Саакашвилинин тарапташтары Украина чек арасынан алып өтүштү

Грузиянын мурдагы президенти, Украинанын Одесса облусунун экс-губернатору Михаил Саакашвилини жүздөгөн тарапташтары Украина аймагына алып өттү. Алар украиналык чек арачылардын курчоосун бузуп өтүп кетишти деп билдирди окуя болгон жерден Би-би-си кабарчысы.
Андан соң автобус менен Саакашвилини Львов аймагына алып кетишкен. Львовдо кечинде саясатчы журналисттер алдында билдирүү жасап, азырынча уулу менен аялын күтүп шаарда кала турганын айтты.
Ал эми өлкөнүн Мамлекеттик чек ара кызматы окуяны "Улуттук полиция жана чек ара кызматы менен кагылышуу болду" деп баалады. Аны арты келип чек араны кесип өтүүдө мыйзамсыз аракеттерге алып келди жана арасында эл депутаттары болгон топтун аракети менен ишке ашты деп билдирүү жасады.
Улуттук полиция маалыматына караганда 11 кызматкери жаракат алган. Чек ара кызматынан да беш киши жаракат алганы кабарланды.
Би-би-синин украин кызматынын кабарчысы кабарлагандай, Саакашвилинин тарапташтары чек арадагы бир нече полиция курчоосун жарып өтүшкөн.
Жарнамаланган артка кайтуу
Дээрлик бир жарым жылдай Украинанын Одесса облусун башкарган Саакашвили өлкө президенти Петр Порошенконун жарлыгы менен украин жарандыгынан ажыратылган эле. Ага өлкөгө кирүүгө тыюу салынган.

Саакашвили болсо Украина аймагына кирүүгө укугу бар экенин айтып, жарандыгынан ажыратылганын сотто жокко чыгарууга негиз бар деп көөшөрүп жатат.
Жекшембиде Саакашвили Польшанын Жешув шаарынан алдынала катуу жарнамалап туруп, журналисттердин жана украиналык оппозициялык маанайдагы саясатчылардын (анын ичинде Юлия Тимошенко сыяктуу белгилүүлөрү да бар) коштоосунда украин чек арасына келген.
Башында Саакашвили автобус менен келип, Львовго бараткан поездге олтурган. Бирок украиналык темир жол компаниясы Саакашвилиге Украианага кирүүгө тыюу салынгандыктан вагондон чыгууну суранды.
Ушундан кийин Саакашвили чек аранын өткөрмө бектеине автобус менен келди. Польша тараптан бат эле өтүп келип, чек аранын нейтралдуу аймагында кармалып турду. Андан кийин "Миша" деп кыйкырып, Украина гимнин ырдап турган топ чек арачылардын курчоосун жарып өтүп, саясатчыны чек арадан алып өтүп кетишти.
Миңге чукул Саакашвилинин тарапташтары бир нече убакыт алдын эле чек арага лагерь тигишкен эле. Ошол жердеги чек ара кызматынын генаралы бул аракет мыйзамсыз экенин жана эртең жооп беришерин эскерткен. Бирок ага кулак салган киши болгон жок. Саакашвилини колдоого алып келген саясатчылар күч түзүмдөрүнүн аракетин мыйзамсыз деп баалады. (AbA)








