“Аскердик тирешүүнүн оор сценарийи кайтып келүүдө”. Блинкен менен Лавров кайым айтышты

Блинкен менен Лавров Украинага байланыштуу бирин-бири коркутту

Сүрөттүн булагы, TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Блинкен менен Лавров Украинага байланыштуу бирин-бири коркутту

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Швециянын Стокгольм шаарында жолугушту. ЕККУ министрлеринин жыйынынын алкагындагы сүйлөшүүлөрдө Украинадагы абалга байланыштуу катуу сын-пикирлер айтылды.

Батыш өлкөлөрүнүн айтымынды, расмий Москва Украина чек арасына аскердик күчтөрдү улам топтоп, кол салууга даярданып жаткан болушу мүмкүн. Москва бийлигинин айтымында, алар чыгышта НАТО күчтөрүнүн кеңейтилишине жол бербейт жана расмий Киев Донбасс маселесин күч менен чечүүгө аракет кылып жатат.

Блинкен орус-украин маселеси улам тереңдей берсе, Орусияны олуттуу санкциялар күтөрүн айтты.

“Кризистен чыгуунун жакшы жолу - дипломатия. Минск келишимдерин аткарып, Орусия Украинага жакын жердеги күчтөрүн чыгарып кетиши керек. Донбасстагы куралдуу кагылышууну тынчтык жолу менен чечүүгө катышууга АКШ даяр. Ачык айта турган болсок, эгерде Орусия тирешүүнү уланта берсе, аягы олуттуу кесепеттерге алып келет”,- деди АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен.

Украина, Европа жана АКШнын айтымында, Украинанын чыгышына Орусиянын аскер күчтөрү топтолуп, алар чабуулга өтүүгө даярданып жаткан болушу мүмкүн.

Сергей Лавров Стокгольмдогу жолугушууда НАТОну Орусиянын кызыкчылыгын көз жаздымда калтырып, Украинага аскердик колдоо көрсөткөнү үчүн кайрадан айыптады.

“Аскердик тирешүүнүн абдан жаман сценарийи кайтып келүүдө. Украина маселеси улам ырбап жатат. Альянстын аскердик комплекстери орус чек араларына жакын келүүдө. Румыния менен Польшада ракетага каршы коргонуу системалары жайгаштырылды. Американын орто алыстыкка атуучу ракеталары Европада пайда болуу алдында турат. Орусия эч кандай конфликтти каалабайт”, - деди Лавров.

Кечки тамактануудагы сүйлөшүү

Украин маалымат агенттиктери Украина делегациясындагы өз булактарына таянып, шаршембиде өткөн кечки тамакта бир тараптан ЕККУнун тышкы иштер министрлери менен Лавров, экинчи тарапта Блинкен менен Украина ТИМ министри Дмитро Кулебо ортосунда кайым айтышуулар болгонун жазып чыгышты.

Сергей Лавровго жолукканга чейин Энтони Блинкен Украина ТИМ Дмитро Кулебо менен жолукту

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сергей Лавровго жолукканга чейин Энтони Блинкен украиналык кесиптеши Дмитро Кулебо менен жолукту

"Украинская правда" гезити бул тууралуу жазып, ал эми мамлекеттик Укринформ агенттиги аны тастыктады.

"Лавров өз сөзүндө Украинадагы мамлекеттик төңкөрүш жана нацисттер тууралуу орус пропагандасынын тезистерин келтирди”,- деп жазды “Украинсакая правда” гезитинин булагы. "Бул дипломаттык кармашты козутту. Башка министрлердин көзүнчө Кулебо сөз алып, Лавровду ордуна койду”, - деп жазат Укринформ.

Ошол эле булактын айтымында, Орусия Украинанын территориясын аткылап, украин аскерлерин өлтүрүп жатканын, ошондой эле ЕККУнун байкоочулар миссиясынын ишин үзгүлтүккө учуратып жатканын Кулебо билдирген.

Ал эми Энтони Блинкен украин кесиптешин колдогон, андан кийин Лавров дагы бир жолу сөз алып, кайра эле айыптоолорго өткөн. Ошол эле булак, Лавров буга дагы да Кулебо менен Блинкенден жооп алганын кошумчалайт. (ErA)