Үркүн - улут катары калыптанышыбызга терең таасир эткен окуя

- Author, Арслан Капай уулу Койчиев
- Role, Жазуучу, тарыхчы
Август айынын биринчи жумасы - Үркүндү эскерүү күнү.
Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин 2008-жылкы чечими менен жыл сайын август айынын биринчи жумасы 1916-жылкы улуттук-боштондук көтөрүлүшүн, анын курмандыктарын эскерүү күнү деп жарыяланган.
Үркүн - улут катары калыптанышыбызга, ошол улуттун мүчөсү катары ар бирибиздин адам катары калыптанышыбызга терең таасир эткен окуя.
Улут катары калыптануубузга тийгизген таасири ушу - ошол окуялардын оро-парасында орус оторчулугунан кутулуу, эгемен жашоо мүдөөсү көтөрүлдү. Үркүн окуяларынын катышуучусу, тарыхчы Белек Солтоноевдин сөзү, ошол замандын риторикасы менен айтканда, "кыргыздын абалтада өзүнчө турмуш жөнү болгон турбайбы", ошону калыбына келтирүүгө аттанышып, анын шарданы менен калың эл өз лидерлерин "хан" көтөрүштү. Башкача айтканда, хандыкты, мамлекеттүүлүктү түптөөгө умтулушкандыгын көрөбүз.

Көтөрүлүш аёосуз басылып, кыргыздар массалык кыргынга учурап, алсырап турса да, элдин алдыңкы, кашкөй өкүлдөрү мамлекеттүүлүккө умтулуу идеясынан баш тартышпаптыр. Анын мисалын изилдөөчүлөр Асель Даниярова менен Владимир Шварц экөөлөп жакында эле архивдерден таап чыккан документтерден көрөбүз. Көтөрүлүштүн жетекчилеринен саналган Исамүдүн менен Кемел Шабдановдор, айтылуу "Кайран эл" поэмасынын автору Ысак Шайбеков ж.б. 1920-жылы Ленинге кайрылып, "автономия" сурашкан экен. Башкача айтканда, Үркүн жана ага удаалаш жылдар улуттук изденүүгө түрткү берип, улуттук аң-сезимди ойготкон заман болуптур. Улуттук изденүүнүн эволюциясы ушунчалык ургалдуу, жигердүү жүргөндүгүн ушундан билиңиз - "хан" көтөрүп, өз алдынча "хандык" түптөөгө умтулган муундун аң-сезими эки-үч жылдын аралыгында "республикачыл" аң-сезимге, мамлекеттүүлүктүн "автономиялык республика" формасын түшүнүүгө жетиптир.
Ал эми, арадан бир кылым өтсө да Үркүн темасы, Үркүн кайгысы ар кимибиздин адам катары жетилишибизге да таасир эткен окуя дегенимдин жөнү мындайча. Ошол замандардан бери Үркүн темасы адабияттагы, искусстводогу үлкөн темалардан саналып, ондогон чыгармалар жаралды. Алардын айрым үлгүлөрү мектеп партасынан тарта окутулуп келет. Аны үйрөнүүнүн тажрыйбасын бүгүнкү күндүн уул-кыздары ар кимиси өз дареметине, шык-жөндөмүнө жараша өздөштүрүп, айрымдары жаңыча шартта, жаңы кырдаалда үркүн темасын улантуунун аракетин көрүүдө. Демек, Үркүн кайгысы - улуттун тагдыры тууралуу ой-толгоолорго булак боло турган, өчпөй турган тема.










