Кыргыздын эстутумун Украинадан издеген “Эсимде”

Чоробек Сааданбеков, Би-Би-Си Кыргыз кызматы

Элмира Ногойбаева, "Эсимде" долбоорунун жетекчиси

Сүрөттүн булагы, esimde.org

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Элмира Ногойбаева, "Эсимде" долбоорунун жетекчиси

Эмне үчүн кыргыздардын эстутумун Украиндан издешет?

Жеке жарандар билген эстутум, ырасмий тарых калыптандырган эстутумдан айырмаланып келет. Мамлекеттик бийликтер тарыхты өз кызыкчылыгын тейлеп, туура деп эсептеген көз караштарын элге сиңирип, керектүү багытка ээрчитүү үчүн колдонот.

Эл болсо, ошол эле окуяларды жеке жашоосуна тийгизген окуялар аркылуу кабыл алып, фольклордо чагылдырып, тар чөйрөдө сөз кылган эскерүүлөр аркылуу билип келет. Совет доорунда жаралган анекдоттор ушундай жеке эстутумдун жаркын үлгүсү.

Кыргызстанда жашаган элдердин эстутумун изилдеген “Эсимде” долбоору жакында Украинага барып келди. Долбоордун жетекчиси, Элмира Ногойбаева, эмне үчүн кыргыздардын эстутумун издеп Украинага барыш керек болгонун бир катар себептер менен түшүндүрөт.

“Үч-төрт жыл мурун Ысык-Көлдө оозеки эскерүүлөрдү, архивдик материалдарды чогултуп жүргөнбүз. Ошондо бизге 1930-жылдары кулакка тартылып, Украинага айдалып кеткен чоң-ата, чоң-энелери жөнүндө айтып бергендер көп болду. Кызыгып көрсөк, мындай кишилер, үй-бүлөлөр аз эмес экен. Биз көбүн эсе оозеки окуяларды чогулта алдык, анткени Кыргызстандын бул мезгил боюнча архивдери жабык”, - дейт ал.

Колхоздоштуруу же жеке менчикти жоюу ишинде колунда бар адамдар “кулак” аталып, мамлекет алардын мүлкүн тартып алып, өздөрүн башка өлкөгө айдап жиберүү, өткөн кылымдын отузунчу жылдарынын башында СССРде кеңири колдонулган.

Тарыхчы Жолдошбек Бөтөнөевдин маалыматы боюнча, 1931-жылы Орто Азиядан Украинага, Түндүк Кавказга 6 миң кулак чарба көчүрүлгөн, алардын 700дөн ашыгын кыргызстандык кулак чарбалар түзгөн.

Кулакка тартылып, Украинага сүргүнгө айдалгандар

Сүрөттүн булагы, esimde.org

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кулакка тартылып, Украинага сүргүнгө айдалгандар

Тарыхчы Рыскул Жолдошов, "кулакка тартуу жалаң эле колунда бар кишилердин мүлкүн тартып алуу менен чектелбестен, бай-кедей деген таптык күрөштүн куралы катары дагы колдонулган. Бул процесс Орус империясы колониялык аймактарды басып алганда, СССРге чейин эле башталып, колонияга айланган аймактардагы элдердин алдыңкы катмарын жоюу менен коштолгон", - дейт.

Рыскул Жолдошов, тарых илимин кандидаты

Сүрөттүн булагы, social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Рыскул Жолдошов, тарых илимин кандидаты

“Аймактык архивдерден чогултуп баштаган маалыматтардан биз колунда эки уй, үч койу барлар деле кулакка тартылып айдалып кеткенин көрдүк”, - дейт Элмира.

Алар маалыматты Украинанын архивдеринен издеп көрүү максатында Украинанын Улуттук эстутум архивине кайрылып, “бизде маалымат болушу керек” деген жооп алышкан.

“Бул теманы көтөрүп баштагандардын бири - журналист Амирбек Усманов болгон. Токсонунчу жылдардагы Кыргызстандын Украинадагы элчиси Улукбек Чыналиев Херсон облусундагы кыргыздар жашаган Виноградова, мурунку Чалбасы, жана Христовка айылдарына чоң белги таштарды койдуруп, бул доордун эсутуму үчүн эбегейсиз чоң иш кылганын белгилей кетиш керек”, - дейт изилдөөчү.

Улукбек Чыналиев Херсон облусундагы кыргыздар жашаган Виноградова жана Христовка айылдарына койдурган белги таштар

Сүрөттүн булагы, esimde.org

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Улукбек Чыналиев Херсон облусундагы кыргыздар жашаган Виноградова жана Христовка айылдарына койдурган белги таштар

“Кыргыздар Украинага “Голодомор”аталган катуу ачарчылык болуп жаткан 1930-жылдары айдалып 1944-жылы кайтып келишкен. Демек, алар экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы оккупацияны дагы башынан өткөрүшкөн. Ал жакта немис оккупациясы эмес, биз ал жөнүндө эч нерсе билбеген, румын оккупациясы болгон. Румыния кийин социалисттик лагерге кошулуп калгандыктан, бул жөнүндө көп айтылган эмес. Бул катаал эле оккупация болгон. Украиндер дагы, биздилер дагы жабыркашкан”.

“Сүргүнгө мал салган вагондорго салып айдашкан. Ал жакка көбү тирүү жете албай калган. Ошон үчүн Чалбасыда балдар үйү ачылган. Ал балдар үйү кийин мектепке айланган. Анда окуган балдарды жергиликтүүлөр “киргизы” деп аташчу экен”.

Чалбасыда балдар үйү ачылган. Ал балдар үйү кийин мектепке айланган.

Сүрөттүн булагы, esimde.org

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чалбасыда балдар үйү ачылган. Ал балдар үйү кийин мектепке айланган.

Украинада архивдердин ачык болгону изилдөөчүлөргө Херсондун, Одессанын, Киевдин жана Украинанын коопсуздук кызматынын архивдеринен кыргыздар тууралуу маалымат чогултканга мүмкүнчүлүк берген.

Ошондой эле изилдөөчүлөр Виноградово айылынын музейинен жана архивинен кишилердин кирип-чыгуу китебин ала келишкен. “Биздин кишилерди ал жакта “спецпереселенцы” (атайын көчүрүлгөндөр) деп аташкан. Алар каттоодо турушкан”, - дейт Элмира.

Ал азыр ал китептин негизинде жарыялоого тизме даярдалып жатканын кошумчалады. - “Анткени аталарынын изин издегендер бизге кайрылып жатышат”.

Изилдөөчүлөр Виноградово айылынын архивинен кишилердин кирип-чыгуу китебин ала келишкен

Сүрөттүн булагы, esimde.org

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Изилдөөчүлөр Виноградово айылынын архивинен кишилердин кирип-чыгуу китебин ала келишкен. “Биздин кишилерди ал жакта “спецпереселенцы” (атайын көчүрүлгөндөр) деп аташкан.

Эмне үчүн мындай маалыматтарды алыш үчүн Украинадагыдай эле Кыргызстандын архивдеринде иштесе болбойт деген суроонун жообун, Элмира Ногойбаева Кыргызстанда архивдер ачылса, “кагылыштар болуп кетиши мүмкүн” деген мифте жатканы менен түшүндүрөт:

Архивдик материал

Сүрөттүн булагы, esimde.org

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Архивдик материал

“Ушундай эле мифтер башка өлкөлөрдө дагы болгон. Биз Германиянын, Испаниянын, Грузиянын, Украинанын тажрыйбасын карап көрдүк. Жетилген кишилер тарыхын ачып карап, таанып, иштеп чыкандан кийин өнүгүү башталат. Эгер киши эсинен бирдемени сызып салгысы келсе, аны эстегиси келбесе, анын өнүүгүсүндө тоскоолдук жаралат. Биз муну Кыргызстандын мисалында так көрүп турабыз. Биз өз эстутумун билбегендербиз”.

“Эсимде” учурунда “Ачык Өкмөт” долбооруна УКМКанын сталиндик доорго туура келген архивдерин ачуу сунушу менен чыккан. Бирок демилге колдоо тапкан эмес.

“Архивдер тарыхты изилдөөчүлөр үчүн - биринчи булак. Совет мезгилинде кулакка тартылгандардын баары документтештирилген, алар архивдерде калган. Бирок бизде совет доорунда жабык сакталып калган архивдер эмдигиче ачыкка чыга элек. КГБ архиви дале ачыла элек, - бул көйгөй” – дейт тарыхчы Рыскул Жолдошов.

Украинада КГБнын архивдери ачык колдонууга берилген

Сүрөттүн булагы, argumentua.com

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украинада КГБнын архивдери ачык колдонууга берилген
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Тарыхчы КГБнын архивдери ачылса көп досьелер белгилүү калат дейт: “Бүгүн баатыр, лидер деп жүргөн адамдарга дагы топтолгон кандайдыр бир жаман жактары ачылышы мүмкүн. Анан азыркы жашап жаткан адамдардын бабаларынын кастыктары дагы билинип калынышы мүмкүн”. Бирок, ошол эле учурда, архивдер адис тарыхчылар үчүн ачылышы керек деген көз карашта.

Ал архивдерин ачкан мурдагы социалдык блокко кирген мамлекеттердин мисалы башаламандыктар болбогонун көрсөткөнү менен дагы макул: “Ал окуялардан бери 100 жылдай убакыт өттү. Кийинки адамдар анчалык деле талаш-тартышка түшпөйт деп ойлойм. Бирок кандайдыр бир деңгээлде коомдо сөзсүз талкуу болот ” – дейт ал.

Бир эле учурда, Кыргызстанда ата-бабаларды эскерүү күнү - мамлекеттик майрам. Бирок алар тууралуу так маалымат алса боло турган колдогу архивдерди жабык кармалышы канчалык тураа деген суроого, тарыхчы, негизи архивдер ачылышы керек деген пикирин билдирип, бирок аны менен бирге, ал материалдар совет бийлигине керектүү максатта, бирөөнө каралоо үчүн бурмаланып чогултулганын дагы эстен чыгарбай,“ошол мезгилде ак жеринен караланган, жок жерден жалаа жабылган адамдар болгон, ошонун баарына сын пикир менен карашыбыз керек”, - деп жооп берди.

Бул материалдарды адистер изилдегенден кийин анан коомчулукка бериш керек деп эсептей турганын дагы кошумчалады.

"Эсимде" Украинадан алып келген архивдик материалдардан

Сүрөттүн булагы, esimde.org

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Эсимде" Украинадан алып келген архивдик материалдардан

“Эсимде” долбоорунун элдин эстутумун ойготууга кылган аракети сынга дагы кабылып жүрөт.

Элмира басмачылар темасын изилдеп баштаганда алгачкы жолу сынга кабылышканын айтты.

“Биз басмачылар - бул кимдер” деген суроону коюп, алардын советтик кинодогу, искусстводогу элесин изилдеп көрдүк. Ошондо биринчи жолу Кыргызстанда улутчулдар баш көтөрүп башташты, алар каракчыларды актаганга аракет кылып жатышат деген макала чыккан. Эми биз Украинага барып келгенден кийин дагы макала чыкты”.

“Эгемендигибиздин отузунчу жылында бизге өткөндө эмне болгонун, биздин аталарыбыз менен эмне болгонун билгенге тыюу салып жатышат. Бул - болбогон кеп”.

Алардын аракети болгону “өз элинин, өз тарыхын билүүгө болгон кызыкчылык экенин” кошумчалап, аны ооздуктоого аракет кылуу - “акылдуу иш эмес” дейт.

Ал архивдердин ачылышы биздин тилибизде сакталып келе жаткан “бай-манап, кулак, күркүл” сыяктуу өткөнүн жектегенин көрсөткөн сөздөргө болгон мамилени өзгөрткөнгө дагы жардам бере алат деп эсептейт:

“Бул биздин өткөнүбүздү, маданиятыбызды жектетүү, ажарытуу үчүн атайын куралган фразалар”. “Башында “Үркүн” дагы кедей менен байлардын күрөшү катары берилчү. Чындыкты биз кийин билдик”.

Басмачы Насырхан Журанын тобу

Сүрөттүн булагы, Жолдошбек Ботоноев

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Басмачы Насырхан Журанын тобу

Рыскул Жолдошов, архивдердин ачылбай келе жатканы менен жер-жерлердеги белгилүү жана белгисиз баатырларга коюлган эстеликтердин көптүгүн дагы байланыштырат:

“Бул дагы болсо ата-бабаларды эскерүүнүн бир жолу болуп жатат. Бирок муну менен кыргыздын тарыхын бурмалоо процесси жүрүп жатат, ошолорду түздөш үчүн биз сөзсүз чыныгы документтерге таянышыбыз керек”.

“Ошол эле бай-манаптар – бул ишкер, туруктуу кишилер болгон. Басмачы аталгандар арасында Өзгөн мунарасын калыбына келтиргендер болгон. Алар медреселерди курушкан. Ал кезде медреселер билим берген жайлар болгон. Бирок алардын баарын чогултуп туруп басмачы, каракчы атап салышты. Эмдигиче бул жөнүндө сөз кылганга уруксат берилбей келет. Балким убакыт келгендир”?

“Ысык-Көлдүн кызгалдактары” тасмасындагы Карабалтанын ырын биз түшүнгөн жокпуз, ал эмне жөнүндө экенин билбейбиз. Чынында ал сүргүндөгү жолбундун ыры. Украинага айдалган кыргыздар дагы жолбун “спец переселенецтер” болушкан. Алардын ар бири Карабалта болуп, бизди ойготкон ырын ырдап бере алмак”.