Орусия менен Украина: кырдаал канчалык кооптуу?

танк

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украинадагы кырдаалга байланыштуу НАТО өзүнүн чыгыш чек араларын бекемдеп, Балтика өлкөлөрүнө жана Польшага кошумча аскерлерди жиберди

Европа Биримдиги менен Орусия ортосундагы чыңалуу байкалууда. Биримдик Украина чек арасына жана Орусиянын Крымдагы аскердик кийлигишүүсүнө олуттуу тынчсыздануусун билдирген. От тутанып кетишине "ширеңкенин бир талы гана" жетиштүү дейт батыш эксперттери.

Бул маселе дүйшөмбүдө өткөн ЕБнын тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда талкууланды. Биримдиктин тышкы саясат мекемеси укриан чек арасындагы кырдаалды - азыркы маалдагы эң кооптуу маселе катары баалады.

"Мындай көп сандагы аскер күчтөрүн тартуу чынында тынчсызданууга негиз болот. Бул жерден от чыгып кетиши дагы мүмкүн",-деди Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча өкүлү Жозеп Боррелл.

Associated Press жазгандай Жозеп Боррелл өзүнүн билдирүүсүндө украин чек арасында жана Крымда орусиялык аскер күчтөрүнүн саны 100 миңден ашуун. Бирок ал кайсыл булакка таянып айтып жатканын ачык айткан эмес.

Крымдагы орус аскерлери

Сүрөттүн булагы, Getty Images

"Москва чагымчылдыкты эмес кызматташтыкты карманышы керек",-деген Германиянын тышкы иштер министри.

Мунун алдында эле орусиялык 40 миң аскер Крымда, дагы ушунчасы укриан чек арасында деп айтылып жаткан эле. Украинанын чыгышындагы Маринка аймагына барып келген Би-Би-Си кабарчысы аймактын өзүндө кырдаалга кабатырлануу күч дейт. Бул жерден болгону жүз метрдей аралыкта Орусиянын колдоосуна таянган күчтөр жайгашкан. Соңку алты жылда Украинанын чыгышындагы согуш тилкесинде чоң деле өзгөрүү болгон эмес. Бирок соңку алты аптанын ичинде чек аранын Орусияга таандык жагында аскерлер жана курал-жарактардын саны көбөйүп жатканы байкалды.

"Басып алуу пландалып жатабы же жокпу ал маанилүү эмес. Бирок, кандай болгон күнү да биз ишибизди аткарууга даярбыз, багынбайбыз!",-дейт укриан аскерлеринин бири Евгений Ткачев.

"Жагдай канчалык чыңалып турганын биз өз көзүбүз менен көрдүк",-дейт Би-Би-Си кабарчысы. Ошентсе дагы жергиликтүүлөр Орусиянын согуш баштоо ниети жок, болгону аскердик каарын көрсөтүп жатат деп үмүттөнүүдө.