"Чого бажаєте": Украинада тейлөө кызматы мамлекеттик тилде көрсөтүлөт

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ишемби күндөн тарта Украинада тейлөө кызматы бир гана мамлекеттик тилде көрсөтүлөт. Бул мыйзам 2019-жылы кабыл алынган.
Албетте, кардар башка тилде кайрылууну өтүнсө болот. Бирок ресторан, банк же китепкана болобу, кызмат көрсөткөн тарап кардарга алгач украин тилинде кайрылат.
Мыйзамды бузгандарга айып пул дагы каралган. Учурда мыйзамды колдогондор 16-январь тарыхый күн болорун айтышууда. Ага каршы чыккандар, Украина орто кылымга кайтып баратканын белгилешүүдө.
"Кааласаң Кытай тилинде"
Чынында, орус тилдүү тургунга 16-январдан кийин көп деле өзгөрүү болбойт. Ооба, официант болобу, дарыканын кызматкери болобу ал кардарга украин тилинде кайрылат, бирок...
"Кардар маалыматты башка тилде түшүндүрүп берүүнү суранса жана кызмат көрсөтүп жаткан тарап ошол тилди билсе, албетте ага эч тоскоолдук жок. Биз Европадагы чоң мамлекеттердин бири катары саналабыз. Өлкөдө чет мамлекеттен келген студенттер жана бизнесмендер бар...Мындан эч маселе чыкпайт",-деди Мамлекеттик тилди коргоо мекемесинин өкүлү Тарас Кремень.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Базарда соода кылган Светлана сыяктуу тургундарга мыйзам эчтекени деле өзгөртпөйт. Би-Би-Сиге маек куруп жатып, Светлана кардарлары менен украин жана орус тилинде баарлашып жатты. Ал кардар менен тил табуу үчүн "кааласаң кытай тилинде деле сүйлөйм" деп айтты.
Бирок мыйзамды аткарбагандарга 5100-6800 гривен (15400-20500 сом) айып пул салынганы кызуу талкуу жаратты. Өкмөт азырынча эскертүүлөр гана болорун, айып пул 2022-жылы июль айында гана салынарын айтууда.
Андан тышкары Мамлекеттик тилди коргоо мекемесинин өкүлү Тарас Кременге ылайык, айып пул өзгөчө учурда гана салынат. Мисалы, кардарга официант украин эмес, орус тилинде кайрылса бул чоң деле маселе эмес. Ал эми кардар мамлекеттик тилде кызмат алууну каалап, официант аны аткарбай койсо, анда айып пул салынышы ыктымал.
Кандайдыр бир жагдайдан улам официант украин тилин билбесечи?
"Совет доорунда бизге белгилүү болгон "12 стульев" тасмасындагы бир каарман 30 гана сөз билген. Кардар менен баарлашуу үчүн 30 сөз жетиштүү го деп ойлойм. Бирок тамашадан тышкары, Украина отуз жылдан бери эгемен мамлекет. Ушул жылдар ичинде тейлөө кызматын мамлекеттик тилде көрсөтө албаган жаран бар дегенге ишенбейм",-деди Тарас Кремень.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Мыйзамга ылайык, Украин өкмөтү мамлекеттик тилди үйрөтүү үчүн бекер курстарды сунушташы керек эле. Бирок каражат тартыш болгондуктан, ал ишке ашпай калды.
2021-жылы январь айында Украинада тейлөө кызматы жалаң украин тилине өтөрү көптөн бери талкууланып келет. Мыйзам 2019-жылы Петр Порошенко президент кезинде кабыл алынган. Ал учурда сынчылар, Порошенко шайлоо алдында популисттик кадамга барганын айтышкан. Орусия болсо мыйзамды сынга алган.
Украин коомчулугунда дагы мыйзамга карата көз караш ар түрдүү. Айрымдар аны шылдыңдаса, башкалары туура кадам болгонун айтууда. Соңку сурамжылоолорго ылайык, украин тилин өлкөдөгү жалгыз мамлекеттик тил катары кабыл алуунусун калктын 70 пайызы колдойт.










