Донбасста жаңы согуш коркунучу жаралдыбы?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Украинанын Башкы штабы Донбасста орусиялык ондогон көзгө атарлар иштеп жатканын айтты. Москва өзүнүн аскер кызматкерлеринин бул жаңжалга катыштыгы жок экенин билдирип, айыптоолорду кескин четке кагууда.
Украиналык басылмалар Донбасстагы жарашуу келишими февралда эле бузулганы тууралуу жазып келишкен. Акыркы күндөрү аймакта ок атышуу күчөдү. Дээрлик күн сайын ок атылганы айтылууда. Абада дрондор пайда болуп, көзгө атарлар тынымсыз ок чыгарууда деди украин тарап. Киев жана өздөрүн республика жарыялап алган Донбасстагы Луганск жана Донецк бири-бирин чагымчылдык үчүн айыптап жатышат.

Сүрөттүн булагы, General Headquaters of Ukrainian Armed Forces
Би-Би-Синин Украин кызматына Башкы штабдагы булактары "Донбасста 10-12 кишиден турган орусиялык дасыккан көзгө атарлар" иштеп жатканын билдирген. Москва болсо Украина чыгышындагы жаңжалга тиешеси жок экенин айтып, айыптоолорду жанына жуутпай келүүдө.
Жарашуу тууралуу келишимге жеткен 2020-жылдын июлунан бери 19 украин аскери окко учкан. Анын он беши ушул жылдын башынан берки айларда эле каза тапты. Ондогондору ар кандай жаракат алган. Ал эми өзүн республика жарыялап алган аймактагы жоготуулар тууралуу маалымат жок.

Сүрөттүн булагы, Ukrainian Armed Forcces 24 brigade
Өздөрүн "республика" жарыялап алып, Киевге куралдуу каршылык көрсөтүп жаткандар жарашуу келишимин бузду деп борбордук өкмөттү айыптап жатат. Чабуулга чабуул менен гана жооп берип жатабыз дейт алар. Донбасс Киев толук масштабдуу чабуул даярдап жатат деп кооптонууда. Жергиликтүү басылмалар украин аскер техникалары бир жерден экинчи жерге жылып жаткан кадрларды мунун далили катары жазууда.
Орусияда болсо айрым ЖМКлар Донбасстагы "жаңы согуш" тууралуу февралда эле сөз кыла башташты. Өзгөчө орусиячыл саясатчы Виктор Медведчукка Киев санкция салгандан кийин бул тема күчөдү. Марттын башында Донбасста жаңы жаңжал тутанганы жатат деп орусиялык расмий ЖМКлар кабарлай баштады. Акыркы апталарда өткөн жылдын июлунда жарыяланган жарашуу келишими чоң суроо болуп калды окшойт.









