"Мыйзамдагы уурулар", "кримтөбөлдөргө" каршы мыйзам

Сүрөттүн булагы, УНІАН
Украинанын парламенти "мыйзамдагы ууруларды" жана кылмыш дүйнөсүнө түшүнүктөрү менен жашагандарды кылмыш жообуна тартуу боюнча мыйзам кабыл алды. Постсоветтик мейкиндикте мындай мыйзам биринчи жолу Грузияда, кийин Орусияда кабыл алынган эле.
Жогорку Рада тарабынан кабыл алынган мыйзамда кылмыштуу топ түзгөн жана анын башында болгондорду 12-15 жылга абак жазасына тартуу жана үй-мүлкүн мамлекеттин эсебине алуу жазасы каралган.
"Бул "мыйзамдагы ууру" макамынын өзгөчөлүгү - өздөрү активдүү кылмыштуу аракеттерди жүргүзбөйт. Ар бир "мыйзамдагы ууру" тарапташтары менен бүтүндөй пирамида куруп чыгат",-деди парламентте Улуттук полициянын жетекчиси Игорь Клименко.
Анын эсебинде, Украинада мындай топтордун курамында миңдеген кишилер бар. Клименко жакында эле Киевде болгон ок атышууну эске салып, бул окуяны "мыйзамдагы уурулар" менен байланыштырды.
Эми жаңы мыйзам боюнча кылмыш дүйнөсүндөгү жашыруун жыйындар, ("мыйзамдагы ууруларга таажы кийгизүү" же башка бир териштирүүлөр, таасир талашуу, аймак бөлүштүрүү ж.б.) кылмыш деп таанылат. Жыйынды уюштургандар 7-12 жылга эркинен ажыратылып, үй-мүлкү мамлекет эсебине өткөрүлөт. Кылмыш дүйнөсүнүн жыйыны тууралуу өз эрки менен укук коргоо органдарына кабар бергендер кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.
Украин оппозициясы мындай айыптоого бейкүнөө кишилер дагы кабылып калышы мүмкүн деп сынга алууда.

Сүрөттүн булагы, Национальная полиция Украины
Грузия "мыйзамдагы ууруларды" кантип тизгиндеген
Нина Ахметели, Би-Би-Синин Тбилисидеги кабарчысы
Коррупция менен кылмыш күчөгөн Грузияда радикалдуу өзгөрүүлөр 2003-жылдагы ыңкылаптан кийин болду. Михаил Саакашвилинин өкмөтү "мыйзамдагы ууруларга" согуш жарыялады.
Көптөр мунун ийгиликтүү болушунан күмөн санаган. Анткени Грузия өзүнүн кримтөбөлдөрү менен таанымал эмеспи. Бирок жыйынтык көпкө күттүргөн жок.
"Мыйзамдагы ууруларды" камакка алып, өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз кылышты. Аларга тиешелүү хансарайлар, дачалар полиция бөлүмүнө жана мамлекеттик мекемеге айланды. Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча кылмыштуулук 2006-2010-жылдар аралыгында эки эсеге кыскарды.
Бир катар реформалардан кийин укук коргоо органдарына болгон элдин ишеними дагы жогорулады. Уюшкан кылмыштуулукка каршы кабыл алынган мыйзам аркылуу мурда тонолуп, өкүмзордук менен тартып алынган мүлктөр ээлерине же мамлекетке кайтарылган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Грузин реформаторлорунун айтымында, алар мыйзам кабыл алууда италиялык антимафиялык мыйзамга жана америкалык RICO мыйзамына көңүл бурушкан. Америкалык мыйзамда кылмыш дүйнөсүнүн иерархиясындагы кишилерге каршы көрсөтмө бергендер жоопкерчиликтен бошотулат.
Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш "мыйзамдагы уурулардын" таасиринде калган абак жайларга чейин жеткен. Бирок криминал менен күрөштүн тескери дагы жагы болду. Укук коргоочулар адам укугу системалуу бузулуп, кыйноо жана майда кылмыштар үчүн дагы оор жаза берилип жатканын айтып чыгышкан. Абак жайлары толуп калганын эскертишкен эле. 2012-жылы бийлик алмашкандан кийин масштабдуу амнистия болду. Ал учурда абактагылардын жарымы эркиндикке чыгып кеткен. Арасында кылмыш дүйнөсүнүн анабашылары дагы бошоп кеткени белгилүү. Аларга Грузияны таштап чыгып кетүүгө бир сутка убакыт берилген.
Оппозиция тарабынан бийлик кылмыш дүйнөсү менен кызматташты деген айыптоолор айтыла калып жүрөт. Эксперттер коомдо "мыйзамдагы ууруларга" карата пикирлер бир кылка эместигин белгилеп, Грузиянын кылмыш дүйнөсүнө каршы күрөштүн ийгилигине карабастан, алар кайра кайтып келип, мурдагы таасирин кайтарып алат деген коркунуч кала берүүдө. (AbA)












