Блог: Кыргыздар социалдык аралыкты билгенби?

аксакалдар
    • Author, Арслан Капай уулу Койчиев
    • Role, Жазуучу, тарыхчы

Коронавирус пандемиясы тооруп, миңдеген кишилердин башын жутуп, эм болуучу аргасы табылбай жаткан чакта, андан коргонуунун чаралары айтылып, айрыкча, социалдык аралыкты сактоого басым жасалууда.

"Элиңди сүйсөң, эки метр аралыкты сакта!"-дегендей эле ураан ташталып, көпчүлүк мамлекеттер аны кыйшаюсуз аткарууда.

"Кап, дагы кечигип калыппыз, карантиндин шарттарын эртерээк жарыялаганыбызда, жүздөгөн кишилердин өмүрүн сактап калмак экенбиз!",- деп, жаны кашайып жаткан өкмөттөр да бар.

Ушундай шартта, Кыргызстанда социалдык аралыкты таңазар алгысы келбегендердин саны арбын болуп жатканы айтылууда. "Анын себеби эмне?" десең, андай чаранын кыргыз кулк-мүнөзүнө жат экендигин жүйө кармашат. Эски кыргыздар социалдык аралыкты сактай билишкендиги үчүн көчмөнчүлүк шартында ар кандай жугуштуу оору-сыркоолордон сактана алышкандыгын көрөбүз.

Бир-эки мисал тартайын. Кандайдыр бир жугуштуу оору чыкса, кыргыздар аны дароо обочолонтууга аракет кылышкандыгын айтылуу ырчы Өтөнүн тагдырынан билебиз. Кудай жалгап, Өтө аман калды, кийин даңкы таш жарган ырчы чыкты. "Иле дарыясынын боюн жайлап турушканда жерди кызганган коңшулар кыргыздарды үркүтүү үчүн алардын тегирменине чечек оорусунун кагын салып жиберишкен",-деп жазат Белек Солтоноев. Жугуштуу оорудан коргонуу үчүн кыргыздар Иледен көчө качышкан экен.

Эски кыргыздар социалдык аралыкты сактоо маданиятын жаңы заманга да алып өтүшкөн. Ага бир мисал келтире кетейин.

Белек Солтоноевдин мууну менен аралашып, Абдыкерим Сыдыковдун үзөңгүлөштөрү менен баарлашып, алардын тарбиясын алган Муса Рыскулбеков деген аксакал менен маектешип калдым. Көчмөн кыргыз ак сөөктөрүнүн - Чүйдүн манаптарынын урпагынан саналган аксакалга микрофон сунсам, эринбей, тажабай сүйлөп бергенинде токсон беш жашта болучу. Орус-тузем мектебине окууга түшкөнүн, Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахмановдор менен жолукканын, репрессия - кара көпөлөк жылдарында Өзбекстанга кире качканын, Бухара облусунун пландоо комитетинин жетекчиси кызматына жетишип, ошол жактан Искак Разаковго жолугуп калганын, кыскасы боз үйдө өткөн балалыгынан тартып, XXI кылымдын башындагы өзгөрүштөргө чейин сүйлөп берди.

Муса Рыскулбеков жана Арслан Капай уулу Койчиев
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Муса Рыскулбеков жана Арслан Капай уулу Койчиев

Тумоодон (грипп) жаңы оңоло баштаган кези экен. Ал киши өзүн эмес, мени аяп, "бир аз окчун отура көр, айланайын, грипптен жаңы сакайып келатам, сага жукпасын", - деп эскертти. Анын айтканын аткарып, микрофонду алыстан сундум.

Мен анын бул кадамынан кадимдеги кыргызга мүнөздүү сыпаа маданиятын гана көрдүм.

Ал кишинин чоң таякелери Кетмен-Төбөлүк манаптар экенин билчү элем. Тайларынын рухуна сыйынып, эргүү менен эскерип жатканда да, Кетмен-Төбөдөн болоорумду айтпай отура бердим.

Кетээримде гана, "каяктан болосуң?" деп сурады. "Токтогулдан. Кетмен-Төбөдөн", - дедим. Токсон беш жаштагы Муса Рыскулбеков аксакал улук башын кичик кылып, ордунан тура калды. "Таякелеримен болот турбайсыңбы!" - деп кадимкидей сүйүндү.

Ошондо да каадасынан жазбай, тумоодон жаңы айыкканын айтып, колумду кысууга уруксат сурады.

Тарыхтагы болгон окуяларды, эски кишилердин өзүм күбө болгон жүрүм-турумун эстеп отуруп, кыргыздарда социалдык аралыкты сактоонун маданияты болгон экен деп ойлоп койдум.

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.