"Орусиячыл телеканалдардын" жабылышы, Зеленскийге импичмент коркунучу

Сүрөттүн булагы, SOPA Images/LightRocket
Украина президенти Владимир Зеленский Жогорку Раданын депутаты Тарас Козакка жана ага тиешелүү үч телеканалга санкция киргизди.
Козак орусиячыл саясатчы Виктор Медведчуктун фракциясына мүчө. Украинада "112 Украина", ZIK менен Newsone телеканалдарынын чыныгы ээси дагы Медведчук деп айтышат. Санкция киргенден кийин аталган каналдар берүүлөрүн токтотту.
Владимир Зеленский "Твиттер" баракчасына санкцияны "өтө татаал" чечим болду деп айтты. "Көз карандысыздык үчүн күрөш - бул маалымат согушундагы чындык үчүн жана европалык баалуулуктар үчүн күрөш" деп кошумчалады.
Аталган маалымат каражаттары билдирүү жасап, президенттин чечимин сынга алды. Муну бийликтин айткандарына макул болбогондордон саясий өч алуу деп аташкан. Виктор Медведчук анын партиясы президент Зеленскийге импичмент жарыялоо демилгесин көтөрүп чыгарын билдирди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"112 Украина", ZIK жана Newsone Украинадагы популярдуу саналган каналдардын катарына кирет. Байкоочулар "Медведчуктун каналдарында" 2019-жылдын жай айынан баштап эле көйгөй жарала баштаганын белгилеп жатат. Анда Newsone каналы Украина менен Орусия ортосунда телекөпүрө өткөрүү ниетин билдирет. Анын Орусиядагы өнөктөшү "Россия 24" каналы эле. Жыйынтыгында телекөпүрө пландалган форматта өтпөй калды. Бирок Украинанын Коопсуздук кызматынын жетекчиси Иван Баканов "агрессор мамлекет тарабынан антиукраиналык маалымат өнөктүгүнүн жүзөгө ашышына жол бербөө үчүн" аталган каналдарга санкция киргизүү тууралуу билдирүү жасаган эле.
Көп өтпөй президент дагы ушундай эле өңүттө пикирин айткан.

Сүрөттүн булагы, UNIAN
"Медведчуктун партиясы боюнча чоң суроо бар. Бул анын партиясыбы, артында ким турат? Партияны жана телеканалдарды каяктан, ким каржылап жатат? Кайсыл өлкөдөн кандай көлөмдө алып жатышканы тууралуу бизде жооп бар. Бул өтө чуулгандуу окуя болот жана жакшылык менен бүтпөйт",-деген президент Зеленский.
Азырынча телеканалдардын эмне себептен жабылганы боюнча так маалыматтар айтыла элек. Зеленскийдин басма сөз катчысы Юлия Мендель "мунун сөз эркиндигин чектөөгө эч кандай тиешеси жок" экенин, "Украинага каршы согуштагы инструменттердин бири болуп калгандыктан улуттук коопсуздукту сактоо максатында" жабылганын айтты.
Айрым маалымат каражаттар коопсуздук кызматындагы булактарына шилтеме берип, бөгөт коюлган телеканалдарга каржы өзүн республика жарыялап алган Луганск аймагына катталган компания аркылуу ишке ашырылып келгенин жазып чыгышты. Бул украин мыйзамдарына каршы келип, Кылмыш кодексинде терроризмге кол кабыш кылуу катары каралат.
Украин бийлигинин чечимин АКШ колдоого алды. "Эгемендүү өлкөлөргө каршы маалымат согушунда бурмаланган маалыматтын курал катары колдонулушуна баарыбыз биргеликте каршы турушубуз керек",-деп айтылган АКШ элчилиги тараткан билдирүүдө.
Брюсселдин реакциясы болсо өтө этияттык менен жасалды. Евробиримдиктин өкүлү Питер Стано биримдик сөз эркиндигине өзгөчө маани бере турганын Киевге эскерте кетти. Албетте, Москва украин бийлигинин аракетин сынга алды.












