Жаныбек казы ким болгон: элдин адамыбы же эл душманыбы?

Колго түшүп берип жаткан басмачылар, 1928-жыл.

Сүрөттүн булагы, TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Колго түшүп берип жаткан басмачылар, 1928-жыл.
    • Author, Байболот Абытов
    • Role, Тарых илимдеринин доктору, профессор

Эгемендүү Кыргызстандын көз карандысыздык доорунда, мурда жабык болуп, актай калган, такталбаган тарых барактары такталып, тарыхый чындык аныкталып, көптөгөн бурмалоолор түздөлүп, актай калган барактар толукталып, адилеттүү түрдө толтурулуп, элибиздин, мамлекетибиздин тарыхында көп талаш-тартыш маселелер чечилип келүүдө.

Бул жаатта көп эле ал коолдоого татырлык ийгиликтерге жетиштик десек жаңылыштык болбойт. Ошондой тарыхый тактоо сыпатында бир катар аракеттер айтылуу Жаныбек казы Сагынбай уулунун бейнесине тиешелүү болгонун айтууга болот. Албетте бир же бир нече чакан макалалар менен Жаныбек казынын бейнесин толук ачуу мүмкүн эмес экендиги да талашсыз көрүнүш.

Анткени биз Жаныбек казы Сагынбай уулу тууралуу эл арасында азыркы учурга чейин сакталып келген аңыз кептер жана Кеңеш өкмөтүнүн расмий бийликтери тарабынан мүнөздөлгөн бейнеси талаш тартышты, ар түрдүү дооматтарды, пикирлерди, тактай турган маселелерди камтыган инсан. Ооба, Кеңеш доорунун мезгилиндеги маалыматтарда ал киши өзгөчө терс каарман катары, Кеңеш өкмөтүнүн, карапайым кыргыз элинин келишпес кас душманы, каршылашы, Түштүк Кыргызстандагы басмачылык кыймылдын бирден бир абройлуу лидери, баскынчы, талоончул катары мүнөздөлүп келген. Мындай мүнөздөмөгө аны жакшы, жакындан билбеген, ар түрдүү көз караштагы агенттер, ортомчулар, тыңчылардын, ушакчыларды маалыматына таянып түзүлгөн ОГПУ - НКВД - КГБ архивдериндеги ар түрдүү тактамалар, баяндамалар, маалыматтар негиз экендиги да талашсыз.

Элибиздин, мамлекетибиздин эгемендүүлүк, көз карандысыздык жылдарында да ал киши расмий бийликтер, ОГПУ - НКВД - КГБнын терс мүнөздөмөлөрүнөн биротоло арыла албады. 90-жылдардын аягында 2000-жылдардын башында ал кишинин тарыхый, саясий бейнесине арналган конференция, атайын илимий, тарыхый жыйын өткөрүүгө болгон Өзгөн районунун акимчилиги, жергиликтүү активисттердин аракеттери да натыйжасыз аяктаган. Алгач алдын ала макул болуп, бирок иш чара өтө турган күнү расмий бийликтер тарабынан тыю салынып, өтпөй калган учурлар болгонуна биз да күбө болгонбуз.

Ооба эл арасында ал киши тууралуу таптакыр башкача маалыматтар айтылып, аларга таянсак Жаныбек казы Сагынбай уулу эч кандай актоого - реаблитацияга муктаж эмес. Ошентсе да тарых айдыңында ал кишинин бейнесине дагы бир жолу кайрылууну туура көрдүк.

Акыркы жылдары аталган инсандын бейнесин ачып берүүгө аракет кылып, ага элдин да, расмий бийликтердин да таасын баасын камтууга аракет кылдым. Бул максатка жетиш үчүн эки графага бөлүп, салыштыруу ыкмасын колдонуп, окурмандардын таразасына алып чыгууга бел байладым. Биринчиси, элдин, улуу муундардан азыркыга чейин жеткен малыматтары, пикирлери. Экинчиси, Кеңеш доорундагы архивдик материалдардын маалыматтары, мүнөздөмөсү. Элдик жана расмий документтердеги пикир кандай экенин ар бир окурман өзү калчап алсын деген пикирде салыштыруу иретинде берип олтурабыз. Ар бир окурман өзү туура тыянак чыгарат деген ойдобуз.

Демек, бизди кызыктырган маселелер Жаныбек казы Сагынбай уулу ким, ал кандай инсан болгон? Өз элине ат көтөргүс кызматы өткөн элдин адамыбы же зыяны тийген, талоончул, зордукчул, өз элинин душманыбы? Басмачы болгонбу же болгон эмесби? Кеңеш өкмөтү менен кандай мамиледе болгон? Кеңеш өкмөтүнүн жергиликтүү органдарына, алардын саясатына каршы чыккан, аларга душман болгон адамды өз элинин душманы дегенге канчалык негиз бар? Канчалык деңгээлде динге берилген, такыбаа болгон? Кээ бирлер ал Бухарадан диний билим алган деп жиберишти, бул чындыкка дал келеби?

Жогорудагыларды эске алуу менен биз анын өмүр баянына терең кайрылбай эле, ар тараптуу эки жактуу ишмердүүлүгүнө көңүлүңүздөрдү буралы.

Жаныбек казы Сагынбай уулунун чыныгы жүзү, кандай адам болгону, анын ишмердүүлүгү тууралуу ар кандай маанидеги, нуктагы чакан макалалар, эмгектер жарыяланып, ал киши тууралуу драма жазылып, Жалал-Абад областык драма театры элге тартууласа да ага толук тарыхый баа бериле элек.

Мына урматтуу окурман Жаныбек казынын же бир кишинин эки башка бейнеси. Биринчиси, эч бир архивдерде сакталбай, кагазга түшүрүлбөй, муундан муунга аңыз кеп катары элдин эсинде калганы. Элдин пикири сан жагынан расмий бийликтердин пикиринен аз болгону менен, ошол пикирлердин салмагы, орду, сапаты боюнча экинчи пикирден оор да, салмактуу да, олуттуу жана орундуу, басымдуулугу талашсыз экенин байкоого болот. Экинчиси, атайылап жасалгандай расмий бийликтердин документалдык, бир жактуу, терс мүнөздөгү тактамаларындагы ошол эле Жаныбек казы Сагынбай уулунун бейнеси. Кээ бир маалыматтарды окуп олтуруп, ошол убактагы жергиликтүү расмий бийлик органдары, ОГПУ - НКВД - КГБ сыяктуулар Жаныбек казынын бейнесин түзүүдө бурмалоого, туура эмес, атайылап жамандоого, бир жактуу, көп убакта такталбаган маалыматтарга таянып аракет кылгандай көрүнөт. Жаныбек казы сыяктуу аттуу-баштуу ак сөөктөр, эл сыйлаган, урматтаган бай-манаптар, бийлер Кеңеш доорунун саясий да, тарыхый да көз каршында, тарыхнаамасында таптык теорияга негизделип, бир беткей мүнөздөлүп, атайылап эле туура эмес пикирлер түзүлүп, убагында элди эки анжы ойдун туткунунда салган. Натыйжада көп инсандар көмүскөдө калып кеткен. Тилекке каршы Жаныбек казынын да терс образы көп жылдар бою биздин аң-сезимибизге, кулагыбызга, таанымыбызга сиңип калганы ачык көрүнүш.

Албетте, ар бир окурман жогорудагы бир адамдын эки жактуу бейнесин салыштырып, ошол Жаныбек казы Сагынбай уулу ким болгон: чындап эле элдин адамыбы же өз элинин душманыбы? - деген суроого өздөрү жооп табат, ар бир окурман өзүнүн адилеттүү, ар тараптуу тыянагын чыгарат деген пикирдебиз.

Эгерде эл арасындагы Жаныбек казы тууралуу маалыматтарга тереңирээк көңүл бурсаңыздар, чындап эле кыргыз элинин дагы бир чыгаан уулу, айтылуу дипломат, коомдук ишмер Ишенбай Абдыразаков айткандай, аны актоонун кереги жок. Мезгил талабына жараша ал өзүн-өзү эбак эле актап койгон. Аны актоодон коркуп да кереги жок.

Биздин, айрыкча тарыхчылардын олуттуу вазыйпасы ар түрдүү себептер менен узак убакка Ата Мекенинен, эл-жеринен алыс жүрүп, башка элде, башка жерде өмүр кечирген, өз элине, жерине кызматы өткөн, улуу муундагы, белдүү да, беделдуу да инсандардын атын азыркы жана келечек муун-дарга таанытуу экенин эстен чыгарбай жүрүүбүз абзел.

Эгемендүүлүк жылдары көптөгөн тарыхый ачылыштар болуп, тарыхый көз караш бир топ өзгөргөнү анык. Мисалы, ошол эле басмачылык кыймылга, Кеңеш өкмүтнө, кызыл террорго, массалык репрессияларга, карата тарыхый көз караш азыр таптакыр башкача. Ошого жараша аталган маселелерди тарыхый чындыкта чагылдыруу турмушка ашырылууда. Дал ушул таризден караганда, тарых барактарында тактала турган маселелердин бири катары Жаныбек казы Сагынбай уулу да өз баасын алууга татыктуу экени талашсыз.

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт