Украина: коопсуздук кызматынын генералы Орусияга тыңчылык кылган деп айыпталууда

УКК Шайтанов кармалган учурдагы сүрөттү жарыялады

Сүрөттүн булагы, СБУ

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, УКК Шайтанов кармалган учурдагы сүрөттү жарыялады

УККнын чалгын кызматы атайын операция өткөрүп, генерал-майор Валерий Шайтановду кармады.

Аны мамлекетке чыкынчылык кылган, террордук акт даярдаган деп айыптап жатышат. Тагыраагы, аны Украинада Адам Осмаевди өлтүрүүнү пландаган деп айыпташты. Осмаев Орусияда Владимир Путинге кол салууга даярдык көргөн деп айыпталган эле.

2017-жылы Адам Осмаевге кол салуу болуп, оор жаракат алган. Кийин экинчи ирет кол салышканда, анын жубайы Амина Окуева каза табат. Адам Осмаев менен Амина Окуева Украина чыгышындагы аскердик операцияларга катышып, "Киев-2" деп аталган полиция батальонунда кызмат кылышкан.

"Украин коопсуздук кызматында генерал-майор Валерий Шайтановдун Орусиянын атайын кызматынын агентти экенине ынанымдуу далилдер бар",-деди УКК.

Мекеменин маалыматында, бул Украинанын эгемен тарыхындагы "өтө маанилүү кылмыштын бетин ачуу" болгону айтылат.

Адам Осмаев

Сүрөттүн булагы, УНІАН

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Адам Осмаев Киевдеги Орусия элчилигинин алдындагы акция учурунда, 2016-ж.

Орусиянын коопсуздук кызматы азырынча бул боюнча эч кандай билдирүү жасай элек.