Орус-украин чек арасындагы кырдаал: Крымдагы аскер машыгуулары

Russian armour in Crimea, 19 Mar 21

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусия Крым аймагында аскердик машыгууларын өткөрүүдө

Опузабы же согушка даярдыкпы? Марттын ортосунан бери Орусия Украина менен чектеш аймагында аскерлерин топтоп жатканы боюнча маалыматтар тарады.

Орусиянын аскер жетекчилери муну "машыгуу" катары түшүндүрүүгө аракет кылды. Түштүк аскер округунун басма сөз кызматы машыгуулар Орусиянын "Кара деңиз аймагын, анын ичинде Крымды" коргоо үчүн багытталганын маалымдаган.

Ага карабастан Украина менен Батыш мамлекеттери Москванын аракеттеринин негизги максаты башка деген пикирде. Ошондо жаңжал чыккан Украинанын чыгышына чектеш аймакта эмне болуп жатат?

Орусия Украинада аскердик операция өткөрөбү?

Бир нече булак Орусия Украинага чектеш аймакта жана 2014-жылы басып алган Крымда аскерлеринин санын көбөйтүп жатканы боюнча далилдерди таратты. Баяндамалардын көбү "Твиттер" сыяктуу коомдук сайттарга чыгып жатат. Мисалы, Jane's intelligence аналитикалык борбору чек ара аймагына "Искандер" ракеталык комплекси жайгашканын жазып чыкты.

Москва чек арада канча аскери жайгашканы тууралуу эч маалымат берген жок. Президент Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков аскерлер Орусиянын территориясында жылып жатканын, ал "ички маселе" экенин белгиледи. Ошол эле учурда Москва Украина "чагымчыл" аракетке барып жатканын билдирди.

Pro-Russian separatist tanks in Donetsk region, Sep 2015 file pic

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дмитрий Песков аскерлер Орусиянын территориясында жылып жатканын, ал "ички маселе" экенин белгиледи

Украинанын атайын кызматы чек арага 16 батальонго тете же 14 миң аскер жайгашканын маалымдады. Ал эми Украин президентинин администрациясы өлкөнүн чыгышындагы чек арада 40 миң орус аскери, Крымда 40 миң аскер жайгашканын белгиледи.

Ошондо бул аскерлер эмнеге даярданып жатат? Серепчилер Орусия Украинанын чыгышына аскерлерин киргизбейт деген пикирде. Буга чейин Москва чакан сандагы атайын даярдыктагы аскерлерин ("зеленые человечки"- "жашыл кийимчен белгисиз жоокерлер") жөнөтүп, максатына жеткен. Айталы, 2014-жылы Орусия Крым аймагын дал ушул ыкма менен басып алган.

Украина жана НАТО уюму Орусия Украинанын чыгышындагы жикчилдер башкарган аймакта оор артиллериясын жайгаштырганын дагы айтып келет. Москва болсо дооматтарды четке кагып, Украинанын чыгышындагы орус жоокерлери "ыктыярчы" экенин белгилеп, алардын армияга тиешеси жок экенин айткан.

Орусия менен Украина эмнеге тирешүүдө?

1991-жылы СССР урагандан кийин Орусия бир нече мамлекеттеги жаңжалга кийлигишкен. Алардын арасында Чеченстан жана Кавказдагы согуш бар.

2014-жылы апрель айында Орусия Крымды басып алгандан кийин, Орусияга жан тарткан жикчилдер Украинанын чыгышындагы Донецк менен Луганс аймактарын колго алып, борбордук бийликке баш ийбей калган. Ага чейин Батышты жактаган тургундар бир нече ай бою нааразылык акцияга чыгып, Орусияны жактаган президент Виктор Януковичти бийликтен кулаткан эле.

Pro-Russian separatist tanks in Donetsk region, 2015 file pic

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1991-жылы СССР урагандан кийин Орусия бир нече мамлекеттеги жаңжалга кийлигишкен

Донбасс аталган аймактагы калктын басымдуусу негизинен орус тектүүлөр жана көпчүлүгү Орусиянын жараны. Президент Путин чет өлкөдөгү орусиялыктар коркунучка кабылса, Москва алардын коргоого алууга милдеттүү экенин айтканы бар.

Орусия менен Украинанын мамилеси бузулду, бирок эки өлкө ортосунда согуш абалы жарыяланды деп айтууга болбойт. Донбасста байма-байма ок атышуу катталып келет.

Орусия Чалгын кызматынын (ГРУ) жардамы менен бул аймакта "гибриддик согуш" жүргүзүп келет. Муну "кансыз согуш" деп атаса болбойт, "кандуу" деп дагы атоо катачылык. Москва Донбасста кибер чабуулдарды уюштуруп, пропаганда аракеттерин күчөттү. АКШнын Конгрессте окулган баяндамасында Орусиянын Чалгын кызматы Украинанын чыгышында маанилүү роль ойногону айтылган.

Орусия менен Украинанын мамилесинин азыр чыңалышына эмне себеп?

Орусия-Украина мамилеси боюнча серепчилер Павел Фелгенгауэр жана Жэймз Шеррдин айтымында, бир нече фактордон улам эки мамлекеттин мамилеси чыңалды.

Февраль айында Украинанын президенти Зеленский президент Путиндин жакын адамы саналган украиналык олигарх Виктор Медведчукка каршы санкция жарыялаган. Украина Орусияга жан тарткан теле каналдарга дагы тыюу салды.

Ukraine's President Zelensky visits troops in the Donbas region or Ukraine

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украинанын президенти Зеленский өлкөнүн чыгышындагы аскерлерге жолугуп кетти

2015-жылы Минск шаарында жетишилген келишим аткарылбай жатат. Мисалы, жикчилдер башкарган аймакта көз карандысыз байкоочулардын көзөмөлү алдында шайлоо болушу керек эле.

Буга чейин Советтер Союзунун курамына кирген өлкөлөрдө катталган жаңжалдарга Орусия тынчтыкты сактоо аскерлерин жөнөткөн. Айталы, Молдова жана Түштүк Осетияда Орусиянын аскерлери дагы деле бар. Жэймз Шерр Москва Украинанын чыгышына дагы тынчтыкты сактоо аскерлерин жөнөтүүнү көздөп турганын айтат. Эгерде максатына жетсе, Орусия бир топ артыкчылыкка ээ болот.

Ошол эле учурда айрым адистер президент Путин сентябрь айындагы парламенттик шайлоонун алдында популисттик кадамга барып жатканын айтууда. Өлкөдө түрмөгө камалган оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды колдогондор көп болду. Ал эми чет өлкөдөгү орустарды коргоого багытталган аракет өлкөдөгү патриоттук сезимдерди ойготуп, президент Путиндин рейтингин жогорулашы ыктымал.