыюу салган мыйзамга каршы бешинчи күн катарынан каршылык жүрүштөрү өттү.
Варшавада демонстранттар шаардын негизги жолдорун бууп, бир саатка чукул коомдук унаалардын кыймылы токтоп калды. Католик чиркөөсүнүн таасири күчтүү өлкөдө мындай жүрүштөр адаттан тыш көрүнүш.

Сүрөттүн булагы, EPA
Буга чейин өлкөнүн Конституциялык соту "эгерде түйүлдүк майып экени белгилүү болгон учурда гана бойдон алдырууга" уруксат берген эле.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн булагы, EPA
Өткөн жылы мыйзамдуу жол менен бойдон алдыргандардын болжолу 98 пайызын дал ушундай себепке негиздешкен. Каршылык билдирип чыккандар 50гө жакын шаарда акция өткөрдү. Жекшембиде Варшавадагы демонстранттар чиркөөнүн ичине кирип барып граффити тартып кетишкен.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Өткөн аптада Польшада бойдон алдырууга тыюу салган мыйзамдын айрым жылчыкчаларын да бөгөп салышкан эле. Ошону менен зордукталып боюнда болуп калса, төрөт аялдын өмүрүнө коркунуч жаратса гана абортко уруксат бериле турган болду. Калган учурда бойдон алдырууга тыюу салынат. Аборт маселеси поляк коомчулугун бөлүп жарды.

Сүрөттүн булагы, EPA
Польшада жыл сайын мыйзамдуу жол менен миңге чукул бойдон алдыруу болот. Бирок аялдар укугун коргогон уюмдар жыл сайын көмүскө жол менен, башка өлкөгө барып 80-120 миңдей аборттор жасаларын айтып келүүдө.

Сүрөттүн булагы, EPA
*










