Украина биринчи жолу "Байрактарды" согушка салды

Дрон тарткан сүрөт

Сүрөттүн булагы, КОМАНДУВАННЯ СУХОПУТНИХ ВІЙСЬК ЗСУ

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дрон тарткан видеодо сокку урулган буталар көрсөтүлгөн.

Украинанын аскери түрктөр чыгарган учкучсуз иштеген "Байрактар" согуштук учагын биринчи жолу колдонуп, ракеталык сокку менен душмандын артиллериялык куралын жок кылганын билдирди.

"Байрактар" менен ракеталык сокку жасалганы жөнүндө украиналык аскер блогери Роман Доник кабарлады.

"Бир нече күн бою кас пропагандисттер Украинанын куралдуу күчтөрү Минск келишимин бузуп, бөтөн аймакка кирди деп жатышкан. Бүгүн алар 15 км аралыктан Донецк областындагы Гранитное кыштагын аткылашты,-деп жазды ал. - Аскерлер менен карапайым калктын өмүрүн сактоо үчүн асманга "Байрактар" көтөрүлүп, ал душмандын батареясын таап, бир куралын жок кылды".

"Байрактар" колдонулганы жөнүндө башка аскер блогерлери жана волонтерлор дагы, ошондой эле "Армия FM" аскер радиосу билдиришти.

Бул окуя жөнүндө "Цензор.неттин" редактору Юрий Бутусов да жазып, учкучсуз учакты колдонуу ок атып жаткан каршы тарапка жооп катарында колдонулганын белгиледи.

Байрактар

Сүрөттүн булагы, ГЕНШТАБ ЗСУ

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Байрактар" согуш болуп аткан жерден 150 км алыста жайгашып, бир суткадан ашык конбой асманда учуп жүрө алат.

"Байрактар" - кандай согуштук учактар?

"Байрактар" деп аталган аскердик чалгынчы, учкучсуз жүргөн комплекс түрк өндүрүшүнөн чыккан учак. Ал душмандын аймагына асмандан байкоо салып, аны ыкчам түрдө таап, жок кылуу үчүн колдонулат. Ал башкаруучу ракеталар жана авиациялык бомбалар менен жабдылган. Согуштук дронго жогорку сапаттагы камералар жана заманбап программалар коюлган. Ал асманда бир сутка бою конбой учуп жүрө алат.

"Байрактар" Карабахтагы соңку согуш убагында да колдонулду. Карабактагы көп буталарга урулган ракеталык соккулар жөнүндө Азербайжандын аскери көп таркаткан видеолордо, эксперттер баамында, так ушул аскердик учак тартылган.

ТБ2 - дрондор рыногундагы эң белгилүү "жылдыз" . Түркия аны 2020-жылы февралда Сирияда "Жазгы калкан" операциясы учурунда колдонгон. Ал эми ага чейин бул учактар Ливияда Хафтардын армиясына каршы согушкан.

Түркиядан дрондорду сатып алуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү Украина 2019-жылы эле баштаган. 2019-жылы Украинанын куралдуу күчтөрү бул учактарды пайдалануу боюнча машыгууларды жүргүзө баштаган.

Биринчи учак 2021-жылы июлда сатып алынган, ал эми июлда алар Украинанын 30 жылдыгына арналган парадга катышты.

Айтмакчы, Кыргызстан дагы Түркиядан "Байрактарды" сатып алып жатканы жакында белгилүү болду. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 21-октябрда Бишкекте Чек ара кызматына согуштук курал тапшыруу убагында биринчи жолу Кыргызстан өз каражатына чет өлкөдөн курал сатып алып жатканын билдирген. Атап айтканда, Кыргызстан Түркиядан "Байрактар" учагын сатып алып жатканын, мындай курал дүйнөнүн беш гана өлкөсүндө бар экенин, ошондой эле кыргыз адистери бул учакты башкарууга Түркияда окуп жатканын ачыктаган эле. (КС)