Украинада жогорку класстарда жалаң украин тили колдонулат

Украинанын президенти Петро Порошенко

Сүрөттүн булагы, President of Ukraine

Украинанын президенти Петро Порошенко жогорку классынын окуучулары сабактарды жалаң украин тилинде өтүү боюнча мыйзамга кол койду.

Порошенконун айтымында Украинада ийгиликтүү карьера куруу үчүн украин тили зарыл.

Украинада тил маселеси курч турат. Өлкөнүн чыгышында негизинен орус тили колдонулат.

Мыйзам биринчи жолу март айында, сунушталганда Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова аны лингвистикалык геноцид деп сындаган.

Украина

Сүрөттүн булагы, UNIAN

Мурдагы мыйзамга ылайык, этникалык азчылыктар каалаган тилде мектепке барып турчу. Жаңы мыйзам кабыл алынгандан кийин чет тил сабактары өтө берет, бирок украин тили жогорку класынын окуучуларына негизги тил болуп калат.

Сын-пикирлерден улам президент Порошенко министрлерин Европа кеңеши менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, мыйзам Европалык стандартка дал келеби же жокпу караштырууну өтүндү.